Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Ким Чен Ын эми кашын кырдырды


Кимдин кашынын жарымын кырып салуусун чоң атасы Ким Ир Сенге окшошкусу келип атат деп жоругандар бар.
Кимдин кашынын жарымын кырып салуусун чоң атасы Ким Ир Сенге окшошкусу келип атат деп жоругандар бар.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (16-февраль-23-февраль).

Узаган апта соңунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чачы менен кашы кайрадан дүйнөлүк басма сөздү дүрбөткөн окуяга айланды.

Дээрлик бардык басылмалар бул багытта макалаларды жарыялады. Британиянын The Independent гезити Ким Чен Ындын чачы гана эмес, кашы дагы аз күн ичинде бул өлкөдө модага айланарын жазат. Себеби, отуз жаштан жаңы ашкан лидер төбөсүндө гана чокчойгон чач калтырып, башынын калган бөлүгүн тасырайта алдырган. Буга кошумча кашы дагы эки эсе кыскарып, көздүн жарымына гана барабар болуп кырылган сүрөттөрү жарыяланды.

The Independent басылмасынын журналисти Лизи Диерден:

- Эми корейлер “кымбаттуу” лидерине окшошуу үчүн болгон аракетин жумшайт. Бардык чач тарачтар кайчыларын Ким Чен Ындын чачындай кыркуу үчүн курчута баштады, - деп жазды.

Ал эми South China Morning Post басылмасы Кимдин кашынын жарымын кырып салуусун ал "чоң атасы Ким Ир Сенге окшошкусу келип атат" деп жоруду.

Англис банкындагы чырдын учу Борбор Азияда

Кытайдагы HSBC банкынын филиалы
Кытайдагы HSBC банкынын филиалы

"Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын атуулдары Британиядагы эң ири HSBC банкына байланышкан чырга илешти" деп жазат The Diplomat аналитикалык журналы.

Журналист Пол Сорбелло "HSBC банкына байланышкан акыркы чырда Борбор Азиянын салыктан качкан, акчасын ушул банктта жашырган крим-лидерлери, ишкерлери, саясатчылары катышууда" дейт. Алардын көбү газ жана мунайга бай Казакстандын жарандары.

Франциянын Le Monde басылмасына аталган банктын Швейцариядагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы кызматкери Эрве Фальциани миңдеген жашыруун файлдарды тапшырган. 45 кишиден турган изилдөөчүлөр бир нече күн бою аларды казып отуруп, кылмыштуу эсеп-кысаптардын теги Борбор Азияда экенин таап чыккан. Алардын башында 4,4 миллиард доллардык жашыруун эсеби менен Казакстандын “Альянс” банкын 2006-2008-жылдары жетектеп, 2009-жылы дефолтко учураткан, кийин Лондондун Жогорку Соту тарабынан каржылык кылмышкер катары табылган Маргулан Сейсембаев жана Тимур Куанышев турат.

Кытай бийлиги эми эки балалуу болгула деп кыйнайт

The Market Watch басылмасынын маалымдоосу боюнча Кытай бийлиги эми элди милдеттүү түрдө экинчи балалуу болгула демей болду. 30 жылдан бери бул өлкөдө бир үй-бүлө бир бала менен чектелчү. 2014-жылы бул мыйзамга өзгөртүү кирип, экиден балалуу болууга уруксат берилген. Акыркы мезгилде Кытай элинин тез картайып, эмгекке жарамсыз калктын көбөйүүсүнөн улам демографиялык көйгөйдүн алдын алуу үчүн бийлик ушундай кадамга барып жатат дешет The Market Watch журналынын аналитиктери.

Шанхайдагы Guangming Daily интернет сайты бийликтин бул аракетин сындап, тыюу салганга караганда, балалуу болгула деген чакырык бир топ үй-бүлөнү шыктандырбай турганын жазат. Ал эми Sohu.com аттуу дагы бир кытай сайты 1960-жылдары Румынияда аборт жасоону тыйган саясаттан кийин, балдардын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин мисал келтирип, Кытайда да бул иш кооптуу экенин эскертет.

Жигитине эмес конок кишиге турмушка чыкты

"Индиянын түндүгүндөгү Рампур аттуу шаарчада 23 жаштагы Индира аттуу кыз үйлөнүү тоюнда талмасы кармап калган жигитине турмушка чыгуудан баш тартып, келген меймандардын ичинен каалоочулар болсо үйлөнөлү деген сунушу менен дүйнөнү таң калтырды" деп жазат The Times of India гезити.

Индиранын ата-энеси да күйөө баланын оорулуу экенин билген соң кудаларына таарынып, жаңжал чыгарышкан. Бирок үлпөт көйнөкчөн Индира кайгырып калбай, дароо эле тойго барган меймандардын ичинен Харпал Синх аттуу жигитти тандап, тойду улантып кеткен.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG