Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Парижде теракт курмандыктары эскерилди


Парижде теракт курмандыктары эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

10-январда Франциянын баш калаасында былтыркы кол салуулар алып кеткен 150 маркумду эскеришти. 2015-жылы 7-январда “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын редакциясына кирип барган куралчан адамдар ок ачып, 11 кишини өлтүрүшкөн, алардын сегизи журналисттер эле. Кол салгандар качып баратып, аларды токтотууга аракеттенген полициячыны да атып салышкан. Ал кандуу окуядан кийинки эки күндүн ичинде радикал исламчылар дагы бир нече жерде чабуул уюштуруп, бардыгы болуп 17 киши набыт кеткен. 13-ноябрда болсо Парижде рок концерт өтүп жаткан клуб, бир нече кафе, футбол стадиону бутага алынып, 130 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG