Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Диний көз караш күндүн тутулуусун көрүүгө тоскоол болду


20-мартта күн түтүлүп, ал бир катар өлкөлөрдө билинген болчу.
20-мартта күн түтүлүп, ал бир катар өлкөлөрдө билинген болчу.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (16-23-март).

Лондондун Соузхолл аймагындагы North Primary башталгыч мектебинин окуучуларына мугалимдер күндүн тутутулуусун көрсөтүшкөн жок. Бул окуя басма сөздө кызуу талкууга алынды. Evening Standard гезитинин редакторлорунун бири Анна Дэвис күн тутулуусун көрүш үчүн окуучулар мурдатан даярданышып, үй тапшырма катары атайын кагаз камераларды жасашкан. Бирок мугалимдер диний көз караштан улам балдарды сыртка чыгарбай, бул окуяны теле аркылуу гана көрүүгө уруксат беришкен.

Айрым ата-энелер мугалимдерди сындашып: “Күндүн тутулуусу илимий окуя, эмнеге аны диний көз караш менен карашыбыз керек. Минтип отурсак орто кылымдарга кайра барып калбайбызбы?” - деген суроо коюшкан. Ал эми мектеп директору Айвор Жонстоун: “Диний жана маданий көз караштарды эске алуу менен ушундай чечим чыгардык. Кимде ким буга таарынса кечирим сурайбыз. Бирок балдар күндүн тутулуусун теледен көрүштү”- деди. 20-мартта күн тутулуп, ал бир катар өлкөлөрдө даана билинген болчу.

Эрдоган түрк медиясынын түбүнө жетеби?

Англиянын The Guardian гезитине түркиялык журналист Явуз Байдардын “Эрдоган Түркия журналистикасын талкалоодо” аттуу макаласы чыгып, окурмандардын кызуу талкуусуна алынды.

“2011-жылдан бери Режеп Тайып Эрдоган башында турган бийлик Түркиядагы сөз эркиндигин журналистиканын элитасын камакка алып, коркутуп-үркүтүү менен чектөөдө. Азыр журналисттер кандайдыр бир сындаган кабарды жазардан мурда анын артында эмне турат деп катуу ойлонуп, АК партиянын каарына калбаш үчүн бийликти гана жактаган маанайдагы макалаларды жаза баштады” дейт автор. Жакында эле 2010-жылы аскерий багыттагы макалалар топтомун чыгарганы үчүн Мехмет Барансу аттуу кабарчы камалды. Мындай камакка алуулар Түркиядагы демократиянын негизги уӊгусу болгон журналисттерди чынчыл, бейтарапсыз кабар жазуудан четтетип, алар эптеп эле Эрдогандын “куйругун” басып албоого аракет кылышууда. Чыгармачылык менен иштөө токтоду. Улуттук медиа коррупцияга белчесинен батып, бийликтин гана камчысын чабууда. Журналисттердин көз карандысыз байланыш уюмунун маалымдоосу боюнча азыр Түркияда 22 журналисттин үстүнөн кылмыш иши козголуп, камакта отурушат. Акыркы үч жылдын ичинде сот 61 журналистке өкүм чыгарып, алар Эрдоганга каршы иш аракет жүргүздү деп табылган. “Биздеги демократия азыр бир кишинин амбициясынан улам кысымга учураган түрк медиасы качан азаттыкка чыгарына гана көз каранды болуп турат”, - деп жазган Явуз Байдар.

Азия цивилизациясы жоголууда

The Diplomat журналынын аналитиги Ахилеш Пиллаламарри Азиядагы байыркы тарыхый эстеликтер жетишерлик кам көрүлбөгөндөн улам жоголуп баратканын, бул аймактын маданияты, туризми жана келечеги үчүн кооптуу экенин эскертет. Айрыкча Сирия, Ирактагы археологиялык мурастар акыркы мезгилде "Ислам мамлекети" сыяктуу уюшкан топтор тарабынан эсепсиз талкаланууда.

Европа жана Америкадагы тарыхый эстеликтер жана имараттар мамлекеттин кароосуна алынып, жылына миллиондогон каражат бөлүнүп, бир нече кылым мурда салынган чиркөө, сепилдер күнү бүгүнкүдөй сакталып турат. "Ал эми Азияда Таж-Махал, Ражастан жана Борбор Азиядагы байыркы мунаралар мамлекеттин тийиштүү кароосуна алынбагандан улам талкаланып жоголууда. Бул аймактарда дүйнөдө табылбаган байыркы керемет имараттар, тарыхый жайлар, археологиялык мурастар бар. Бийлик да аларга кайдыгер карабай тийиштүү көӊүл буруусу шарт" деп жазат The Diplomat.

Билимде окуу жай, дипломдун мааниси жок

Америкада марттын акыркы аптасы мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларды тандаган учур болуп саналат. Аналитиктер Гарвард, Стенфорд сыяктуу аты чыккан университеттерде билим алууга ашыккандардын демин басчу изилдөө жасашты. Бул изилдөө тууралуу The Washington Post гезити жазган.

Жыл сайын Гарвард сыяктуу атактуу университеттерден миллиондогон жаштар бакыт издешет. Бирок алардын бир нече миӊи гана мындай жайларга өтө алат.

Ал эми New York Times гезитинин аналитиги жакында эле кайда окуш керек деген темада китеп жазган. Ал китепте америкалык мыкты маяналуу 500 жетекчинин 30 пайызы гана атактуу университеттерден окуганы баяндалат. Иликтөөчүлөр жакшы билимди адам университеттен эмес, өзү гана изденип окушу керек деген тыянак чыгарышкан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG