Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Дүйшөмбүдө Кыргызстан менен Тажикстандан өндүрүлгөн энергияны Ооганстан жана Пакистанга чыгарууга жол ачкан CASA-1000 долбоорунун ачылышы болду.

Стратегиялык долбоордун биринчи этабында 477 чакырымга жогорку чыңалуудагы Датка-Хожент электр линиясы тартылат. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык системасын туташтырат. Андан соң 750 чакырым келген Тажикстандан Ооганстан жана Пакистандын Пешавар шаарына электр линиясы тартылууга тийиш.

CASA-1000 долбоорунун башкы инвесторлору: Дүйнөлүк банк, Ислам өнүгүү банкы, Европа инвестициялык банкы жана Европа реконструкция жана өнүгүү банкы.

Дүйнөлүк банктын Түштүк Азия боюнча директору Аннет Диксон “Азаттыкка” курган маегинде долбоордун төрт мамлекет үчүн маанисине токтолду.

"Азаттык": Аннетт айым, CASA-1000 долбоорунун Борбор Азия жана Түштүк Азия үчүн мааниси кандай?

Аннет Диксон: CASA-1000 долбоору эң оболу Тажикстан, Кыргызстан, Ооганстан жана Пакистан үчүн маанилүү долбоор. Ал төрт өлкөнүн энергетика тармагында биргелешип кызматташуусуна өбөлгө түзөт. Тажикстан менен Кыргызстанда жай айларында электр энергиясы кенен. Эки республика ашыкча электр энергияны май-сентябрь айларында Түштүк Азияга, Пакистанга жана Ооганстанга экспорттоп, андан түшкөн каражатты кышкы электр энергиянын таңкыстыгын жабууга колдоно алат.

CASA-1000дин башкы баалуулугу - мамлекеттердин калкы үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүдө.

Андан тышкары долбоор төрт тарапка тең керектүү соода-сатык байланыштарын өрчүтүүгө жана Борбор Азия менен Түштүк Азиянын калкынын бакубатчылыгын камсыздоону көздөйт. Ооганстан долбоордун алкагында борбор азиялык өлкөлөрдү Түштүк Азия менен бириктирип турчу транзиттик өлкө катары турат. Бул да болсо Ооганстандагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту жакшыртууга көмөк берет.

Келечекте мындай энергетикалык төртиликке башка мамлекеттер кошулуп, жалпы эле чөлкөмдө үзгүлтүксүз электр энергиянын системасын камсыз кылат. Анткени электр энергиясы бир тараптуу экспортко гана чыкпастан, аны өлкөлөр ортосунда импорттоп алууга дагы шарт түзүлүүдө.

"Азаттык": Мындай стратегиялык долбоордо эл аралык уюмдардын көмөгү канчалык деңгээлде?

Аннет Диксон: CASA-1000 долбооруна эл аралык уюмдардын колдоосу чоң. Долбоордун наркы - 1,1 миллиард доллар. Каржылоочу тарапка долбоорго кирген төрт өлкөнүн демилгесин колдоп чыккан жети башкы уюм кирет.

Долбоор өлкөлөр ортосундагы бардык көйгөйлөрдү чечүүгө болоорун көрсөтүп турат. Бул региондогу өлкөлөрдүн бир гана энергетика тармагында эмес, башка багыттар боюнча кызматташуусуна өбөлгө берет. Ошондой эле CASA-1000дин башкы баалуулугу - мамлекеттердин калкы үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүдө.

Долбоор уникалдуу жана келечеги кең. Биз азыр 10 жыл мурун көрөгөчтүк менен макулдашылган идеяны төрт мамлекет кантип иш жүзүнө ашыра баштаганын көрүп турабыз.

"Азаттык": Сиз бул долбоордун келечегин кандайча баалайсыз?

Аннет Диксон: Долбоор уникалдуу жана келечеги кең. Биз азыр 10 жыл мурун көрөгөчтүк менен макулдашылган идеяны төрт мамлекет кантип иш жүзүнө ашыра баштаганын көрүп турабыз. Өлкө жетекчилеринин жана долбоорду каржылоочу эл аралык уюмдардын чечкиндүүлүгү дагы байкалып турат. Бул зарыл учурда өлкөлөр биригип, чет элдик инвесторлордун колдоосу менен ортодогу көйгөйдү биргелешип чече аларына мисал.

CASA-1000 долбоорунда жергиликтүү калкка жардам берүү программасы дагы каралган. Жалпы эле долбоордун жана ошондой эле мамлекеттер андан тапкан кирешесинин бир бөлүгүн электр энергиясынын жогорку чыңалуудагы линиясын бойлой жашаган жергиликтүү элге колдоо көрсөтүүгө жумшалышы керек.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG