Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Дүйнөлүк банк: Быйыл тамак-аш арзандайт


Тойдогу дасторкон.
Тойдогу дасторкон.

Европанын кайра куруу жана өнүгүү банкы кыргыз экономикасы былтыр 10.5% өстү деген тыянакка келди. Бишкек фондулук биржасындагы соода көлөмү эки эсеге көбөйдү. Ал эми Дүйнөлүк банк быйыл тамак-аш дээрлик 4% арзандайт деп болжоду.


ДБнын жаңы максаты - экономикалык теңсиздик жок кылуу

Дүйнөлүк банк өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгарып, 2014-жылга өзүнүн болжолун чагылдырган көлөмдүү баяндамасын жарыялады. Вашингтондогу банк жалпысынан быйылкы жыл глобалдык экономика үчүн салыштырмалуу туруктуу болоорун ырастады. Андай болгону менен, резервдик улуттук банктардын үстөк пайыздарын жогорулатуусу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн валютасынын кунуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Наркы калкып турган валюталар (валюты с плавающим курсом) өзгөчө олку-солкуга дуушар болушу ыктымал. Мурдагы советтик мамлекеттерден болгону Грузия жана Молдованын акчаларынын курсу өйдө-ылдый болуп, бир калыпта эмес.

"Акыркы беш жыл ичинде өнүккөн өлкөлөр алгачкы жолу дүйнөлүк экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошушту жана алардын экономикалары өстү. Бул албетте, орто жана аз кирешелүү мамлекеттерге да оң таасир тийгизет. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр каржы каатчылыгынан башкалардан мурдараак чыккан. Ошондуктан аларда быйыл экономикалык өсүш жай болот", – деди баяндаманын башкы автору Эндрю Бөрнс.

Дүйнөлүк банктын президенти Жим Йоң Ким.
Дүйнөлүк банктын президенти Жим Йоң Ким.
"Дүйнөнүн экономикалык өнүгүшү" докладында Дүйнөлүк банк 2013-жылы жер жүзүндөгү жалпы дүң өнүм 4.6% өскөнүн белгилеп, бул өсүш 2016-жылы 4% басаңдаарын божомолдоду. Аталган баяндамада 2014-жылы дүйнө боюнча айрым сырьёлорго баалар арзандары айтылган. Мисалы, быйыл түстүү металлдардын наркы 1.7% түшөт. Анын ичинде алтындын куну 13.6% ылдыйлашы мүмкүн. Жер семирткичтер 11.7% жана айыл-чарба товарларынын (продукция) баасы 2.5% түшөт деп боолгоду Дүйнөлүк банк. Ал эми тамак-аш быйыл 3.7% арзандашы күтүлүүдө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өлкөлөрүнүн жалпы дүң өнүмү быйыл 4.5% өсөт деп ырастады Дүйнөлүк банктын КМШ боюнча адиси Мизухо Кида:

Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан өңдүү отун экспорттоочулардын экономикалары былтыр отун керектөөнүн жогорулашынан улам өстү. Кыргызстан, Молдова жана Тажикстан сыяктуу четтен акча которууларга көз каранды болгон өлкөлөрдүн экономикалары быйыл дагы дал ошол тыштан келген каражаттан жана экспорт көлөмдөрүнүн өсүшүнөн колдоо табышат.

Дүйнөлүк банктын алдына койгон жаңы максаттарынын бири экономикалык теңсиздикти жок кылуу.




Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?

Вашингтондон Лондонго келсек. Европанын кайра куруу жана өнүгүү банкы дагы өзүнүн докладын жарыялады. Өткөөл экономикаларга байкоо салган баяндаманын автору, банктын башкы экономисти Эрик Берглоф 2014-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө анын ичинде Европанын кайра куруу жана өнүгүү банкына мүчө болгон Кыргызстанга кеңири токтолгон.

Эрик Берглоф.
Эрик Берглоф.
Кыргыз экономикасы былтыр божомолдонгон 6.5% көп өсүп, жалпы дүң өнүм 10.5% жогорулады. Аны менен бирге Кыргызстанга тартылган түз чет элдик инвестиция да өстү. Ал эми эмгек мигранттары которгон акчанын көлөмү олуттуу өзгөргөн жок жана жалпы дүң өнүмдүн 29% түздү. Баяндаманын авторлору Кыргызстан 2014-жылы отун-энергетика секторун жаңылоого жана банк системасын тыкыр көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурушу керек деп эскертишти.

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы жумада бир долларга кымбаттап, учурда 1257 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну да көтөрүлдү. Азыркы тапта "Центерранын" баалуу үлүш кагаздары 25 центке жогорулап, бир акциянын наркы – 4 канада доллары 41 центти түздү. Чийки мунай бир долларга көтөрүлүп, баррели 97 доллардан сатылууда.

Бишкектеги баалуу кагаздар рыногундагы сооданын көлөмү акыркы аптада көбөйүп, 2 миллион 914 миң сомго барабар болду. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча, Кыргыз кездеме-нооту комбинатынын (комвольно-суконный комбинат) акциялары 1 миллион 596 миң сом менен алдыңкы сапка чыкты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG