Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Интернеттен түшпөгөн миллионер мышыктар


Жапониядагы "Тама" аттуу мышык
Жапониядагы "Тама" аттуу мышык

8-августта дүйнө эл аралык мышык күнүн белгиледи. Акыркы мезгилде бул жаныбарларды жөн эле чычкан карматпай, бизнестин булагына айланткандар да арбыды. Маселен, “Нааразы мышык” деген дүйнөгө таанымал жаныбардын эки жылдык кирешеси 64 миллион фунт стерлинг деп эсептелген.

Интернет адам баласына эле эмес үй жаныбарларына да көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Айрыкча мышыктар интернеттеги популярдуулугу менен акыркы мезгилде ээсинин чөнтөгүн кампайткан киреше булагына айланды.

The Telegraph гезити мындай мышыктардын башына америкалык Grumpy cat же кыргызча “Нааразы мышыкты” койду. Бул жаныбардын менеджери, жарнама агенттери жана бир нече кызматкери бар. Дүйнөлүк желеде сүрөттөрү, видеосу укмуштай тездик менен тарап, андан түшкөн киреше ээсин миллиондогон каражатка марытып жатат. Интернеттеги башка мышыктардын видео-сүрөттөрүнүн жалпы кирешеси жылына 32 миллион доллар болууда. Мышыктарга байланышкан веб-сайтты иштеткен англиялык Бен Хахтын айтуусунда, 2007-жылы бул ишти баштап жатканда мынчалык кирешелүү болот деп үч уктаса түшүнө кирген эмес: “Биз бул бизнести баштарыбыз менен мышыкка байланышкан сүрөт, видеолорду көргүсү келгендердин, андан акчасын аябагандардын саны аябай көп экенин тез эле байкадык. Мышык сүрөтү менен ишкердигибизди аябай эле алдыга жылдырдык”, - деген The Telegraph гезитине.

Мышыктардын адамга жакын жана жарнаманын ийгиликтүү бети боло аларын көптөгөн ири компаниялар да жакшы түшүнүп, өз максаттарында колдонушууда. Маселен, Европадагы эң ири уюлдук оператор О2 жана Skittles шоколад компаниясы өз жарнамасында мышыкты колдонууда. 2011-жылы Британиядагы Cravendale Milk’s фирмасы мышык менен тартылган жарнамасын чыгарары менен аны көргөндөрдүн саны бир күндө эле 7 миллионго чыгып, кирешеси 10% арткан. Ошол эле мезгилде так ушул фирманын уй менен тарткан жарнама ролигин көргөндөрдүн саны 220 миңден ашкан эмес.

Лондондогу The Partners brand аттуу кеңеш берүүчү компаниянын стратегиялык директору Ури Баручиндин айтуусунда, мышыктар жарнама секторундагы лидерге айланып бара жатат. Ал эми Viral Factor жарнамалык агенттигинин жетекчиси Мэтт Смит: “Мышык менен тартылган фото же видео жарнама биздин жумушта киреше алып келүүчү эң чоң күчкө айланат. Андыктан интернеттеги ар түрдүү мышыктардын сүрөтүн сатып алуу да чоң бизнеске айланды”, - дейт.

Кыргызстанда 1000 долларга мышык алса болот

Кыргызстанда азырынча мышыктардын бизнестеги потенциалы колдонула элек. Ошентсе да бизде кымбат баада сатылган асыл тукум мышыктар бар экенин интернеттеги жарнамалардан биле алдык. Маселен Бишкекте британ тукумундагы сапсагай мышыктын баласынын эң арзаны 100 доллар, эң кымбаты 1000 доллар экен:

- Апапакай, бирок куйругу менен кулагында кичине кара тагы бар, кийин чоңойгондо ал так жоголуп кетет. Булардын энеси МФАнын чемпиону, башкача айтканда, Эл аралык филинисттер ассоциациясынын чемпиону. Асыл тукумдуу мышыктар. Кичине саргычынын баасы 100 доллар, актары 300 доллардан сатылат. Менде алтын этикеткаланган мышыктын мыйы да бар, анын баасы эгерде биттетпейбиз десеңер миң долларга, биттетип үйгө кармайбыз десеңер 600 долларга беремин.

Мындай кымбат баасынан улам Бишкекте мышык сатып алган кардарлар барын билсе болот. Бирок бизде азырынча үй жаныбарларын жарнамалоо жана онлайнда сүрөтүн коюп, бизнес жасоо жолу баштала элек.

Ошентсе да мышыктар дүйнөдөгү эң эле популярдуу жаныбарлар. Алардын жалпы саны 600 миллион. Америкалыктар жылына 41 миллиард долларды үйдөгү ит-мышыгын багуу үчүн коротот. Акыркы мезгилде мышык, иттердин медицинасы да кымбат, бирок кеңири жайылган бизнеске айланды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG