Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:52

Кыргызстан үчүн орус тилинин жана бул тилде чыккан айрым басылмалардын мааниси кандай жана Николя Саркози Казакстанга канча тик учак саткан?

"Күн сайын Николя Саркозиге байланышкан ызы-чуу чыга бергени адатка айланып баратат" деп жазат Парижде чыккан Le Monde басылмасы. Бул ирээт Франциянын экс-президентине 2012-жылы жалпы суммасы 2 миллиард доллардык 45 тик учакты Казакстанга сатты деген айып тагылууда. Париж прокурорлугу бул иштин учугун Саркозинин мурдагы кеңешчисинин эсебине 300 миң евро которулгандан кийин таап чыккан. Өткөн айда козголгон кылмыш ишинен улам Саркозинин эки жардамчысы Жан-Франсуа Этьен менен Елисей сарайынын мурдагы баш катчысы Клод Гуент камакка алынган эле. Николя Саркози учурунда казак ажосу Нурсултан Назарбаев менен мамилеси дурус болгондуктан, Бельгияда кылмыш иши козголгон казак атуулу Патох Шодиевди ири суммадагы жаза пул менен камактан чыгартканы да маалымдалат Le Monde гезитинде.

"Кыргызстан тажрыйба талаасы"

New York Times гезитине журналист Маша Гессендин “Кыргызстандагы Путин сөзү” аттуу макаласы чыкты. Анда ал мурдагы Советтер Союзу өлкөлөр ичинен Кыргызстан орус тилин расмий статуста сактап калган аз өлкөлөрдүн катарында турарын жазып, айрыкча акыркы мезгилде орус тилинин мааниси өзгөчө курчуп баратканын баса белгилейт. “Орус тилдүү медиа улам күч алып, журналисттердин саны да күтүүсүздөн эле көбөйүп баратат. Постсоветтик өлкөлөрдүн окурмандарына багытталган “StanRadar” интернет баракчасы ачылып, анда орус тилин, Орусияны үгүттөгөн маанидеги макалалар байма-бай басылууда. Айрыкча, Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе көптөгөн экономикалык көйгөйлөр менен жалгыз калат деген тариздеги маалыматтар да улам чыгып жатат. 2008-жылы түзүлгөн “Россотрудничество” аттуу уюм да Кыргызстанда иш алып барып, айрым эксперттердин айтымында, кыргыз аткаминерлери жана мыйзам чыгаруучуларына Орусиянын саясатын үгүттөө менен алек. Анткени жакында эле кыргыз парламенти 2012-2013-жылдары Орусиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган гейлер менен өкмөттүк эмес уюмдарга каршы эки мыйзамды жактады. Орус дүйнөсү эч качан Федерация катары чек арасын чектебей келет. Бул албетте экспансиялык жана оппортунисттик долбоор. Орустардын экспансиясынын эки түрү бар: биринчиси Украина, Грузиядагыдай агрессивдүү болсо, экинчиси орус тилин жана орус стилиндеги саясатты, идеологияны үгүттөө. Кыргызстан Орусия мыйзамы көчүрүлгөн жалгыз өлкө эмес. Тизмеде Казакстан, Молдова, Азербайжан жана Армения да бар. Бирок Кыргызстан мыкты тажрыйба талаасы боло алат. Анткени ал чакан жана жакыр”, - деп жазган Маша Гессен.

Патриоттук Москва моданы башкарууда

"Москвалыктар орус лидери Владимир Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн көйнөктү сатып алыш үчүн ГУМда узун кезек күтүп турушту. Батыш менен дипломатиялык алака курчуп турганда Москванын модасын патриоттук маанайдагы жаңылыктар багындырууда" деп кабарлайт The Washington Post гезити. Москванын эл аралык аба майдандарында “Санкцияларга каршы саркеч жооп”, “Силердин Coca-Colaсыз деле көңүл ачтык” деген сыяктуу жазуусу бар 30 миңден ашуун футболка сатылды.

Гигант робот ажыдаарлар согушууда

Бээжиндин Олимп стадионунда Кытай-Француз мамилесинин 50 жылдыгына байланышкан иш чара өтүп, анын урматына 47 тонналык салмактагы механикалык темир ажыдаарлардын согушу болуп жатат деп маалымдайт China Daily гезити. "Франциянын La Machine ишканасы чыгарган эбегейсиз өлчөмдөгү робот ажыдаарлар, жөргөмүштөр фантастикалык тасмадагыдай Бээжиндин көчөлөрүн кыдырып жүрүшөт. Сексенден ашык киши роботторду пульт менен башкарууда. Гиганттарды көргөнү барган элдин саны да өтө көп" деп жазган China Daily.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG