Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

“Сулуулук айланабызда” деп аталган көргөзмө өтөт


“Ак мунарык”. Сүрөтчү: З. Казыбаева
“Ак мунарык”. Сүрөтчү: З. Казыбаева

1-мартта Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт үйүндө баштала турган саамалык 8-март – аялдардын эл аралык майрамына арналган. Анда чебер Зуура Умарованын 40тан ашык эмгеги коюлат. Аларда негизинен тери, кагаз, кийиз, картон колдонулган. Ошондой эле таштардан кооздолгон мозаикалар бар. Көргөзмө марттын этегинде аяктайт. Зуура Умарова кесиби боюнча инженер-энергетик. Азыркы тапта пенсияда жана поэзия, флористика, жасалгалоо, кооздоо иштери менен алектенет. (NT)

XS
SM
MD
LG