Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Эл аралык басма сөзгө баяндама (20-27-апрель).

Кытай расмийлери маркумду акыркы сапарга узатууда стриптиз бийлеткен салтты токтотууну талап кыла баштады.

Бул кабар эл аралык басма сөздө кызуу талкууланды. The Global Times гезитинин кабарчысы Кытайдын Хебей жана Жиангсу аймактарында каза болгон кишини жерге берердин алдында чогулган элге атайын аялдарды алып келип, жарым жылаңач бийлеткен адаттан тыш салт бар экенин, ага өзү күбө болгонун жазып чыккан.

Ушундан көп өтпөй Кытай бийлиги жергиликтүү элден мындай жосунсуз жорукту токтотууну талап кыла баштады. Бирок аталган аймактын элинде көптөгөн жылдардан бери маркумду акыркы сапарга узатууга канчалык көп адам катышса, анын аркы дүйнөдөгү абалы да ошончо жакшы болот деген ишенимден улам, элди көп тартуу үчүн стриптиз бийлеткен салт калыптанып калган. "Стриптизчи аялдардын мындай "өнөрүн" көрүүгө бүтүндөй айыл эли, бала-чакасы менен кошо катышат" деп жазат The Telegraph гезити. Кытайдын маданият министри атайын билдирүү жасап, бул жөрөлгөнү “жапайычылык” деп атады.

Геноцид деген эмне?

Ушул суроону дүйнөдөгү белдүү басылмалардын бардыгы талкуулап, Түркиянын армяндарга карата ХХ кылымдын башында жүргүзгөн саясатын геноцид деп атоого болобу дешүүдө.

Британиянын The Economist журналы 1915-жылы 24-апрелде Осмон империясы 500 миң армянды кырган деп жазат. Бирок бул сан 1 миллиондон 1,5 миллионго чейин болушу ыктымал, андыктан армян улуттук диаспорасы жана айрым өлкөлөр Түркияны армяндарды геноцид кылганын расмий моюнга алдыра албай убара. Деги эле тукум курут кылуу дегенге жаткан “геноцид” суроосуна аталган журнал Европадагы фашисттик режим кырган 15 миллион жөөттү, Украинадагы сталиндик режимдин ачарчылыгынан өлгөн 7 миллион адамды жана Кытайдагы 1950-52-жылдары бийлик тарабынан өлтүрүлгөн 700 миң контрреволюциячыл кишини мисал келтирип, тарыхта Түркиянын кадамын аныктоо иши барган сайын татаалдашып баратканын жазган. Рим Папасы жана Европа Парламенти армяндарды өлтүрүүнү “геноцид” деп атап, Түркия бийлигин да муну кабылдоого чакырды. Мындай чакырыкты түрк бийлиги кабыл албай келет дейт The Economist.

Кыргызстанда ислам бакчалары көбөйдү

"Акыркы мезгилде Кыргызстанда мамлекеттик бала бакчалардын саны аз болгондон улам менчик, анын ичинде исламий багыттагы бала бакчалардын саны арбып, алардын билим берүү стандарты мамлекет тарабынан тастыкталбагандан улам жашыруун иш алып барышууда" деп жазат Euroasianet онлайн басылмасынын аналитиги Крис Риклтон. Бишкекте мындай бакчалардын расмий саны такталган эмес. Бейрасмий булактар боюнча “халал” стандартта бала баккан жайлардын саны онго жакын. Алар бийликтен жашыруун иш алып барышууда. Мындай жайларда үч жаштан улуу балдарга намаз, Куран үйрөтүшүп, түшкүсүн кыздар менен балдар аралашпай бөлөк укташат. Билим берүү министрлигинин өкүлү Айгүл Камалованын айтымында, бала бакчалар мамлекеттик нормада гана иш алып барууга милдеттүү. “Ислам мамлекети” уюмуна Борбор Азиядан кетип жаткан адамдардын саны арбып турганда Кыргызстанда мындай бакчалардын иш алып баруусу кырдаалды азыркыдан да курчутуп ийбейби дейт аналитик Риклтон.

Индияда маалымат технологиясы үйлөнүү шартын өзгөрттү

"Индияда жаштар ата-энеси таап берген гана жупка баш кошкон салт азыр да уланууда. Бирок Интернет, онлайн таанышуу деген жаңы технологиялар менен келинди же күйөө баланы издөөнүн шарты да өзгөрүүдө" деп жазат The New York Times басылмасы. Азыр ата-энелер балдарына онлайн таанышуу аркылуу жубай издегенге өтүштү. Баш кошкон жубайлардын 95 пайызы алгач интернеттен бири-бири менен таанышып, ата-энелеринин сынагынан да так ушул интернет аркылуу өтүп жатышат. Жыл сайын Индияда 8 миллионго жакын өспүрүм кыз ата-энеси тапкан жигитке турмушка чыгат. Алардын көбү алгач ирет болочок күйөөлөрүн үйлөнүү тойдо гана көрүшөт. Бирок аналитиктер Индия дүйнөдөгү ажырашуусу эң аз өлкө экенин белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG