Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

“ИМ” тобу исламды кабыл алган Рахмандын өмүрүн кыйды


Абдул Рахман Кассигдин Сирияда колго түшөр алдында тартылган сүрөтү. 2013-жыл.
Абдул Рахман Кассигдин Сирияда колго түшөр алдында тартылган сүрөтү. 2013-жыл.

Америкалык жарандын башы алынганы тууралуу “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери өздөрү тараткан видеодо маалымдашты.

АКШ өкмөтү америкалык гуманитардык кызматкер “Ислам мамлекети” тобу тарабынан өлтүрүлгөнүн ырастады.

Азиядагы сапарынан мекенине кайтып келаткан президент Барак Обама учактын бортунан жасаган билдирүүсүндө Абдул Рахман Кассигдин “Ислам мамлекети” тобу тарабынан өлтүрүлүүсүн "адамкерчиликсиздиги менен дүйнөгө таанымал террордук топтун ачык кастыгы” деп атады жана маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Абдул Рахман - 26 жаштагы Питер Кассигдин туткунда ислам динин кабыл алгандан кийинки ысымы. Мурда АКШ армиясында кызмат өтөгөн Кассиг 2012-жылдын соңунан тарта SERA деген кайрымдуулук уюмун негиздеп, Сириядагы жарандык согуштан улам үй-жайын таштоого аргасыз болгон качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү менен алектенип жүргөн.

Абдул Рахман Питер Кассигдин үй-бүлөсү жарыялаган сүрөт.
Абдул Рахман Питер Кассигдин үй-бүлөсү жарыялаган сүрөт.

Маркумдун ата-энеси Эд жана Пола Кассигдер Фейсбук социалдык сайты аркылуу тараткан билдирүүдө “биздин уулубуз Абдул Рахман Питтер Кассиг сириялыктарга карата сүйүүсүнүн, алардын азап-тозогун жеңилдетүүнү көздөгөнүнүн натыйжасында өмүрүнөн айрылганына жүрөгүбүз сыздап олтурат”,- деп айтылат.

Былтыр Сириянын аймагынан туткундалган Кассигдин өлтүрүлүшүн АКШ президенти менен катар дүйнөнүн башка лидерлери да айыпташты. "Чоң жыйырманын" кечээ аяктаган саммитин коноктогон Австралиянын премьер-министри Тони Эббот Брисбен шаарында буларды билдирди:

- Биз “Ислам мамлекети” тобу Сириянын чыгышы менен Ирактын түндүгүндө бийлик жүргүзгөндөн тарта башын алууларга, сексуалдык кулчулукка, массалык атууларга күбө болуп жатабыз. Бул өлүмгө гана табынгандык. Бул көрүнүштөргө мындан башка аныктама берүү мүмкүн эмес.

Буга чейин “Ислам мамлекети” тобу барымтадагы батыштык төрт жарандын: эки британиялыктын, эки америкалыктын башы алынган учурду видеого тартып, интернет аркылуу таратышкан. Мындан сырткары аларга каршы чыккан жүздөгөн ирактыктарды, сириялык урууларды өлтүрүп, диний жана улуттук азчылыктарга кол салган, аялдарды кулдукка сатышкан.

Француз премьер-министри Мануэль Вальс америкалык гуманитардык кызматкердин өлтүрүлүшүн “варвардык акт” деп атап, бул окуя Франциянын “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен күрөшүүгө чечкиндүүлүгүн күчөткөнүн белгиледи.

Британ премьери Дэвид Кэмерон соңку видеону “Ислам мамлекети” тобунун “бузуку” иштеринин, алардын мыкаачылыгынын дагы бир далили катары мүнөздөдү.

Акыркы видеодо согушкерлер алар Сириянын аскерлери деп атаган он беш адамдын башы алынып жаткан учурду да түшүрүшкөн. Беткапчан согушкерлер өз сөздөрүндө америкалык жоокерлер да ушундай тагдырга туш болушу мүмкүндүгүн эскертишет.

АКШ баштаган коалициянын учактары азыр “Ислам мамлекети” тобунун Ирак менен Сириядагы турумдарына абадан сокку уруу менен гана чектелүүдө. Бирок өткөн аптада АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Мартин Демпси америкалык аскерлер Иракта кургактан жайгаштырылуусу мүмкүндүгүн ишара кылды.

Генерал Кошмо Штаттардын аскерий кеңешчилери Ирактын жоокерлери менен катарлаш жайгаштырылуусу мүмкүн аймактар катары Мосулду жана Сирия менен чек араны атады.

АКШ администрациясы мурда америкалык күчтөр Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы кургактагы операцияларга катышпай турганын айтып келген.

Коргоо министри Чак Хейгел өткөн аптада Конгресстин аскерий иштер боюнча комитетиндеги суроо-жооп учурунда буларды белгиледи:

- Коалиция катары, өлкө катары биз узак жана оор күрөшкө даяр болушубуз керек. Мында оңунан чыкпаган иштер да болушу мүмкүн. Бирок биз азыр туруктуу жана стабилдүү прогрессти көрүп жатабыз. “Ислам мамлекети” тобуна каршы учурдагы басымды сактап туруу Ирак өз күчүн топтошуна убакыт, андан ары чабуул коюшуна мүмкүндүк берет. Бул басым “Ислам мамлекети” тобунун катарына жаңы адамдары тартуу ишине да сокку урат.

Британияда жайгашкан, Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун өткөн аптада жарыялаган эсебине караганда, коалициянын сентябрдын ортосунан берки аба соккуларынан Сирияда “Ислам мамлекети” тобунун 750гө жакын согушкери жок кылынган.

Аба соккулардан топтун жол башчысы Абу Бакр ал-Багдади жаракат алды же өлдү деген кабарлар тараган эле. Бирок өткөн аптада интернетке Абу Бакр ал-Багдадинин билдирүүсү деген аудиотасма коюлду.

Анда “Ислам мамлекети” тобунун жол башчысы деген адам соңку согушкери калганча күрөшүшөрүн, АКШ баштаган коалициянын аба соккулары оңунан чыкпаганын, алар акыр аягында кургактан аскер жөнөтүүгө мажбур болорун айтат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG