Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Лондондогу чиркөөдө намаз окулду


Ыйык Жон чиркөөсү, Лондон
Ыйык Жон чиркөөсү, Лондон

Эл аралык басма сөзгө баяндама (9-16-март).

"Лондондун чок ортосундагы Ватерлоо станциясынын жанындагы Ыйык Жон чиркөөсүндө мусулмандар намаз окугандан кийин сын-пикирлер туш тараптан жаады" деп жазат The Independent гезити.

“Аралаш мечит” деп аталган долбоордун алкагында көптөгөн мусулмандар аталган чиркөөгө кирип, ичинде намаз окушкан. Британиянын атактуу либералдык дин кызматкери Канон Гилес Годдард мусулмандарга Библиядан үзүндүлөрдү окуп: “Биз сүйгөн Кудай - Аллах”, - деп айтуу менен сыйынуу үчүн курулган жайлардын эшиги мусулмандарга ар дайым ачык деген. Бирок евангелия динчилдери бул иш-чараны катуу сындашып, британ чиркөөсүнүн бир да эрежесине сыйбаган көрүнүш катары баалашты.

Алтымышка чукул евангелист мындай иш-чараларды токтотуу үчүн атайын петицияга кол коюшту. Канон Годдард болсо 8-март күнү “Аралаш мечит” долбоорунун демилгечилери ага кайрылып, чиркөөдө аял-эркек чогуу бир ирет намаз окуу өтүнүчүн айтышканда, бул терс реакция жаратарын билбестен эле макул болгонун айтып: “Кудай бирөө эле, салттар ар башка” деди.

Кытай бийлиги кулаганы калдыбы?

Кытайдын саясатын изилдеген Дэвид Шамбо аттуу окумуштуунун The Wall Street Journal басылмасындагы “Кытайдагы коммунисттик режим биз күткөндөн эрте кулашы ыктымал” деген макаласынан кийин Foreign Policy журналы бул багытта дүйнөдөгү белдүү илимпоздордун пикирлерин чогулткан.

Жон Хопкинс университетинин социология илимдери боюнча профессору Хо-фанг Ханг Шамбонун пикирине кошулуп, Кытай коммунисттик партиясы өзүнө эбегейсиз чоң максаттарды коюп алгандан улам аларды ишке ашыра албай, бир нече жылдан кийин кулап калышы ыктымалдыгын айтты. Профессор Ханг Си Цзинпин бийликке келгенде мурдагы Мао Цзедун же андан кийинки лидерлер сыяктуу абсолюттук күчкө ээ болгон жок деген пикирде.

China Economic Quarterly басылмасынын редактору Артур Кройбер болсо Шамбонун пикирине кошулбайт. Буга ал төмөндөгү негизги үч жүйөнү келтирди: “Коммунисттик партияда ажырым болуп жатат дегенге кошулбайм. Биринчиден, Шамбо бул ажырымды так көрсөтө албаган. Экинчиден, Си Цзинпиндин бийлиги алсыз эмес, тескерисинче аябай эрктүү жана эпчил. Үчүнчүдөн, саясий режимди өзгөрткүсү келген күчтөр коммунисттик партиядан алда канча алсыз”.

Денвер университетинин профессору Сюишенг Чжао Кытай коммунисттик партиясы азыр оор акыбалда экенине кошулат. “1989-жылдан бери мындай кырдаал түзүлө элек эле. Айрыкча Тяньаньмэнь окуясынан кийин кыйынчылык улам артып барат. Мунун себеби ашыкча коррупциялашкан бийлик менен экономикадагы ишке ашпай калган реформалар болууда. Ошондой эле Кытай - атуулдарынын кирешеси тең болбогон дүйнөдөгү эң ири өлкө. Саясий кыйчалыштан улам экономикалык өнүгүүсү да солгундоодо”, - деген профессор Чжао Foreign Policy журналына.

Иранда дарга асуу көбөйдү

Ирандагы адам укуктарын изилдеген эл аралык уюмдардын маалымдоосу боюнча, өлкөдө өлүм жазасына тартылгандардын саны азыркы президент Хасан Роуханининин тушунда аябай көбөйүп кетти. Бул тууралуу Newsweek журналы маалымдайт.

2014-жылы 753 адам дарга асылып, 2013-жылга салыштырмалуу 10 процентке көбөйгөн. Бирок алардын 291и гана Иран расмийлери тарабынан тастыкталган. 2005-жылы Иранда 94 гана киши өлүм жазасына буйрулган эле. Өлүм жазасына тартылгандардын саны президент Хасан Роухани бийликке келгенден тарта арбыды дешет эл аралык укук коргоочу уюмдар. Дарга асылгандардын арасында 26 аял, 14 өспүрүм болгон.

Москвада “күйөөлөр ижарага берилет”

The Moscow Times гезити Москвада “күйөөлөрдү ижарага берүүчү” жаңы социалдык кызмат ачылганын билдирди. “Бир сааттык күйөөлөр" жалгыз бой улгайган аялдардын үйүндөгү чарбалык иштерди аткаруу үчүн мэрия тарабынан бекер жиберилип турмакчы. Мындай кызмат буга чейин Москвада бир топ фирмалар тарабынан акы төлөнүп аткарылып келген. Алар саатына 230 рублдан акча алышчу. “Бир сааттык күйөөлөрдү” көбүнесе картайган кемпирлер ижарага алып жатканы байкалууда дейт аталган гезит.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG