Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

“ИМ” эки жапондун өмүрү үчүн 200 млн. доллар талап кылууда


"ИМ" тараткан видеодон сүрөт, 20-январь, 2015-жыл
"ИМ" тараткан видеодон сүрөт, 20-январь, 2015-жыл

20-январда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тараткан видеодо туткундалган эки жараны үчүн жапон өкмөтүнө 200 миллион долларды 72 сааттын ичинде төлөгүлө деген талап коюлат.

Узундугу бир мүнөт 40 секунддук видеодо англисче британиялык акцент менен сүйлөгөн, капкара кийинген, беткапчан согушкер көрүнөт. Ал буга чейин батыш өлкөлөрүнүн беш жаранынын жанын кыйган видеолордогу “Жихадчы Жонго” түспөлдөш, добушу дагы окшош.

“Жапон өкмөтү менен жапон элине” деп аталган видео буга чейин “Ислам мамлекети” радикал тобу тараткан үрөй учурган видеолор сериясынан. Тасмада саргылтым күрмө кийген эки жапон тизелеп отурат, согушкер колундагы бычагын кезеп, камерага карап, жапон премьер-министрине кайрылат.

“Силер Ислам мамлекетинен сегиз жарым миң чакырым алыс туруп, бул согуштук жүрүшкө катышууга демилге көтөрүп жатасыңар” деген согушкер “100 миллион долларды биздин аялдарды, балдарды өлтүрүп, мусулмандардын очогун жоготууга берип жатасыңар. “Ислам мамлекетинин” мындан ары жайылышын токтотууга, моджахеддерди жок кылууга дагы 100 миллион долларды бөлдүңөр” деген жазалоочу эми туткундагы эки жапондун ар бирине 100 миллиондон төлөйсүңөр деп баасын бычат.

Андан соң согушкер жалпы жапондорго кайрылып, “Силердин өкмөт “Ислам мамлекетине” каршы 200 миллион доллар бөлдү, эми силер 72 сааттын ичинде өз жарандарыңардын башын аман алып калуу үчүн өкмөтүңөрдү 200 миллион доллар төгүүгө мажбурлагыла. Болбосо бул бычак түшүңөргө кирет” деп коркутат.

Бул күндөрү Жакынкы Чыгышта алты күндүк иш сапарда жүргөн жапон премьер-министри Синдзо Абе Иерусалимде маалымат жыйында мындай “коркутуу кабыл алынбастыгын айтып, туткунга түшкөндөрдү кол тийгизбестен бошоткула” деп өкүм эскертти.

Премьер-министр Синдзо Абе
Премьер-министр Синдзо Абе

"Биз дүйнөлүк коомчулук менен кызматташып, аймактагы тынчтык менен туруктуулукка салым кошобуз. Бул биз үчүн маанилүү багыт жана биз андан кайтпайбыз" – деген жапон премьери ишембиде Каирде кооптуу аймакка 2 жарым миллиард доллар жардам убада кылып, анын 200 миллиону “Ислам мамлекетине” сокку урууга бөлүнөөрүн айткан.

Жапониянын Тышкы иштер министрлиги учурда үрөй учурган тасманын чын-төгүнү иликтенип жатканын билдирди. Министрлер кабинетинин жетекчисинин катчысы Йошихиде Суга "Эгер видео тасма чын болуп чыкса, жапон өкмөтү аны кечирилгис кылмыш деп санайт жана биздин терең кыжырдануубузду жаратат" деп билдирди шейшембиде Токиодо өткөн маалымат жыйында.

Эки туткун ким?

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу туткундаган эки жапондун аты жөнү: Кэндзи Гото Його жана Харуна Юкава деп айтылууда.

Кэндзи Гото Його - Сириядагы согушту чагылдырууга өткөн жылы барган журналист, таанымал документалист. Аны билгендер Сирияда согушкерлердин колуна түшкөндөрдүн башы алынганын көрүп туруп, алоолонгон жаңжалга аттанып кеткенин айтышат.

Харуна Юкава – Сирияда өткөн жылдын 14-августунда согушкерлер Эркин Сирия армиясы менен кармашканда колго түшкөнү кабарланган. Коопсуздук боюнча кеңешчимин деген жапон жигит мурда-кийин согуш талаасында болгон эмес. Сирия менен Ирактагы от күйгөн жаңжалды өз көзү менен көрүүгө карыз акча алып, сапарга чыккан. Интернеттеги сайтында Алепподо сириялык козголоңчулардын катарында аларга окшош кийинип алып, оор мылтык асынып жүргөн сүрөттөрү бар.

Юкава РМС (Жеке аскерий кызмат) деген коопсуздук компаниясынын вебсайтын ачкан, бирок анда эч кандай чыныгы иш жүргүзүп жатканы көрүнбөйт.

Ал Сирияда Кэндзи Гото Його менен таанышып, Иракка барган. Юкава согушкерлердин колуна түшкөндөн кийин жапон журналист мекендешин апрель айында кезиктиргенин, “ал бирөөнүн ишенимине тез кирген, жумшак мүнөз неме” деп сүрөттөгөн.

Буга чейин Жапониянын тарыхында барымтага түшүп калгандарга кун төлөп бошоткон учурлар болгон. 1977-жылы Бангладеште Кызыл армиянын фракциясы "Жапон аба жолдорунун" учагын айдай качканда, жүргүнчүлөрдү бошотууга алты миллион доллар төлөп берүүгө премьер-министр Такоэ Фукуда буйрук берген.

1999-жылы Баткен окуясы маалында моджахеддердин колуна түшкөн төрт жапон геологун бошотуу үчүн эки миллион доллар талап кылынганы белгилүү. Кыргыз өкмөтү акчалай кун төлөнгөн эмес деп тастыктаганы менен бейрасмий маалыматтарда жапондор эки миллионду алып келгени айтылып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG