Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Теннис: өзбекстандык Истомин Новак Жоковичти утту


Өзбекстандын теннисчи Денис Истомин.
Өзбекстандын теннисчи Денис Истомин.

Австралиянын теннис боюнча ачык чемпионаты- Australian Open-2017нин экинчи айлампасында Өзбекстандык Денис Истомин күтүүсүздөн дүйнөнүн экинчи мыктысы саналган Новак Жоковичти утуп алды.

“Мельбурн-парк” кортунда өткөн таймаш 30 жаштагы Истоминдин пайдасына жыйынтыкталды. Каршылаштар кортто жалпысынан төрт саат 48 мүнөт мелдешти.

Australian Open-2017 турниринин 21-январь күнү өтө турган үчүнчү айлампасында Истомин испаниялык Пабло Карреньо-Бусто менен жолугат.

Денис Истомин таймаштан соң жеңиш өзү үчүн да күтүүсүз болгонун жана бул анын карьерасындагы ушул таптагы эң чоң жетишкендик экенин айтты.

Истомин Мельбурнга келгиче дүйнөлүк рейтингде 119-орунда гана болчу.

XS
SM
MD
LG