Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Иран: Аятолла президентке ачык каршы чыкты


Аятолла Али Хаменеи
Аятолла Али Хаменеи

Иранда президенттик шайлоо жакындаган сайын өлкөнүн жогорку рухий көсөмү менен президенттин ортосундагы ажырым так көрүнүүдө. Аятолла Хаменеи баштаган консерваторлор Тегерандын Батыш менен ымала түзгөн саясатын сындоону улантууда.

Иранда президенттик шайлоо 19-майда өтөт. Ал эми Аятолла Али Хаменеи жана ал колдогон адамдар менен президент Хасан Роуханинин ортосундагы ажырым тереңдөөдө.

30-апрелде Хаменеи Батыш менен жакындашуу согуш коркунучун азайтты дегени үчүн президент Роуханини сындады.

- Биз баарын колго алгандан тарта "өлкөнү согуштан сактап калдык" деп айрымдар айтып атышат. Жок. Ал туура эмес. Өлкөнү агрессия менен чет душмандардын басып кирүүсүнөн эл гана сактап келатат, - деди Ирандын рухий көсөмү​.

Көп жылдык сүйлөшүүлөрдөн соң, 2015-жылы Иран жана дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү өзөктүк программа боюнча мунасага келишкен. Батыш Тегеранга салган санкцияларын дээрлик жойгон. Иран өзөктүк программасын кескин кыскарткан.

Муну Аятолла Хаменеи жактырбай келет. Анын өткөн жылы “өлкө коопсуздугунун ачкычы сүйлөшүүлөр эмес, ракеталар” деген сөзү белгилүү.

Президенттик жарышта Хаменеи динаятчы Эбрахим Раисини колдоодо. Раиси экинчи мөөнөткө ат салышып жаткан Роуханинин негизги атаандашы эсептелүүдө. Ал дагы өзөктүк мунасага карабай өлкө экономикасы батыл көтөрүлүп кетпеди деп Роуханини сындап чыкты:

- Бүгүн жаштардын 30 пайызы жумушсуз, өлкөдө жумуш менен камсыз болуунун деңгээли 12 пайыздан ашпайт.

Хасан Роухани
Хасан Роухани

Төрт жыл өлкөнү башкарып, анын акыркы эки жылында Батыш менен мунасанын негизинде мунай, газ өндүрүүнү көбөйтүүгө, сооданы кайра жандандырууга жетишкен Роухани айыптоону четке кагат:

- Жумуш үчүн шарттар жана соода 152-орундан 120га көтөрүлдү. Бул иштөөгө жана соода кылууга шарттар жакшырды дегендик. Булар өзгөчө маанилүү маселелер. Биздин коомдо инвестицияга ишеним пайда болду. Инвестицияга ишеним жаралмайын жумушчу орундары да, бирикмелер да түзүлмөк эмес.

Иран президенти өзөктүк келишимди жогорудагы айткандарына өбөлгө болгон "улуттук жетишкендик" деп мүнөздөйт.

Роухани эл эгер консерваторлорду колдой турган болсо өлкө кайрадан авторитаризмге бет алышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Төрт жыл мурда ал шайлоодо жеңгенде талдоочулар эл өзөктүк куралдан баш тартууну тандады дешкен эле.

Президенттикке талапкерлер.
Президенттикке талапкерлер.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама кызуу кубаттап, анын убагында жетишилген келишимди кийинки президент Дональд Трамп “эң начар” деп жактырбай келген.

21-апрелде ал ошол сөзүн дагы кайталап, Иран өзөктүк макулдашуунун принциптерин сактабай жатат деп айыптаган. Ошондой эле келишим жана аны аткаруу аракеттери тыкыр иликтенип жатканын, жакын арада Иранга бир жооп болорун билдирген.

Келишимдин техникалык жагын аткарып, жалпы принциптерин сактабай жатат дегенде Батыш Тегерандын Сирияда Асаддын режимин, көп өлкөлөрдө террористтик деп табылган ливандык “Хезболла” тобун колдоосун эске алууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG