Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Европа Немцовдун өлүмүн кылдат иликтөөнү талап кылды


Европарламент резолюцияга добуш берүүдө
Европарламент резолюцияга добуш берүүдө

Бейшемби күнү Европарламент жактырган резолюцияда киши колдуу болгон оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмү “Орусиянын соңку тарыхындагы аёосуз адам өлтүрүү” деп көрсөтүлүп, Кремлдин пропагандасы Орусияны “репрессиянын, жек көрүүнүн жана коркутуунун” машинесине айлантты деп айтылат.

Европарламент 27-февралда Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн Немцовдун өлүмүн кылдат жана көз карандысыз иликтөөгө чакырганы менен бир катар депутаттардын сөзүнө караганда алар буга ишенбейт.

Көз карандысыз иликтөөнүн маанисине токтолгон Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесин тейлеген Федерика Могерини буга чейин Кремл менен диалогго ыктап турса, бул жолу кескин сүйлөдү:

- Орус бийликтери Борис Немцовдун өлтүрүлүшүн кылдат гана иликтөөгө жооптуу болбостон, өлкөдө бирөөдөн шек саноону, жек көрүүнү жана башкача көз караштагыларды кодулоо атмосферасын күчөттү. Адам укуктарынын негиздерин, анын ичинде сөз эркиндиги менен ой-пикир билдирүү эркиндигин камсыздоону Улуттар уюмуна мүчө ар бир өлкө аткарууга милдеттүү экенин эске салгым келет.

Могерини Борис Немцовго чейин Путиндин башкаруусундагы Орусияда саясий оппозиционерлер, журналисттер, укук коргоочулар буюртма өлүмгө туш болгонуна дагы бир ирет токтолду. Наталья Эстемирова, Анна Политковская, Станислав Маркелов, Сергей Магнитский баштаган саясий режимдин башка курмандыктары Европарламенттеги талкууларда бир нече жолу айтылган.

Бейшемби күнкү талкууга катышкан Латвиянын экс-тышкы иштер министри Сандра Калниете:

- Борис Немцовдун өлүмү – өлкө тагдырын бурчу окуя. Бул Путиндин режиминин жалпы дүйнөгө жиберген саламы. Ал "өз бийлигибиз менен биздеги диктатураны сактап калууга колдон келгендин баарын жасайбыз" деген билдирүү. Кабыл алынган резолюция саясатчынын өлтүрүлүшүн айыптап, аны кылдат иликтөө жоопкерчилигин орус бийликтеринен талап кылат. Ошондой эле Орусиядагы саясий туткундарды, украиналык аскер кызматкери Надежда Савченкону, эстон полициясынын кызматкери Эстон Кохверди бошотуу талабы да бар. Савченкону Украинанын, Кохверди Эстониянын аймагынан орусиялык атайын кызматтар кармап кеткени белгилүү.

Эстониянын экс-министринин жаңы резолюция Европа менен Орусиянын мындан аркы алака-катышын аныктай турган документ деп белгиледи.

Немцовдун саясий санаалашы, РПР-ПАРНАС партиясынын тең төрагасы Михаил Касьянов Европарламенттеги жыйынга катышып, европалыктарды Орусиядагы окуяларга көңүл буруп гана тим болбостон, Европа чапчаң саясат жүргүзүүсү керектигин эскертти:

- Путиндин кылганына назар салып гана отурбастан, жаңжалдын, агрессиянын күчөшүн токтотуп, Путиндин агрессивдүү жана жоопкерчиликсиз саясатына бөгөт коюу зарыл.

Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Орусиянын мыйзамдарына ылайык атайын органдар менен кызматтардын иликтөөсү улантыларын” Ассошиэйтед пресс агенттигине айтты. Европарламенттин резолюциясына чейин Орусиядагы адам укуктары кеңешинин мүчөсү Андрей Бабушкин Немцовдун өлүмүнө шектелип, “Лефортово” абагында жаткан Заур Дадаев менен жолугуп чыккандан кийин тергөөчүлөр суракка чакырган.

Бабушкин Дадаев камакта кыйноого кабылганын, анын денесиндеги тактарды көргөнүн айтып чыккан. Тергөө комитетинин иликтөөчүлөрү ага мындан ары камактагылар менен жолуга албай калышы мүмкүндүгүн дагы эскертишкен.

Бабушкин менен чогуу камактагы шектүүлөргө жолуккан “Московский комсомолец” гезитинин журналисти Ева Меркачева да Тергөө комитетинде күбө катары сурак берген.

Заур Дадаев - Орусиянын Ички иштер министрлигинин Чеченстандагы “Север” батальонунун кол башчысынын мурдагы орун басары болгон. Ал бул кызматтан Немцов өлтүрүлгөн күндүн эртеси өз арызы менен кеткени маалым болду.

Дадаев кармалган соң Немцовду өлтүргөнүн дароо моюнуна алганын Орусиянын күч органдары кабарлашкан. Ал эми Кремлге жакын медиа каражаттары Дадаев мындай кадамга “Немцовдун Орусиядагы мусулмандар жана Мухаммед пайгамбар тууралуу айткан терс сөздөрүнөн улам барганын” жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG