Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Луганскта ЕККУнун унаасы минага жарылды


Жарылган унаа.
Жарылган унаа.

Европа Кызматташтык жана коопсуздук уюмунун атайын мониторинг миссиясынын кайгуул кызматы Донбасста минага жарылып, бир кызматкер набыт кетти. Экөө жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү бул маалыматты "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырастап, жардырууда мерт кеткен маркум америкалык фельдшер экенин айтты. Ал эми Австриянын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, жарадарлардын бири Германиянын, экинчиси Чехиянын жараны.

ЕККУнун өкүлү "Азаттык" радиосуна окуяда жабыркагандардын аты-жөндөрү алардын үй-бүлөлөрүнө кабарланмайынча жарыяланбастыгын айтты.

Эл аралык уюмдун кызматкерлери орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Пришыб айылына байкоо салып жүрүшкөн. Украиналык аскерлер окуя эртең мененки ондордо болгонун айтышты.

Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курц жардыруу тыкыр иликтениши керектигин билдирип, ал миссиянын жетекчиси Эртургул Апакан менен сүйлөшкөнүн, ​"Дыкат иликтөө жүргүзүлүп, жардырууга жоопкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек" - деп Твиттер баракчасына жазды.

Украинанын президенти Петро Порошенко тышкы иштер министри Павел Климкинге ишти өз көзөмөлүнө алууну тапшырды.

Украинанын президенти Петро Порошенко.
Украинанын президенти Петро Порошенко.

"Кылмыш иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланышы керек. Украина эл аралык уюмдардын жана маалымат каражаттарынын иштерине тоскоолдук жараткан козголоңчулардын аракеттерин айыптайт" - деп жазды Порошенко Фейсбуктагы баракчасына.

Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел Украинадагы жаңжалдашкан тараптар ок атышууну токтотуу убадасын так аткарууга убакыт келгенин айтты. Ал ошондой эле жардыруу үчүн жоопкерчилик Орусиянын колдоосуна ээ козголочоңчулардын мойнунда экенин да кошумчалады.

"Федералдык өкмөт Украинадагы урушуп жаткан тараптар бул трагедияны иликтеп, ким жоопкер экенин аныктоого болгон күчүн жумшашат деген ишеничте" - деди Меркел.

Луганск облусундагы орусиячыл козголоңчулардын сайтында ЕККУнун байкоочулары негизги жолдон чыгып, кооптуу жол менен бараткандыгын жазышты.

Ал эми козголоңчулардын активисттеринин бири Эдуард Басурин ЕККУнун байкоочулары кооптуу жолдор менен баратканда минага кабылганын билдирди.

Үч жылдан бери уланып келаткан Украинанын чыгышындагы жаңжалда ЕККУнун атайын миссиясы биринчи жолу жоготууга учурады. Эл аралык уюмдун куралсыз, 700дөй байкоочудан турган миссиясы Украинанын чыгышындагы чыңалууну басаңдатып, жеринен абал менен тааныштырып турат. Ушул жылдын мартында ЕККУга мүчө 57 мамлекет, анын ичинде Украина, Орусия жана АКШ миссиянын Украинадагы мандатын дагы бир жылга узартуу чечимине келген. 2014-жылы түзүлгөн миссиянын иши үчүнчү жолу узартылды.

2014-жылдын апрель айында Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиялык козголоңчулардын ортосунда тутанган жаңжалдан берки үч жылда 10 миңдей адам каза тапты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG