Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Нигерияда «Боко Харам» 300 кызды уурдап кетти


Вашингтондогу Нигериянын элчилигинин алдына нааразылык акциясына чыккандар, 6-май, 2014.
Вашингтондогу Нигериянын элчилигинин алдына нааразылык акциясына чыккандар, 6-май, 2014.

Африканын Нигерия өлкөсүндө мектепте окуган кыздардын массалык уурдалганы жөнүндө кабар дүйнө жүзүнүн үрөйүн учурду. Кошмо Штаттар кыздарды издеп таап куткаруу үчүн адистердин тобун жиберди. “Боко Харам” деген исламчыл уюм өспүрүм кыздарды барымтада кармап турган видеосун таратты.

АКШ президенти Барак Обама Нигерияга жөнөгөн топтун ичинде аскер кызматкерлери жана барымтадагыларды бошотуу боюнча атайын адистер бардыгын билдирди. Аны менен бирге Обама “Боко Харам” уюмуна каршы чара көрүүгө дүйнө коомчулугун чакырды.

14-апрелде “Боко Харам” тобунун мүчөлөрү Нигериянын кооптуу түндүгүндөгү Борно провинциясындагы Чибок кыштагында 12ден 15 жашка чейинки кыздарды эки жүк ташуучу машинеге жүктөп кетишкен. Нигерия полициясы ушул тапта 276 кыздын дайны жоктугун билдирет. Өткөн аптада болсо дагы 11 кыз исламчыл топтун колуна түштү.

Экстремисттик топ тараткан видеодо 230 кызды күңдүккө сатабыз деп коркутушат. Андан бери өлкөнүн бийликтери уурдалган кыздарды табуу аракетин көрүп жатабыз дегени менен майнап чыга элек. Ал тургай маанилүү маалымат үчүн 300 миң доллар берилээри кабарланды. Кыздардын жакындары болсо бийликтер кыздарды табууга белсенип киришпей жатканын айтып, жараткандан жардам сурап ыйлашат.


«Боко Харам» эмне болгон топ?

Нигериянын түндүгүн байырлаган «Боко Харам» исламчыл экстремисттик тобу өкмөттү кулатып, ислам мамлекетин курууну көздөйт. Арабча “Пайгамбар менен жихаддын таалимин таратууга берилген адамдар” деп аталган топ “Боко Харам” деген ат менен кеңири белгилүү. Жергиликтүү элдин тилинде “Батыштык илим-билимге тыюу салынат” деп которулат.

Топ өлкөнүн түндүгүндөгү Борно штатынын Майдугури шаарында орун таап, Нигериянын жарды, туруксуз, мусулмандар жашаган түндүк тарабында таасирдүү.

Топту түзгөн фундаменталисттердин көз карашында Батыштын илим-билими менен байланышкан бардык нерселер, анын ичинде шайлоого, коомдук иштерге катышуу, светтик билим алуу, заманбап үлгүдөгү кийим-кече кийүү «арам» деп саналат. Мындай караңгы көз карашты таңуулаганы үчүн бул топту “Нигериянын Талибаны” деп дагы атап коюшат.
"Боко Харамдын" лидери Абубакр Шекау (ортодо), 25.09. 2013
"Боко Харамдын" лидери Абубакр Шекау (ортодо), 25.09. 2013

«Боко-Харам» кайдан чыккан?

2002-жылы Майдугури шаарында имам Мохаммед Юсуф түптөгөн. 1990-жылдары Юсуф жаштардын исламчыл радикалдык кыймылын жетектеген. Адегенде билим алууга кызыктар Юсуф медресе куруп, анда кембагалдардын балдарын окуткан. Өз өлкөсүндөгү толгон-токой көйгөйдүн баарын мурдагы оторчу Британия баштаган Батыш жасап жатат деп түшүнгөн имам өкмөтүү кулатууга чакырык таштаган. 2009-жылы кырдаалдын курчушуна топтун мүчөлөрү менен полициянын кагылышуусу түрткү берген. Кандуу кагылышта жалпысынан сегиз жүздөй киши өлүп, анын ичинде “Боко-Харамдын” жүздөгөн мүчөлөрү жок болгон. Полиция топтун штабын курчоого алып, Юсуф абакка түшүп, ошол жакта көз жумган.

Юсуфтун мураскору Абубакр Шекау топту жетектей баштагандан тарта «Боко Харам» жашыруун уюмга айланып, бир нечеге ажырап, Нигер жана Камерун өлкөлөрүнө чейин кирип кеткен.

«2009-жылдан тарта топ ишмердүүлүгүн өзгөрткөн” дейт Лондондогу Чатем-Хаус институтунун изилдөөчүсү Сола Тайо. – Алар айосуз зобун-зордук көрсөтүүгө өтүшкөн. Ырайымсыз топтун мүчөлөрү заманбап курал-жабдык менен чопкуттанып, кан төгүүлөрдү ишке ашырган».

2009-жылы «Боко Харам» үч миң кишиге өлүм жарыялаган. Өткөн жылы эле бул экстремисттик топтун колунан 1 жарым миң киши көз жумганын эл аралык «Эмнести Интернэшнл» уюму белгилейт. Ошондон бери радикал уюм аймактагы коопсуздук күчтөрүнө, чиркөөлөргө, мектептерге байма-бай кол салып, христиандарга жана өкмөт менен кызматташат деп шек санаган мусулмандарга чабуул коюп, бейкүнөө адамдардын канын төккөн учурлар кездешет. 2011-жылы Абужадагы Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн кеңсесине кол салып, анда 20 киши набыт болгон.


«Ал-Каида» менен байланышы барбы?

«Ал-Каида» менен Африканын түндүк-батышындагы «Исламчыл Магриб» жана Самолидеги «Ал-Шабаб» экстремисттик тобу, «Аравия жарым аралындагы Ал-Каида» топтору аркылуу байланышы бардыгын Кошмо Штаттар билдирген. Конгресстин 2011-жылдагы баяндамасында “Боко-Харам” Кошмо Штаттарга “коркунуч туудура баштаганы” белгиленген. "Топтун өз ара маалымат алмаша турган байланыштары бар – деп белгилейт Тайо. - Ошол эле маалда «Боко Харам» салган жаңжалдар негизинен Нигериянын аймактарында гана болгондуктан, «Ал-Каида» менен тыгыз байланыштабы же жокпу – талаштуу суроо».

Ал эми өткөн жылы Камерундун түндүгүндө француздарды уурдагандан кийин бул экстремисттик топ Африкада Нигериядан башка өлкөлөргө дагы жайыла баштаганы айтылган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG