Кадамжай районундагы фестивалда жыты буркураган алмалар көргөзмөгө коюлду. Жармаңкеде алманын 20 чакты сорту, андан жасалган суусундуктар жана тамак-аштын түрлөрү көрсөтүлүп, алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн алма сатуу менен алектенген ишкерлер келишти. Иш-чарага Өзбекстандын Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев да катышып, Баткен облусунун жетекчилиги менен жолугушуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Алма фестивалын Компаньон банкы уюштурду. Алардын белгилөөсү боюнча, иш-чаранын негизги максаты аймакта өндүрүлгөн 20 миң тоннадан ашык алманы жакшы баа менен ири базарларга сатуу жол-жоболорун жеңилдетүү. Компаньон банкы 11 жылдан бери Кыргызстандын ар кайсы аймагында алма фестивалын уюштуруп келет.(JsA)