Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

Кызын кордогон аял өлүм жазасына тартылды


Сауд Арабиясындагы өлүм жазасына каршылык акциясы
Сауд Арабиясындагы өлүм жазасына каршылык акциясы

Эл аралык басма сөзгө баяндама (12-19-январь).

Сауд Арабиясынын бийлиги Меке шаарында теги Бирмадан, бирок Арабияда жашаган Лейла бинт Абдул Мутталиб Басим аттуу аялды эл алдында өлүм жазасына тартты. Бул окуя эл аралык укук коргоочулар тарабынан катуу сынга дуушар болду деп жазат The Independent гезити.

Аялга жети жаштагы өгөй кызына сексуалдык кордук көрсөтүп, сабап, өлтүрдү деген айып коюлган. Арабиялык укук коргоочу активист Мохаммед ал-Саадинин айтымында, бул өлкөдө кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуунун эки ыкмасы бар. Биринчиси - ооруну сезбей турган дары сайып өлтүрүү, экинчиси - эч кандай дары сайылбай эле эл алдында кылыч менен башын алуу.

Төрт полиция кызматкери тарабынан Мекенин башкы аянтына алынып чыгып, башы алынган аялга ооруну сездирбеген дарылар сайылган эмес. Укук коргоочу ал-Саади "демек бийлик бул аялды ооруну болушунча сезсин деген", - деди Middle East Eye басылмасына.

Жакында эле Сауд Арабиясында “Эркин Сауд Либералдары” аттуу веб-баракча ачып, ойлорун жазган блогчу Раиф Бадавини бийлик камакка алып, миӊ балак жана он жылдык абак жазасын берген. Бул чечим тууралуу Human Rights Watch уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка чөлкөмү боюнча директору Сара Ли Уилсон: “Сауд Арабиясы сөз эркиндигин чектеп, блогчулардын көз карандысыздыгына шек келтирүүдө”, - деп айткан The Independent гезитине.

Орусиядан мигранттар кетип кыймыл токтоду

Рублдин куну түшүп, Орусиянын ири шаарларындагы кара жумушту жасаган өзбек, кыргыз, тажиктер өз мекенине кайтып, кыймыл токтоду деп жазат Италиянын La Repubblica гезитинде журналист Никола Ломбардоцци.

“Мурдагы Советтер Союзунун эӊ жакыр өлкөлөрүнөн барган миллиондон ашуун мигрант эки аптанын ичинде Орусияны таштап кетти. Алгач орустар бул көрүнүшкө сүйүнгөнү менен өлкөдө майда-чүйдө иштер аткарылбай калууда. Москвалыктар тротуарлары тазаланбай калганын, кар күрөлбөй турганын көрүштү. Санкт-Петербургда да абал жакшы эмес. Мэрия элди кар күрөөгө чакырып, атуулдардын жаалданган сынына кабылды. Орус атуулдары мындай абалга таптакыр даяр эместигин көрсөттү”, - деп жазат журналист.

Бул эле эмес, мигранттардын кетүүсү курулушту токтотуп, дүкөндөр, ресторандар аксап, экономика жабыркоодо. Орусияга Кыргызстан же Тажикстандан барган “бечара” мигранттар эми 4 миң рублдик айлык алып иштегенге ыраазы болбойт. Буга рублдин арзандоосу, чет элдиктердин Орусияда жашоосун кыйындаткан мыйзамдар себеп болду деп жазат La Repubblica.

Наристени аман алып калган мышык

Батыш басма сөзүндө узаган аптада эӊ көп окулган макалалардын башында Орусиядагы мышык тууралуу окуя болду. Орусиянын Обнинск шаарында көчөдө жашаган жолбун Маша аттуу мышык саксайган жүнү менен батир үйлөрдүн подьездине таштап кеткен үч айлык наристени катуу сууктан аман алып калды деп жазат The Mirror гезити.

Ымыркайды белгисиз бирөөлөр кагаз кутуга салып, сыртка таштап кеткен. 10 градустан төмөнкү аязда бала суукта бир нече саат жатса тоӊуп калмак. Бирок жолбун мышык баланы жылытып, кагаз кутунун ичинен катуу мыйоолоп жергиликтүү тургундардын көӊүлүн өзүнө буруп, баланын тирүү калышына шарт түзгөн чоӊ каарманга айланды дейт аталган гезит.

Үрүмчүдө паранжага тыюу салынды

Кытайдын Шинжаң чөлкөмүндө жана Үрүмчү шаарында мусулман аялдардын паранжа кийип жүрүүсү тыйылды деп кабарлайт The Washington Times басылмасы.

Аймакта экстремизим менен күрөшүү максатында ушундай чечим кабыл алынганын жергиликтүү бийлик билдирген. Кара түстөгү узун паранжаларды кийүү айрым уйгур аялдарына мүнөздүү көрүнүш эле. Үрүмчү калкынын элүү проценти – мусулмандар. Бул тыюу салуу качантан баштап күчүнө кирери белгисиз.

Буга чейин Франция менен Бельгияда паранжа тыйылган болчу. Жергиликтүү элдин буга карата азырынча көз карашы айтыла элек деп жазат The Washington Times гезитинин журналисти.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG