Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Обама курал-жаракты көзөмөлдөө планын жарыялады


Президент Обама Ак үйдө сүйлөгөн маалда көзүнө жаш алды. 5-январь, 2015-жыл
Президент Обама Ак үйдө сүйлөгөн маалда көзүнө жаш алды. 5-январь, 2015-жыл

5-январда президент Барак Обама АКШда курал-жарак сатууга көзөмөлдү күчөтүү чараларын жарыялады. Конгресстеги республикачыл көпчүлүк курал сатууга кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө каршы болуп, 2013-жылы президенттин сунушун четке каккан.

Конгресстин бир нече жылдан берки каршылыгына карабай, юстиция министри Лоретта Линч жана Федералдык иликтөө бюросу - ФБРдин башчысы Жеймс Коми менен масилет кургандан кийин президент Обама курал жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтүү чечимин кабыл алды.

Президент өз планы менен шейшембиде Ак Үйдө тааныштырды:

- Курал соодасы менен алектенгендердин бардыгы катталып, тиешелүү лицензия алууга жана кардарларын текшерүүгө тийиш. Андай болбосо алар кылмыш жообуна тартылат.

Мурда интернетте жана жылына бир нече жолу өткөрүлгөн курал жарманкелеринде соода кылгандарга айрым жеңилдиктер берилсе, эми алардын бардыгы алынмакчы.

Андан тышкары ФБР курал-жарак саткандарды жана сатып алуучуларды, мылтык-тапанчаларды жоготуу фактыларын текшерип чыгуу үчүн 200 жаңы кызматкерди жалдайт.

Ар бир штаттын бийликтери федералдык өкмөткө психикалык ахвалына жана үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу курал алып жүрүүгө тыюу салынган адамдар тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет.

Белгилей кетсек, АКШнын штаттарында курал кармоо боюнча мыйзамдар айырмаланат. Алсак, Техаста аны ачык көтөрүп жүрүүгө уруксат берилсе, Нью-Йорк жана Коннектикутта кубаттуу автоматтарга тыюу салынган.

Республикачылар маселени чечүүнүн жолу катары калктын психикалык саламаттыгына көңүл бурууга басым жасашууда. Ал эми Конгресске акыл-эси жабыркаган адамдарды дарылоого жарым миллиард доллар бөлүү сунушу жөнөтүлмөкчү.

Президент Обама курал кармоонун чаралары боюнча өз планы менен тааныштырып жатып, көзүнө жаш алып, эмоционалдуу сүйлөдү:

- Ар жылы 30 миңден көп америкалыктар өмүрүнөн ажырайт. 30 миң! Суицидден, үй бүлөдөгү зомбулуктан, ок тийип, кырсыктардан жок болот. Жүздөгөн америкалыктар ага-эжелеринен ажырап, же өз балдарын жерге беришет. Дагы бир тобу майып болуп, же жашоонун кызыгын жоготуп күн көрүп калышат.

Президент бул кадам анын ыйгарым укуктарынын алкагында жасалып жатканын, Конституциянын жарандардын куралга ээ болуу укугун камсыздаган беренесине каршы келбесин белгиледи. Мыйзам боюнча мамлекет башчыга бул маселеде Конгресстин добуш берүүсү зарыл эмес.

Президент курал жүгүртүүнү ушундай жолдор менен көзөмөлдөө бардык адам өлтүрүүлөрдүн алдын ала албаса да, кимдир бирөөлөрдүн өмүрүн сактап каларына ишенет.

Обама бийликке келгенден бери бул жаатта мыйзамдарды күчөтүү керектигин айтып жүрөт. Бирок Конгресстеги республикачыл көпчүлүк курал сатууга кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө каршы болуп, 2013-жылы анын сунушун четке каккан.

Бул ирет да президенттин демилгеси республикачылардын сынына кабылды. Өкүлдөр палатасынын төрагасы Пол Райан Обама мындай аракеттери менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ыйгарымдарына көлөккө түшүрүп жатканын айтты.

Ал эми башкаруудагы демократтардан президенттикке талапкерликке ат салышып жаткан Хиллари Клинтон Обаманын курал боюнча демилгесин кубаттайт.

Курал-жаракка көзөмөлдү күчөтүү маселеси АКШда көптөн бери талкууланып келет. Өткөн жылы эле коомдук жайлардагы чабуулдардан 40 киши дүйнө менен кош айтышып, 40тан көбү жарадар болгон. Ошол эле маалда статистика боюнча андай чабуулдарда каза тапкандардын саны акыркы 20 жылда эки эсеге азайган.

XS
SM
MD
LG