Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Желим менен өскөн козу карынды адам жейби?


Желим жеген козу карын тамак-ашка колдонулат, 2015-жылы космостук изилдөөлөр өркүндөйт, Британияда айдоочусуз жүргөн автоунаалар сындан өтөт.

Cоңку изилдөөлөргө караганда, дүйнөлүк океанга 250 миң тоннадан көп желим калдыктар ташталган. Тоодой болгон желим таштандылардан кантип арылса болот? Австриялык дизайнер Катарина Унгердин ою боюнча адамдар аны жеп жок кылышы керек экен.

Катарина Унгер Голландиядагы Утрехт университети менен бирдикте желим менен азыктанган, адам баласы жесе боло турган козу карынды өстүрүүчү система ойлоп тапты. Ооба, жаңылыш уккан жоксуз. Желим жеген козу карынды эми биз, адамдар жесек болот экен.

2012-жылы Йейл университетинин окумуштуулары полиуретанды сиңире алчу козу карындын түрүн табышкан. Ошондон баштап кайсы козу карын желимди андагы уулуу заттарды өзүнө сиңирбей туруп, жогото аларын изилдөө күчүнө кирген. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары - айлана-чөйрөнү эң көп булгаган желим калдыктарды тамак-ашка айландырсак кандай болот деп суроону кызытып, Унгерди ойлонто баштаган.

Дизайнер иштеп чыккан «Фунги Мутариум» деп аталган система илимий негизде жасалса да, азырынча толук текшерүүдөн өтө элек. Желим менен азыктанган козу карынды дизайнер өзү жеп көргөн, бирок адамдын ден соолугу үчүн анын зыянсыз экендиги толук далилдене элек - деп жазат Wired журналы.

2015-жылдагы космостук изилдөөлөр

Жаңырган жыл космосту изилдөөдө өзгөчө бир толкунданткан жыл болот. 2014-жылы адам баласы кометага конгондугу менен эсте калса, бул жыл Плутон жана башка эргежээл планеталар менен белгилүү болчудай. Окумуштуулардын айтканына караганда, “Горизонт” космос учагы Плутон планетасына ушул айда жакындай баштап, июль айында эң жакын барып, муз баскан алыскы дүйнөнү сүрөткө тартып, балким андан тоолорду, вулкан, гейзерлерди табат. Март айында болсо «Давн» космос учагы Марс менен Юпитердин ортосундагы Серес деп аталган эргежээл планетага жетет. Балким муз каптаган Серестин тоң кыртышынын алдында суу болсо, анда жашоого мүмкүн экенинен кабар берет.

Бул жылы да «Розетта» миссиясы өз ишин улап, кометаны жакындан изилдөөнү жүргүзө берет. Былтыркы кырсыктарга, жарылган ракетага карабай, менчик компаниялар адамды космоско ташуунун өнүгүүсүн камсыздай берет деп жазды Wired журналы 2015-жылдагы иликтөөлөр тууралуу.

Британияда айдоочусуз автоунаалар сыналат

Быйылкы жылы Британиянын Бристол, Ковенти, Милтон Кейнес жана Гриинвич шаарларында айдоочусуз автоунаалар текшерүүдөн жана сынактан өтө баштайт. Бул жаңылык Британияны автоматтык унаа технологиялар айдыңында алдыңкы катарга алып чыгат деп жазат The Guardian агенттиги.

Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 19 миллион фунтка үч башка жерде - Бристолдо, Гринвичте жана Ковенти менен Милтон Кейнесте сыноо өткөрүлөт. 18 айдан 36 айга созулчу сыноолор өзү жүрүүчү автоунааларды ар тараптан текшерип, байкоо жүргүзөт. Бул унаалар кадимки жолдо жүрүүгө ылайыкташса да сыноодон атайын жерлерде өткөрүлөт.

Сыноого убак-убагы менен өзү жүргөн, ошондой эле айдоочу отурган жарым автоматтык унаалар коюлат. Бардык үч долбоор тең бүт маалыматты башкарып туруучу сырткы мониторго туташтырылган.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG