Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Эрдогандын бүйүр кызыткан Ак сарайы


Түрк президенти Эрдогандын баасы 350 миллион доллар болгон бул жаӊы Ак сарайы талкууга түштү. 29-октябрь, 2014-жыл

Түрк президенти Эрдогандын баасы 350 миллион доллар болгон бул жаӊы Ак сарайы талкууга түштү. 29-октябрь, 2014-жыл

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (27-октябрь-2-ноябрь).

Узаган аптада эл аралык басма сөздөгү бүйүр кызыткан темалардын башында Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдогандын баасы 350 миллион доллар турган жаӊы Ак сарайы болду.

Al Arabiya News маалымат кызматы бул сарайды Американын Ак үйүнөн, Кремлден жана Буккингем сарайынан бир нече эсе чоӊ, баш-аягы 50 гектар жерди ээлеп, жалпысынан миӊдей бөлмөсү, жер алдынан өтүүчү тоннели, анти-шпионаждык технологиясы бар, заманбап жана орто кылымдын стили айкалышкан имарат деп сүрөттөйт. "Эрдогандын жаңы сарайын Түркиянын оппозициялык кыймылдары дароо сындап чыгышты" деп кабарлайт Dogan News маалымат агенттиги. Маселен, оппозиячыл Үмүт Оран президенттин жеке бюджети Британ монархиясынын бюджетинен үч эсе көп экенин, ушул сарайга кеткен акча менен Марска үч спутник учурса болорун айтып чыкты.

The Washington Post гезити Эрдогандын: "Жаӊы Түркия өзүн дүйнөгө жаӊычылдыгы менен көрсөтүшү керек. Президенттин сарайы өзгөчө жол менен жасалды. Ага аябай көӊүл бурдук", - деп жакында айткан сөзүн мисал келтирип, "АКШнын Ак үйү Ак сарайдын бир эле канатына тете" деп сыпаттаган.

"Буга чейин президенттик милдет жөн гана символикалуу болсо, эми Эрдоган андай болбойт деп, өзүн Түркиянын жаӊы султанындай көрүүдө", - дейт гезиттин аналитиги Ишан Тарур.

Ал эми Түркиянын Today’s Zaman аттуу англисче басылмасы: “Ал тургай ханыша Елизавета II Эрдоганга салыштырмалуу жакырдай көрүнүп калды. Барак Обама деле 214 жылдык эски Ак үйдө өлкөсүн башкарып келе жатат. Владимир Путиндин Кремли да Ак cарайдын чаӊында калды. Франциянын президенттик сарайы да ага атаандаша албайт”, - деген оппозиционер Үмүт Орандын маегин басып чыгарды.

Сериал көргөн аткаминерлер өлүм жазасына...

The Independent гезити быйыл Түндүк Кореяда коӊшу Түштүк Кореянын сериалдарын көргөнү үчүн элүүдөй аткаминер жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлери өлүм жазасына тартылганын жазып чыкты. Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын маалыматына таянуу менен жазалангандардын көбү Ким Чен Ындын жакын тууганы, былтыр өлүм жазасына тартылган Янг Сонг Текке жакын кызматкерлер экенин маалымдайт The Independent.

Британиянын The Telegraph басылмасы болсо Түндүк Кореяда Кытай менен Түштүк Кореянын тасмалары, сериалдары жашыруун түрдө кеӊири сатыларын кабарлаган.

"Бийлик өз атуулдарын чет элдеги жашоону көрүп, билбесин деп канчалык аракет кылса да, уюлдук телефондор жана электрондук маалымат булактары мындай чектөөгө туруштук бербей жатат. Сериал көргөнү үчүн өлүм жазасына тартылгандардын аты-жөнү жашыруун. Ошондой эле дагы 200дөй аскер жетекчиси электрондук маалыматтардын өлкөгө кирип кетүүсүнөн улам кызматынан алынды" деп жазган Yonhap News маалымат агенттиги.

Терезесиз учактар чыга баштады

"Британиялык компания терезесиз жүргүнчү учактарын чыгара баштады" деп кабарлайт The Business Insider журналы. Мурдагыдай тоголок чакан терезеси болбой, учактын эки капталы эӊ жука, жеӊил жана кубаттуу айнек дисплейлер менен тосулмакчы. Инновациялык процесстер борбору мындай учактар абадагы кырсыктардын санын азайтат деген баасын берди. Азыркы тапта асмандагы учак кыйроолорунун 80 проценти учактын туура эмес дизайнынан жана күйүүчү майдан улам болууда. Жаӊы технологиядагы учак 75 процентке күйүүчү майды үнөмдөйт. Мындай учакты чыгарган компаниянын басма сөз катчысы Жон Хелливелл The Mirror гезитине берген интервьюсунда терезесиз учактар 10 жылдан кийин колдонууга берилерин айтты.

Лукашенко: жумушсуз жүрүү кылмыш тете

The Moscow Times басылмасы Беларус президенти Александр Лукашенконун: “Өлкөдө жумуш таба албагандарга карата кылмыш ишин козгоо керек. Социализмдин элементтерин кайра алып келели деген ниетибиз деле жок. Бирок бул жөн гана элдин түшүнүгү артсын деген максат”,- деп айтканын жарыялады.
Анын бул сөзү Беларуста катуу талкууга алынган тема болду дейт аталган гезит. Азыркы тапта бул өлкөдө катталган жумушсуздардын расмий саны 90 миң болуп, жалпы калктын бир процентин түзөт. Бирок көз карандысыз эксперттер бул көрсөткүч 10 проценттен жогору экенин айтышууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG