Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Гүл сатуунун гүлдөй кирешеси


Түркмөнстандагы гүл базар, Ашхабад
Түркмөнстандагы гүл базар, Ашхабад

Гүл сатуу өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өндүрүш тармагындагы ири сектор. Буга жыл сайын гүл сатуудан айланган капиталдын суммасы 26 миллиард доллар экени далил.

Дүйнөдө гүлдү эң көп сатып алуучу өлкөлөр негизинен Европада болсо, аны өндүрүп, киреше тапкандар Түштүк Америка жана Африка чөлкөмүндө. Айрыкча майрамдарда гүл сатуу ишмердиги жанданып, андан түшкөн киреше миллиарддаган долларга жетет дешет эл аралык эксперттер.

Нью-Йорктогу байлар түштөнгөн ресторандар кымбат баалуу гүлдөр, сейрек жоогазындар, розалар жана жазгы байчечекейлер менен кооздолгон. Бул жайда өсүп турган гүлдүн баасы андагы тамак-аш же башка буюмдардан да кымбат туруп, Африка, Европа жана Калифорниядан келген экзотикалуу меймандар сыяктуу кабыл алынарын айта кетели.

Нью-Йорктун саркеч, бай тургундары аптасына 10 миңден ашуун долларды гүл сатып алууга сарптайт деп жазат The Economist журналы. Арабдар мунайга, индиялыктар кыздын себине эсепсиз акчаны короткондой эле байгер ньюйорктуктар гүлдөн акчасын аяшпайт. Айрыкча Манхэттендеги 28-көчөдөн муздаткычтардагы түркүн-түстүү, жыпар жыттуу гүлдөрдү челеги менен, топ-тобу менен саткан дүң соодагерлердин жылдык кирешеси 18 миллиард доллар деп эсептелген.

Бишкектеги гүл саткан дүкөн. 18-март, 2013-жыл
Бишкектеги гүл саткан дүкөн. 18-март, 2013-жыл

Жайнаган гүлдөрдүн соодасы айрыкча жаңы жылдык майрамдар, энелер күнү жана сүйүшкөндөр күнү сыяктуу даталарда арбыйт.

Гүл сатып алуучу өлкөлөрдүн топ башында 22 процент менен Германия, экинчи орунда 15 процент менен Америка Кошмо Штаттары, үчүнчү орунда 10 процент менен Франция жана Британия турса, андан кийинки катарда Нидерландия, Жапония жана Швейцария келет.

Ал эми гүлдү эң көп экспорттогон өлкөлөрдүн башында Колумбия (78%), Эквадор (15%) жана башка Африка өлкөлөрү турат. Американын Экономикалык анализдөө тобунун 2014-жылдын июль айындагы маалыматы боюнча, дүйнөдө гүлдү чекене сатуудан түшкөн пайда 2013-жылы 25,7 миллиард доллар болгон. Бул көрсөткүч мындан бир нече жыл мурда, тактап айтканда, 2002-жылы 24,3 миллиард доллар эле.

Акыркы мезилде Африканын Кения, Танзания сыяктуу экономикасы чабал өлкөлөрү гүлдү чет өлкөгө импорттоо менен киреше табуунун жаңы жолун ачты дейт Africa Business Magazine журналы.

Латын Америкасындагы өлкөлөр өстүргөн гүлүн АКШ, Европа жана Жапония сыяктуу Азия өлкөлөрүнө сатууга умтулат. Ал арада кызгалдактардын өлкөсү катары таанымал Голландиянын гүл өстүрүп саткан Flora Holland компаниясынын соодадагы жалпы айланган капиталы 5 миллиард доллар деп бааланды. Ал эми Британиядагы Homegrown Ltd компаниясынын жылдык кирешесин серепчилер 2012-жылга 500 миллиард доллар деп эсептешкен.

Кыргызстанда гүл теплицалары жетишсиз

Кыргызстанда да Жаңы жыл, 8-март, 14-февраль жана 1-сентябрь күндөрү гүл соодасы кызып, гүл саткандар "жылдык кирешени таап алабыз" дешет. Биздин базарларда сатылган гүлдүн болжол менен теңинен азы гана жергиликтүү теплицаларда өстүрүлөт. Бишкек шаарында интернет аркылуу гүл сатуу менен алектенген Greenland аттуу ишкананын кызматкери Юлиянын айтымында, алардын дүкөнүндө аптасына миңдей роза сатылат. "Бир розанын баасы 70 сомдон 150 сомго чейин", - дейт Юлия.

8-мартта гүл сатып алып жаткандар. Бишкек, 2013-жыл
8-мартта гүл сатып алып жаткандар. Бишкек, 2013-жыл

Ал эми 8-март сыяктуу майрамдарда бир күндө 5 миңге чейин жоогазын сатылган учурлар болот. "Бирок Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр жергиликтүү базарды толук камсыздай албагандыктан гүл сатуучулар Колумбия, Голландия сыяктуу өлкөлөрдөн гүл алып келүүгө мажбур", - деп кошумчалады Юлия:

- Голландиядан гүл алып келүү жергиликтүү теплицалардан сатып алганга караганда бир топ арзанга турат. Анткени ал жакта атайын адистешкен, гүл сатууга ыңгайлашкан плантациялар бар эмеспи. Алар аз акчага аябай көп сандагы гүл өстүрүшөт. Бизде болсо гүлдү жеке адамдар үйлөрүндө газ, свет, көмүр коротуп араң өстүрүшөт. Маселен, Голландиядан дүңү менен жоогазын сатып алсаңыз, бир даанасы 60 сомдон болот. Ал эми жергиликтүү жоогазын болсо 85 сомдон. Кыргызстан Голландия сыяктуу гүл экспорттоочу өлкө болбой эле өз базарын гүл менен толук камсыз кылса, чоң жетишкендик болмок да. Бизде болсо жоогазынды 8-мартка гана жылына бир жолу өстүрүп, сатыкка чыгарышат эмеспи.

Дүйнө жүзү боюнча гүл базарында эң көп сатылган гүлдөрдүн башында роза, хризантема, жоогазын, лилия, гербера, гвоздика жана фрезия турат. Пайда алып келгени менен гүл сатуу бизнеси ага киришкендерди опурталдуу абалга салуучу учурларга да бай дешет адистер.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG