Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

Эл аралык басма сөзгө баяндама (11-17-ноябрь).

Британиянын The Independent гезитинин кабарчысы Эндрю Жонсон Мекедеги Мухаммед пайгамбар төрөлгөн үйдүн ордуна кымбат баалуу падышалык сарай жана соода борборлору курулганы жатканын жазып чыкты.

“Меке жоголуу коркунучунда” деген аталыштагы бул макалада жыл сайын миллиондогон зыяратчыларды кабыл алган Меке шаарындагы борбордук Ал-Харам мечитин кеңейтүү үчүн бир нече жылдан бери тарыхый калдыктарды жок кылуу иштери жүрүп жатат деп маалымдалат.

Жакынкы Чыгышты изилдеген Вашингтондогу Гольф институту да аталган гезитке Мекедеги тарыхый эски имараттардын 95 проценти талкаланып, ордуна саркеч мейманкана, соода борборлор салынып жаткандыгын билдирген.

Өткөн аптада 500 жыл мурда Осмон империясы салган "Пайгамбардын бейишке умтулган түркүгү" деген аталыштагы курулуш талкаланганын Британиядагы Ислам мурастарын изилдөө фондунун өкүлү, доктор Ирфан Алави айткан. Анын маалымдашынча, Мухаммед пайгамбар төрөлгөн “Мавлюд” аттуу үй ушул жылдын аягына чейин толугу менен бузулуп, ордуна Абдуллах падышанын жаңы сарайы курулганы турат. The Independent гезити Сауд Арабиясынын бийлигинен бул багытта комментарий сурап, бир нече ирет кайрылып, жооп алалган эмес.

Кытай лидери жубайын кызганбайбы?

Азия жана Тынч Океан кызматташтык уюмунун саммитинде Орусиянын лидери Владимир Путин Кытай лидери Си Цзинпиндин жубайына жоолук жаап, дипломатиядагы “Президенттин аялына тийишпе” деген жазылбаган эрежени бузду, же балким бул эрежени эсинен чыгарып койду”,- деп жазат Foreign Policy журналы.

Путин Пэн Люанга жоолук жабууда.

Путин Пэн Люанга жоолук жабууда.

Путиндин Кытайдын биринчи айымы Пэн Люанга жоолук жаап жаткан сүрөтү менен видеосу эл аралык медиада кызуу талкууланды. Кытайдын Weibo социалдык тармагынын колдонуучулары: “Биринчи айым сулуулугу менен Путинди багындырды”,- деген мазмундагы комментарийлерди жазып чыгышып, бирок көп узабай Кытай медиасындагы бул видео жана сүрөттөр комментарийлери менен кошо алынып салынды.

Германиянын Bild басылмасы: “Шейшемби күнү эле Владимир Путин аябай айкөл болуп, ал тургай Бээжинде Кытайдын биринчи айымына тийишип жаткан. Бирок Австралияда өтүүчү “Чоң жыйырманын” саммитинин алдында Путин кайрадан “жапайы Рэмбонун” аракетине өтүп, согуштук кемелерин деңизге чыгарып, танктарын Украинага жиберүү буйругун берди. Эмнеге Путин мындай кылып жатат? Немис биографы Борис Райтшустербуг буга төмөндөгү эки нерсе себеп болууда дейт: биринчиси - Путиндин балалыгы ар дайым күчтүүлөр алсыздарды басынткан Ленинграддын көчөлөрүндө өткөн, экинчиси - Советтер Союзу кулагандан кийин орустарда бирдиктүү мамлекет болуу идеясы басаңдап, алсыз улутпуз деген ой пикир арткан. Путин мына ушул “алсыз улут” болуп калуу коркунучун жоготкусу келет”, - деп жазган.

5 жаштагы балага Microsoft сертификаты берилди

"Англиянын Бирмингем шаарында жашаган беш жаштагы Аян Куреши аттуу балага Microsoft компаниясы “компьютер адиси” деген сертификат тапшырды" деп кабарлайт The Telegraph гезити. Аян аталган компаниянын тарыхындагы эң жаш адис болмокчу. Андан мурда Пакистандагы алты жаштагы Мехроз Яварга ушундай сертификат берилген эле. Аян компьютерди үч жашынан баштап колдонуп, быйыл Microsoft'тун сынагын тапшырган. "Бир жылга жетпеген мезгилдин ичинде эле ал Windows программасынын технолог-инженерлер үчүн чыгарылган эң жогорку 8.1 версиясын үйрөнгөн" дейт The Telegraph.

Орусия Байкоңурдан кетиши мүмкүн
Байкоңурдагы "Роскосмостун" имараты

Байкоңурдагы "Роскосмостун" имараты

Борбор Азиянын аналитикалык EuroasiaNet басылмасына Дэвид Триллингдин: “Орусия жаңы космодром курса Байкоңурга муктаж болбой калабы?” деген макаласы чыкты.

“Кремль Ыраакы Чыгышка Орусиянын көз карандысыз, өзүнө гана таандык космодромун куруу үчүн миллиарддаган долларды жумшоодо. Владимир Путиндин бул долбоору ишке ашса, Казакстандагы Байкоңурдун абалы эмне болот? Байкоңурга жакын жайгашкан шаарларда азыртадан эле кыйынчылыктар башталды. Жылуулук жакшы иштебей, таштандылар көбөйүп жатат. Студенттер болсо окуусун орустар кеткиче бүтүрүп калсак деп аракет кылышууда. Азыр Орусия Байкоңурдун ижарасы үчүн жыл сайын 115 миллион доллар төлөп, 20-25тей ракета учурат. Казак расмийлери Орусиянын кетүүсүн каалабайт. Ошентсе да расмий Москва космодром Орусияда гана болушу керек деген пикирде.

“Восточный” космодромун курууга 8,5 миллиард доллардык каражат бөлүнүп, 2018-жылы ишке кирет дешүүдө. 2020-жылга чейин Байкоңурдун азыр 65 процент болуп жаткан кирешеси 11 процентке түшөт дешет эксперттер”, - деп жазат Дэвид Триллинг.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG