Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Эл аралык басма сөзгө баяндама (15-22-июнь).

The Telegraph гезити Британиядан Бириккен Араб Эмираттарына барган туристтерине Вотсап социалдык тармагы аркылуу сөгүнүп, жаман сөз айткандан оолак болууну эскертүүдө. Себеби бул өлкөдөгү жаңы чыккан мыйзам боюнча, Вотсап аркылуу сөгүнгөндөр, адамдын аброюна шек келтирген жаман сөздөрдү жазгандар же айткандар 71 миң доллардан ашуун айыппулга жыгылат же камакка алынат. Бул жергиликтүү тургундарга да, четтен келген туристтерге да тиешелүү.

Абу Даби шаарынын тургуну Вотсап аркылуу кесиптешинин намысына шек келтирген сөздөрдү жазып, ага жараша Кылмыш-жаза кодекси боюнча соттолуп, 250 миң дирхем айыппул төлөгөн. Чет элдик атуулдар жана туристтер Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында онлайндан сөгүшүп, жаман сөз жазышса, айыппул төлөгөндөн кийин дароо депортацияланат. Ал тургай онлайн аркылуу бирөөгө ортоңку манжасын көрсөткөн уят сүрөттү жиберген киши да мыйзамдын каарына калып, 500 миң дирхем же 138 миң доллар айыппулга жыгылат. Юрист Абдуллах Юсуф аль Насир 7 Days телеканалына маек куруп: "Интернеттеги социалдык тармактардан бирөөгө жаман сөз айтмак тургай, ортонку манжасын көрсөтүп, сүрөт жиберген киши Бириккен Араб Эмираттарынын мыйзамы боюнча жооп берет. 500 миң дирхем айыппулдан тышкары, 3 жылга чейин камалып кетиши ыктымал”, - деген.

Өнүккөн технология демократиянын демин басууда

Жаңы кылымдын босогосун демократия жана технология деген эки түшүнүк бир учурда, бирдей деңгээлде аттаганы менен, 15 жылдын ичинде байланыш жана маалымат технологиясы укмуштай тездик менен өнүгүп, алдыга кеткен. Алсак, массалык санариптешүү, ачык видео-платформалар, "акылдуу" телефондор, социалдык медиа, миллиарддаган кишилердин интернетке кире алуусу коомдун жана адамзаттын өнүгүшүндө төңкөрүш болду деп жазат Foreign Policy журналы.

"Бирок ошол эле маалда технология менен сапарга бирге чыккан демократиялык принциптер кылым башындагы деңгээлде эле калган. Буга эмне себеп? Демократиялык өнүгүүнүн дымагын мүнөт сайын алдыга жылган технология басып коюуда. Улам жаңы техникалык жетишкендиктерге кызыккан элдин саясат менен алпурушууга чамасы келбей калгандай. Маселен, азыр АКШда эл мурдагыдай коомдо же жашаган жеринде болуп жаткан жаман жагдайларды үйүнөн чыкпай эле FixMyStreet же "Көчөмдү оңдо" деген сыяктуу телефондук шилтемелер аркылуу эле карап чыгып, жергиликтүү бийликке маалымат жиберет. Рио де Жанейро сыяктуу ири шаарлар азыр ушундай системага өтүүдө. Социалдык тармактар коомдун эркин ой жүгүртүүсүн шарттаганы менен, мурда алыс болуп, кол жеткистей сезилген авторитардык саясатчылар менен жөнөкөй элди жакындатып койду. Технологиядагы либералдуулукту Орусия, Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөр демократияны басуу үчүн байкоо жана мониторинг жолу менен ишке ашырууда" деп жазат Foreign Policy.

Австралия күйөрмандары Бишкектеги оюнга нааразы

Австралия менен Кыргызстандын футболдук беттешүүсү узаган аптада дүйнөлүк прессада кызуу талкууланды. Бул багытта Англиянын The Guardian гезити бир нече макала басты. Анын биринде Австралиядан Бишкекке атайын оюнду көргөнү барган күйөрмандардын нааразы пикирлери берилген. Стадиондогу элдин көптүгүнөн жаш балдар тебелендиде калып, австралиялык айрым күйөрмандар оюнга киргенден баш тартышкан. Австралия командасын кайда барбасын ээрчип, сүрөп жүргөн Пабло Бейтсон аттуу күйөрман, Бишкектеги оюн учурунда дүйнөдө мурда-кийин көрбөгөн жаман көрүнүшкө туш болгонун айткан. “Австралия күйөрмандарын стадионго киргизиш үчүн эч кандай коопсуздук чаралары көрүлбөй, Кыргызстандын ашынган футбол фанаттары бак-даракка, имараттарга чыгып, стадионго секирип түшүп жатышты”, - деп билдирген Бейтсон.

Кыргызстан-Австралия беттеши

Кыргызстан-Австралия беттеши

Мельбурндан Бишкекке барган көптөгөн австралиялык күйөрмандар колунда билети болсо да оюнга кирбей калышкан. Шотландиялык Дэвид Мак Эрдли аттуу футбол блогери “Мен Глазгодо Англия менен Шотландиянын беттешкенин көргөм. Европа, Кавказ жана Балкандарда көптөгөн оюндарга баргам. Бирок Бишкек стадионундагыдай анархиялык атмосфераны көргөн эмесмин”, - деген The Guardian гезитине.

Бен Ладендин уулу атасынын өлгөнүн тастыктай албады

2011-жылдын 9-сентябрында Америка Кошмо Штаттарынын атайын аскерий операциясы учурунда каза тапкан Усама бен Ладендин уулу Абдуллах бен Ладен Сауд Арабиясындагы АКШ элчилигине атасынын өлгөнүн тастыктоочу документ сурап кайрылган. Бирок ага мындай маалымдама берилген жок деп жазат The Washington Post гезитинин аналитиги Адам Тейлор. Усама бен Ладенди жок кылуу операциясынан кийин анын сөөгү океанга ыргытылды деп маалымдалып, бирок эч кандай тастыктоочу видео же сүрөт, ал тургай өлгөнү тууралуу маалымдама жазылган эмес.

Маркумдун уулу Абдуллахка АКШнын Сауд Арабиядагы консулу Глен Кейсер: “Аскерий операциялар учурунда өлтүрүлгөн адамдар тууралуу маалымат берилбейт”, - деген жооп узаткан. Абдуллах эмнеге атасынын өлгөнү тууралуу документ сурап жатканы такталган эмес деп жазат аталган гезит.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG