Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Пакистанда чабуулдан 141 адам, анын ичинде 132ден ашуун бала набыт кетти


Чабуулга кабылган мектептен балдары эвакуациялоо, 16-декабрь, 2014.
Чабуулга кабылган мектептен балдары эвакуациялоо, 16-декабрь, 2014.

Пакистанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Шейшембиде талиптер аскерий башкаруудагы мектепте кеминде 500 адамды барымтага алып, каршылык көрсөткөндөрдү аткылай баштаган.

Бир нече саатка созулган операция маалында Пакистандын коопсуздук күчтөрү тогуз согушкер жок кылынганын, бирөө мектептин ичинде өзүн-өзү жардырып жибергенин маалымдады. Учурда талкаланган мектепте согушкерлер калтырган жардыргычтарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф кандуу окуяны "улуттук трагедия" деп атап, өлкө боюнча үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Жалпысынан 1100 окуучу окуган мектепти канга боегон чабуулду дүйнөлүк коомчулук айыптоодо. АКШ президенти Барак Обама Пакистан өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүн колдоорун билдирди. Мамлекеттик катчы Жон Керри согушкерлердин аракетин “акылга сыйбаган кара өзгөйлүк” деп атады:

- Бул кол салуу бардык адамдардын кыжырын келтирди. Биз кескин айыптайбыз! АКШ Пакистан элин кыйын мезгилде колдойт жана биз кандай жол менен болсо да жардам көрсөтөбүз.

Терроризмге каршы күрөштө пакистандыктарга Франциянын президенти Франсуа Олланд да кол сунду.

Ооган президенти Ашраф Гани бейкүнөө балдардын канына забын болуу исламга ылайык келбейт деп эскертти.

БУУнун Балдар фондунун өкүлү Кристоф Булирак балдардын өмүрүнө кол салуу эч качан кечирилбейт деп билдирди:

- Биз Пакистандагы кесиптештерибиз аркылуу Пешаварда мектептеги чабуулда көптөгөн балдар, мугалимдер курман болгондугу тууралуу кабардар болуп турдук. ЮНИСЕФ балдарга жана балдардын билим алуусуна каршы багытталган бардык аракеттерди айыптайт. Бул адамзаттын негизги фундаменталдык укуктарын бузат жана мындай кыянатчылыктар эч качан кечирилбейт.

Пешавар: чабуулдун курмандыктарынын сөөктөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Чабуулга кабылган мектептен аман-эсен качып чыккан 10-класстын окуучусу Эбад окуя кандайча башталганын мындайча сүрөттөйт:

- Бизге эртең мененки саат 10 жарымда чукул медициналык жардам көрсөтүү боюнча полковниктин сабагына киргиле деп айтылды. Биз аудиторияга киргенде эле ок атылып, согушкерлер кирип келишти. Менин көз алдымда 40-50дөй классташым набыт болду. Алар полковник мугалимди да атып салышты. Бомба дагы жарылды. Мен өзүм кара кийимчен төрт-беш согушкерди көрдүм.

Пакистанда талиптер мектепке кол салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

Согушкерлердин колунан каза тапкандар Пешавар шаарындагы аскерий башкаруудагы мектептин окуучулары жана кызматкерлери экени маалым болду. Мектеп шаардын мыкты кайтарылган бөлүгүндө жайгашкан.

"Техрик-е-Талибан" Пакистан уюмунун өзүн Мухаммад Хорасани деп атаган өкүлү “Азаттык” радиосунун кабарчысына телефон чалып, кол салуу өкмөттүк күчтөрдүн Түндүк Вазиристанда жүргүзүп жаткан операциялары үчүн өч алуу максатында жасалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG