Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

SpaceX компаниясы Айга туристтерди учурат


SpaceX компаниясынын кемеси "Dragon" космосто.
SpaceX компаниясынын кемеси "Dragon" космосто.

Компания акыркы кырк жылдан бери Айга учууну жандандырып жатканын SpaceXтин башчысы Элон Маск билдирди. Ал туристтердин аттарын жана Айга чейинки саякаттын баасын атоодон баш тартып, бирок “туристтер Голливуддан эмес экенин” билдирди. Анын айтуусунда, саякат бир жумага созулат. Учуу Айга конуусуз жүргүзүлмөкчү.

Акыркы жолу Айга 1972-жылы «Аполлон-17» кемесинин астронавттары барып келишкен. Жакынкы он жылда Айга учууну АКШ, Жапония, Орусия жана Кытай максат кылууда, бул алардын Марска учуусуна даярдыгы болушу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG