Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Узаган аптада эл аралык басма сөз саясий багыттагы макалаларга бай болду. Анын ичинде англис гезиттеринде Британ ханзаадасынын Путинди Гитлерге салыштырган сыпаттамсына кеӊири орун берилип талкуу жаратса, Германиянын гезиттери Ангела Меркелдин Путинге кайрылуусун басып чыгышты.

Путин Обаманын короосуна таш ыргытты



Saarbrücker Zeitung гезитинде Меркелдин Орусия президенти Владимир Путинди Украинадагы президенттик шайлоону сыйлоого чакырган маеги басылды. 23-майда чыккан бул маекте Меркел Орусия Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө экенин унутпай Украинадагы шайлоону таанышы керек дейт. Ошондой эле Меркел Москва Киевге ЕККУнун атынан шайлоого байкоочу жибербегенине кейип, орус бийлиги коӊшуларынын саясий өз алдынчалык укугун моюндабай жатканын айтты. Украинанын атуулдары өз президентин эркин шайлап, Европа Биримдигине кошулуу келишимине кол койгонго толук укуктуу деп белгиледи Меркел.

Ал ортодо Путин Санкт-Петербургда өткөн Эл аралык экономикалык форумда Америка президенти Барак Обама жаӊы жумуш издей берсин деп айтканын The Moscow Times басылмасы жазып чыкты. «Эгерде Обама адамдарды соттоп, сындагысы келсе, анда эмнеге прокуратурадан барып жумуш издебейт?» - деп Путин жылмайганда форумда отурган бардык катышуучулар каткырып жиберишти. Владимир Путин орус-америкалык кызматташтыгы мурдагы президент Дмитрий Медведевдин учурунда калыбына келтирип, өнүктүрүү аракеттери натыйжасыз болуп, мында жалгыз гана Америка күнөөлүү экенин да кошумчалады деп жазат The Moscow Times.

Ушул эле тамына улай The Washington Post гезитинин блоггери Жорж Эф Уиллдин «2016-жылы президенттикке талапкер керек» аттуу макаласы ишемби күнү жарыяланып, эӊ көп окулган жана талкууланган тизмектен орун алды. «Эки партиянын президенттери бизге көп нерсени кылышты. Американын саясатын табитсиз жана алсыз күчкө айлантышты. 2016-жылкы президенттик шайлоодо эгер талапкер болсом мурдагы президенттерге берилип келген салттуу суроолорго минтип жооп бермекмин. «Өлкөнү кайсы аймактан багындырасыӊ?» десе мурдагылар Нью-Хемпшайр, Түндүк Каролина же Невада дешчү, мен «эч жерден» деймин, анткени Америкадагы 316 миллион атуул президентсиз эле күнүгө миллиардаган чечимди кабыл алып жашап жатат. Ал эми «Жаӊы жумуш орундарын кантип камсыз кыласыӊ» деген суроого дагы камсыз кылбайм деп жооп берем. Себеби штаттардагы өндүрүш президенттик көзөмөлсүз эле иштеп жатат. Мен Америкада салтка айланган теледен жасалчу кайрылууларды токтотуп, мезгил-мезгили менен Конгресске да, элге да жекеме-жеке кат аркылуу байланышып турам. Бул өлкө өз тарыхында көптөгөн согуштарга катышып эле келе жатат. Бирок мындан ары согушка баруу чечимин Конгресске гана тапшырып берип, Американын тарыхындагы 44 президенттен айырмаланып эӊ эле демократиялуу, Ак үйдө өз ордун билген кызматкер гана болмокмун», - деп жазат журналист Уилл.


Оторбаев: Кыргызстанда газ, мунай түтүгү жок бактылуубуз


"Российская газета" премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен интервью жарыялады. Орус басылмасына ушул аптада Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча суроолорго жооп берген Оторбаев жумушчу күчү арзан, Бажы биримдигиндеги башка өлкөлөр менен соодалык байланышы төмөн, өндүрүшү анча өнүкпөгөн Кыргызстан үчүн мындай экономикалык уюмга кирүүнүн мааниси чоӊ болорун айтып, ага интеграцияланууда Орусия, Казакстан, Белорусиянын жардамы керек деди. Ошондой эле Оторбаев Кыргызстан географиялык жактан Борбор Азиянын чок ортосунда орун алуу менен Кытай, Индия, Орусия сыяктуу чоӊ экономикалык күчтөрдүн транзиттик борборуна айланууга ыӊгайлуу шарты бар экенин айтты.

Гезит кабарчыларынын инвестициянын артынан чуркап жүрүп, Кыргызстандын өкмөтү иштебей эле акча тапканга көнүп алабы деген суроосуна Оторбаев: «Бизде газ, мунай түтүктөрү болбогону чоӊ бакыт. Бийликке бул түтүктөр менен келчү оӊой акча акпай, өз колу-башыбыз менен иштегенге мажбурбуз. Жалкоолук деген коркунуч жок. Инвесторлорду чакырып, деӊизи жок, кен байлыгы аз Кыргызстанга акча алып келиш үчүн жанталашып иштейбиз. Аларга ыӊгайлуу шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз. Бирок азыр бизде Орусия менен Кытайдан башка ири инвесторлор жок, же инвесторлордун узун кезеги өлкөбүзгө кызыкпай эле турат», - деп жооп берди.

Азиянын төрт лидеринин дымагы


Financial Times гезитинин журналисти Филипп Стефенстин «Азиянын төрт лидеринин дымагы» аттуу макаласы да окурмандардын кызуу талкуусунда. Азия, Тынч Океан чөлкөмүндөгү Кытай, Индия, Жапония жана Орусиянын башында азыр өтө эле дымактуу лидерлер туруп, айрыкча Индияда болгон шайлоодон кийин улутчул Нарендра Моди бийликке келгени аларды ашынган улутчулда десе да болорун жазат журналист. «Кытайдын азыркы лидери Си Цзинпинь Дэн Сяопиндин этияттыгын унутуп, Кытай кубатын арттырып, аймакта биринчи болууга умтулууда. Ал эми Индиянын жаӊы премьер-министринин дымагы болсо Кытай менен атаандашууга жетип турат. Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абенин жаӊы экономикалык программасынын өзөгүн да Кытайга теӊтайлашуу түзүүдө. Владимир Путин болсо Украианадагы саясаты менен дүйнөгө өз күчүн жар салды. Мындай абал Бээжин үчүн ыӊгайлуу болуп, Москва экөө Бириккен улуттар уюмунда санаалаш бойдон калууда. Ошентсе да Кытай алсыз орус экономикасы менен демографиясына бой көтөрүп карап, Орусиянын жыгылуусун күтөт. Ыраакы Чыгыш менен Сибирде орус тилдүү калк азайып барат. Кытай да бул аймактарга путиндин Украинага жасаган мамилесин кыларын канчага чейин күтсө болот», - деп жазат Financial Times журналисти.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG