Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Балкондогу Атамбаев Твиттерди "титиретти"


Алмазбек Атамбаев Режеп Тайип Эрдоганды Бишкекте тосуп алууда, 2013-жыл
Алмазбек Атамбаев Режеп Тайип Эрдоганды Бишкекте тосуп алууда, 2013-жыл

Атамбаев Эрдоган менен балконго чыгып Твиттерди титиретти, Англияда мыйзамсыз мигранттар жүктөлгөн темир контейнерден ондогон киши жараланды. Европанын Орусияга карата санкциялары Путинди алсырата албайт.

“Атамбаев балконго чыгып, Твиттерди титиретти” - мына ушундай аталыштагы макала Түркиянын эң көп нускалуу Hurriyet гезитинде узаган аптанын башында жарык көрдү. Анда дүйнө лидерлеринин ичинен Түркиянын жаңы шайланган президенти Режеп Тайип Эрдоганды кыргыз ажосу Алмазбек Атамбаев гана куттуктап, Эрдоган менен балконго чыгып, түркчө сүйлөгөндө сырттагы эл дүңгүрөп кубаттаганын, ошол эле мезгилде социалдык Твиттер тармагы да “титиреп” кеткени жазылат. Миңдеген Твиттер колдонуучулар Атамбаевдин бул куттуктоосун ар кандай маанайда кабылдашты. Эрдоганды жактоочулар боордош кыргыз эли деп сүйүнсө, ага каршылар кыргыз лидери Эрдоганга жагалданды деп сыпатташты деп жазган Global Voices басылмасы. Бул макаланын автору Жейн Арай Твиттердеги Атамбаевдин куттуктоосуна байланышкан колдонуучулардын пикирлерине сереп салган. Рон Хожаэфенди аттуу колдонуучу: “Кыргыз ажосунун чөнтөгүнө 200 лира салган окшойт, Эрдоганды мактап жатат”, - десе, Кемал Айча: “Жөнү жок сүйлөбөй, кымыз берчи, бизге кымыз!”, деп жазган Твиттерге. Мүлтежи аттуу дагы бир твиттерчи: “Жаңы президентибиз бизге Кыргызстанды кошкусу келген окшойт. Андан көрө Балканды караса болмок”, - деп жазганы Global Voicesте жарыяланды.

Англия: мигранттын аянычтуу өлүмү

Evening Standard гезити Англиянын Эссекс аймагында океандан кеме менен келген темир контейнердин ичинен 35 африкалык мигрант оор абалда чыгып, бирөө тумчугуп каза тапканын кабарлады. Мигранттар контейнердин ичинде аба жетпей тумчугуп баратканда кыйкырып жардам сурашып, жергиликтүү тез жардам кызматы окуя болгон жерден 7 машине менен 35 кишини (анын ичинде аялдар менен балдар) да бар, Эссекс аймагынын ооруканаларына жеткирген. Контейнердин ичинен чыккан кишилердин дээрлик бардыгы суусап, алдан тайып, тумчугуп баратышкан. Окуя болгон жерде бир кишинин сөөгү табылды. Контейнер Англияга Бельгия аркылуу келген кемеден түшүрүлгөн. Мыйзамсыз мигранттардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп, Эбола вирусуна каршы текшерүү жүрдү. Миңдеген мигранттар Европа, Азия өлкөлөрүнөн Британияга бакыт издеп коркунучтуу, мыйзамсыз жолду басып өтүшөт. Айрыкча товар ташыган темир контейнерге жашынып Ооганстан, Сирия жана Эритреянын атуулдары Британ чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүдө деп жазган Evening Standard.

Москвага каршы санкциялар Путинди чыңалтат

Француз-орус соода палатасынын генералдык директору Павел Шинский Батыш коомчулугунун Орусияга карата экономикалык санкциялары боюнча маанайына Франциянын Le Monde басылмасында сереп салган. “Албетте, Путинчил Орусияга карата киргизилген санкциялар аны мизин майтарбай, тескерисинче курчутат. Мындай экономикалык кысым менен Батыш Кремлде эч качан революция жасай албайт. Франция сыяктуу өлкөлөр тилекке каршы, Орусия менен кызматташуусун ооздуктап, аны эң кубаттуу Кытайга салып берүүдө”, - деп жазган Шинский.

Дүйнөдө согуш жетпеген 11 эле өлкө калды

Газадагы атышуулар, Украина, Сириядагы кан төгүүлөр кошулуп, дүйнөдө согуш, кагылышуулары жок тынчтыкта жашаган 11 гана өлкө бар экенин Экономика жана тынчтык институту аныктады деп кабарлайт The Telegraph. 2007-жылдан бери дүйнөдө согушсуз жашаган өлкөлөрдүн саны кескин азайып, Экинчи дүйнөлүк согуштагыдай деңгээлге жетип калган. Согушсуз жашаган өлкөлөрдүн тизмесинде Британия, Швейцария, Жапония, Катар, Мавритания, Уругвай, Чили, Ботсвана, Коста-Рика, Вьетнам, Панама жана Бразилия турат. Бул өлкөлөрдө ички кагылышуулар да аз болуп, бир нече жылдан бери кан төгүлгөн окуялар дээрлик катталган эмес.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG