Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Кибер-генералдардын согушу

The Washington Post гезитинин аналитиги Доминик Базюлто Экинчи кансыз согушта миӊдеген аскерлер, оор курал-жарактардын ордуна кичинекей микро-чиптүү компьютерлер менен бири-бирине сокку урган ири державалардын кибер-согушу болорун жазып чыкты. «Балким бул согушта Кытай, Америка сыяктуу ири өлкөлөр аскерлердин ордуна роботторду колдонуп, жаӊы согуш талаасы катары космоско чыгышы ыктымал. Ошол эле мезгилде чоӊ державалар дүйнөлүк аренада достук ымаласын сактап, эл көзүнө душман эместей көрүнүүнү уланта беришет. Азыркы тапта электрондук буталар адамга караганда мааниси өзгөчө кымбат болууда. Жаӊы соккуларды алар эми кибер-акылдын жардамы менен мурдагыдай аскерий-курал күчтөргө эмес, экономикалык күчтөргө урушат.

Биринчи кансыз согуштун учурундагыдай бири-бирине чалгынчыларды жиберген доор да артта калат. Кийинки согуштун чечүүчү соккуларын кибер-генералдар экономика, баалуу кагаздардын базары сыяктуу олуттуу тармактарга жасоо менен ишке ашырышат», - деп жазды журналист Доминик Базюлто.


Уйгурлар өкмөт саясатына нааразы

«Кытайдын ассимилияция саясатына уйгурлар нааразы» деген тема менен Кытайдагы Шиң-Жаң автономиялуу облусундагы уйгур тектүүлөрдүн абалына Asian Nikkei Review аналитикалык басылмасы сереп салган. Байыртадан бери Кытайдын бир бөлүгү катары саналып келген уйгур областында, айрыкча анын Ак-Суу, Үрүмчү шаарларын байырлаган уйгур тектүү мусулмандардын арасында өкмөттүн ассимилияция саясатына терс пикирин билдиргендер көп экени жазылат. Кылымдардан бери тилин, динин сактап келген уйгурлардын саны азыр 22 миллиондой. Алардын арасында Хан тектүү кытай улутундагылар да жашайт. Бирок уйгурлар көп жашаган шаарларда эч качан кытайча учурашышпай «Ассалому алейкум» деп уйгурча кол кысышат дейт автор.

Бээжин бул аймакты Кытайдын бир бөлүгү катары кармап турууга көп каражат жана күч жумшоодо. Маселен былтыр киши башына 14 миӊ юандан каржылаган. Бул 2 242 долларга барабар акча Шанхай же Гуандонг провинциясындагы атуулдарга жумшалган каражаттан эки эсе ашып түшөт. Ошентсе да уйгурлар өз абалына ыраазы эмес. Аксуулук бир уйгур киши кытай тилин билбесе алардын балдары жакшы жумуш таппай жатканын айтып нааразы болду. Улгайган уйгурлардын көбү Бээжин аларга хансуларды кошуу менен маданиятын ассимиляциялап жатат дешүүдө. Ал эми уйгур жаштары болсо экономикалык жактан пайдалуу болгондуктан хансуларга теӊтайлашып, тилин үйрөнүшүүдө. Кытайдын коммунисттик партиясы уйгурларга карата «Тынчтык, демократия жана ынтымак» деген урааны бар. Ошентсе да шинжандыктардын ыраазычылыгын алуу Си Цзинпинден да чоӊ аракетти талап кылат окшойт деп жазат Asian Nikkei Review.


«Мусулмандардын паркына ит алып кирбегиле!»


Мына ушундай сөз жазылган кагаз Улуу Британия баш калаасында парктардын бирине чапталып, жергиликтүү саясатчылардын ачуулануусун жаратты деп жазат Evening Standard гезити. Тоуер Хаммлет деген мусулмандар көп жашаган Лондондун районундагы Бартлетт паркынын кире бериш эшигине: «Мусулмандар иттерди жаман көрөт. Бул жакка ит алып кирбегиле. Бул жак эми исламий аймак» деген жазуу чапталып, полиция да муну ким жазып жабыштырганын иликтөөнүн үстүндө. Британ депутаты Жим Фицпатрик полициядан тез арада муну кылгандарды табууну талап кылды. Фицпатрик бул жазууну коомду бөлүп жаруу жана чагым катары баалады. Тауер Хаммлет аймагынын башчысы Дэейв Стрингер: «Бартлетт паркынын тарыхында диний тирешүүлөр эч качан болгон эмес. Мындай жазууну чаптоонун максаты эмне экенин изилдеп жатабыз», - деди Evening Standard гезитине.


Модинин өкмөтү Индияда коопсуздукту камсыз кылышы керек

Жаӊы шайланган Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин эӊ башкы максаттарынын бири - өз өлкөсүндө атуулдардын жеке коопсуздугун камсыз кылуу болушу керек деп жазат Жакынкы Чыгыштын күндөлүк басылмасы The Gulf News. Индиянын түндүгүндөгү Уттар Прадеште эки өспүрүм кыздын зордукталып, даракка асылып өлтүрүлүүсү өлкөдөгү жалпы аялдардын оор абалын чагылдырат. Уттар Прадеште эки өспүрүм кыздын өлүгү табылгандан кийин, алардын энелерине да полициядан арызын кайтарып алгыла деп кол салышкан. Индияда аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн эл көчөгө чыкты. Мындай толкундоолор 2012-жылдын декабрында студент кыз автобуста зордукталып өлтүрүлгөндө да болгон. Бирок ушундай кылмыштардын алдын алуу үчүн өкмөт өтө эле аз иш алып барууда. Мыйзамды күчтөндүрүп, полиция олуттуу иш алып барбаса индус коомчулугунда аялдардын орду эч өзгөрбөй, зордук-зомбулук улана берет. Айрыкча: «Эркек деген эркек. Ал жаӊылыша берет», - деген көз карашты токтотуу зарыл. Зомбулукка учурагандарга полиция жардам бербиши керек. Азыркы жаӊы өкмөт бул өлкөдө жашагандардын жеке коопсуздугун биринчи орунга койсо дейт The Gulf News гезити.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG