Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Барак Обамага иниси таарынды


Барак Обама атасынын мекени Кенияга иш сапар менен барды.
Барак Обама атасынын мекени Кенияга иш сапар менен барды.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (20-27-июль)

Американын президенти Барак Обаманын Кенияга жасаган иш сапары дүйнөлүк басылмаларда абдан кызуу талкууга алынды.

Британияда чыккан The Telegraph гезити Обаманын аталаш иниси Жорж агасы Баракка таарынып калганын жазып чыкты. Себеби Кениядагы сапары учурунда АКШнын ажосун атасы туулуп өскөн алыскы Когело айылында бир тууган, жакындары күткөн. Бирок Обама атасынын туулуп, сөөгү коюлган айылга бара албай калган. Ошентсе да Обама чоң энеси Сара менен Кениянын борбору Найробиде жолугушуп, чогуу тамактанышты.

Барактын иниси Жорж 2010-жылдан бери “Жаш африкалык лидерлер” демилгесин жетектеп, алыскы айылдардагы таланттуу балдарга билим берүү менен алектенет. Агасынын Кениядагы иш сапары учурунда аны Найробиде: “Үйүңө кош келдиң!” деген ураандар менен тосуп алышты. Барак Обаманын атасы Кениядан Америкадагы атактуу Гарвард университетине барып билим алган эмигранттардан болгон эле.

Уйгурлардын айынан Түркия-Кытай ымаласы бузулабы?

Расмий Анкара менен Бээжиндин ымаласы Шинжаңдагы уйгурлардын айынан солгундап кетиши мүмкүн деп жазат аналитик Дориан Жонес Euroasianet басылмасында. Айрыкча Орозо айында уйгурларга жасалган мамилени этникалык кысым катары кабылдап, Түркияда бир катар акциялар өткөн.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болбосо да Орусия менен Кытай Түркияга абдан жакшы мамиле жасап, Кытай компаниялары 3,4 миллиард доллардык аскерий келишимди түзгөн. Бирок Кытайдын тышкы иштер министри Today’s Zaman гезитине курган маегинде Түркиянын ШКУга мүчө болушу тез арада чечилбестигин айтып, мамилелер солгундаганынан кабар бергенсийт деп жазат Жонес.

Июнь айында Стамбулдагы кытай ресторанына түрктөр кол салышкан. Кызыгы ал жайды иштеткен адам уйгур болгон. Анкарада жаалданган топ кытайлык туристтерди ур-тепкиге алышкан. Буга жооп ирээтинде Бээжин өз туристтерин Түркияга барбай турууга чакырды.

Түркия жана Азиянын стратегиялык изилдөөлөр боюнча борборунун эксперти Мурат Билхан: “Бул окуялар үчүн биз Кытайга кымбат жаза төлөп калышыбыз ыктымал. Режеп Тайып Эрдоган эми ушул бузулган ымаланы кайра оңдош үчүн көп күч жана убакыт сарптап калат”, - деген Euroasianet басылмасына.

Орусиядагы кыйынчылык Европаны туңгуякка кептейт

The Washington Times гезитинин аналитиги Тодд Вуд Орусияда улам тереңдеген экономикалык кыйынчылык, Украинада басылбаган куралдуу кагылыштардын баасы бул аймакта жашаган жана Европанын калкы үчүн өтө кымбатка турарын жазып чыкты.

Кремль санкциялар менен мунай баасынын түшүүсүнөн улам келип чыккан каржылык кыйынчылык артканына карабай, армияны кубаттандырууну билдирди. Эми социалдык төлөмдөр, саламаттык системасы мурдагыдан да кыйын абалга түшөт. Эч кандай патриоттук ураандар үй-бүлөнү тойгуза албайт да. Расмий Москва элди алаксытуу үчүн Украинадагы согуштук иш-аракеттерди азыркыдан да күчөтүшү ыктымал. Батыш Орусияны оор абалга кептегенден майнап чыкпастыгын, андан өзү да катуу жабыркап каларын унутпаса болмок. Америка жана орус бийлиги азыркы кыйынчылыктан чыгуунун жолун табышы керек”, - деп жазат Тодд Вуд.

Курандын байыркы кол жазмасы элди дүрбөтөт

Британиянын Бирмингем шаарында Мухаммед пайгамбардын учурундагы доорго туура келген Курандын эң байыркы кол жазмасы табылып, дүйнөлүк коомчулук кызуу талкууга алууда. Аны көрүш үчүн дүйнөнүн чар тарабынан адамдар эми Бирмингемге агылышы ыктымал экенин жазды The Washington Post гезити.

Жакынкы Чыгыштан алынып барган кол жазмалардын арасында бир нече жылдан бери сакталган Куранды радиокычкыл заттар менен атайын лабораторияда текшерип, окумуштуулар анын 568-жылдан 645-жылга чейинки заманда жазылганын аныкташты.

Бирмингем университетинин профессору Дэвид Томастын ою боюнча бул кол жазманын автору балким Мухаммед пайгамбарды көрүп, анын өз оозунан жазып алган болушу да мүмкүн. Хижаз ариби менен жазылган Курандын үзүндүсүн бардык каалоочулар 2-октябрдан 25-октябрга чейин Бирмингем университетине барып көрө алышат деп кабарлайт The Washington Post.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG