Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Орусиянын Сирия кризисине президент Башар Асадга колдоо көргөзүү менен кийлигише баштаганы бул өлкөдөгү жарандык согушту саясий жол менен жөнгөрүү жолун туңгуюкка кептечүдөй. Москва менен Вашингтон Асаддын саясий жараяндагы жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалициядагы ролун эки башка көрөт.

Орусия Сириядагы аскерий кубатын чыңдоого киришип, уруш жүрүп жаткан өлкөнүн батыш бөлүгүнө танктарды, зениттик ракеталарды, оор артиллерияны, аскер кызматчыларын жөнөткөнү белгилүү болду. Ага катар Латакия шаарында аба базасын курууну көздөгөнүн каңкуулаган соң Москва Вашингтонго бир катар эскертүүлөрдү жасады.

Мамлекеттик катчы Жон Керри “Москванын президент Башар Асадды колдоону улантышы жаңжалдын кеңейүү тобокелдигин туудурат, АКШ Асад бийликтен кетсин деген турумун өзгөрткөн жок, ал “Ислам мамлекети” тобуна каршы 60тан ашуун өлкө кирген коалициянын эч качан ишенимдүү мүчөсү боло албайт”, - деп белгиледи.

Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан ушул аптада чыккан интервьюсунда Асад АКШ баштаган коалициянын “Ислам мамлекети” (ИМ) тобуна каршы операциясы жериндеги кырдаалга эч таасир көргөзө албайт деп ырастап, Батыш өлкөлөрүн жана Сириядагы козголоңчуларды радикал топту жеңүү үчүн Дамаск менен алака түзүүгө үндөдү.

Орусия болсо Сирияга курал-жарак жиберип жатканын ырастады. Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ишендиргенине караганда, аскерлер Сирияга ошол курал-жаракты колдонууну үйрөтүп, машыктырууга жөнөтүлдү. Путин Орусия Сирияга аскерий-техникалык жардамды көргөзүп келген жана ал улана берет деп кесе айтты.

Латакиядагы аба базанын космостон тартылган сүрөтү. 15.09.2015

Латакиядагы аба базанын космостон тартылган сүрөтү. 15.09.2015

Кошмо Штаттар бир нече апта мурда эле Орусия Сирия кризисин саясий жол менен жөнгөрүү үчүн президент Асадды бийликтен кетүүгө ынандырууга жардам берет деп үмүттөнгөн. Вашингтон менен Москванын Сирия боюнча саясатындагы карама-каршылыктарды чечмелеп берүүсүн сурап, “Азаттык” америкалык жана орусиялык эксперттерге кайрылды.

"Асад турганда ИМди жеңе албайсыз"

Биздин маектешибиз АКШдагы Тышкы байланыштар кеңешинин Жакынкы Чыгыш боюнча улук иликтөөчүсү, мурдагы президент Жорж Буштун администрациясында иштеген Эллиот Абрамс (Elliott Abrams).

“Азаттык”: Президент Обама Асад бийликтен кетиши керек деп алгач 2012-жылдын башында айтты эле. Анда Сирияда ИМ тобу күчөй элек кез болчу. Вашингтондун бул туруму азыр да өзгөрүүсүз калып жатат. АКШ администрациясы эмне үчүн президент Асад бийликтен кетиши керек деп эсептейт?

Эллиот Абрамс

Эллиот Абрамс

Абрамс: 2011-жылы "Араб жазы" аталган окуялар башталганда Тунистин президенти Бен Али, Египетте Хосни Мубарак каршылыксыз, кыянатчылыксыз кетти. Сирияда эл көтөрүлгөндө президент Асад аларды жөн эле өлтүрүүгө өттү да. Ошондон тарта аёосуз репрессиялар башталды. Андыктан, президент Обаманын Асад кетиши керек деп айтканы логикалуу жана туура сөз. Бирок андан кийин Асадды кетүүгө мажбурлаган саясат болушу керек эле да. Администрация жана президент мындай саясатты эч кабыл алган жок. Бир катар адамдар муну жасоого чакырышты, бирок ал Сирияга тереңирээк тартылууну каалабады.

Андан кийин ИМ тобу өсүп чыгып, барымтадагы батыштык жарандардын, америкалыктардын жана башка адамдардын башын ала баштагандан кийин администрация ИМге каршы катуураак күрөшүүбүз керек деген бүтүмгө келди. Бул күрөштү азыр АКШ эле эмес, Франция, Британия, Австралия, башка көп өлкөлөр жүргүзүүдө. Бирок маселе бул аракеттер жетишсиз экендигинде.

Биз ИМ эле эмес, проблеманын экинчи жарымы - Асаддын режимине да көңүл бурушубуз керек. Себеби, Асаддын режими бийликте калып жаткан кезде ИМ тобун жеңе албайсыз. Бул режимдин репрессиялары, адам укугун бузуулары көпчүлүгүн сунниттер түзгөн сириялыктарды ИМдин колуна салып берди. Суниттер сириялыктардын 75% түзөт. Алар ИМ тобун Асад режиминен коргонуу мүмкүнчүлүгү катары карады.

“Азаттык”: ИМ тобунун Сирияда, андан кийин Иракта тамыр алышы үчүн ким жоопкер?

Абрамс: Мен буга көбүнесе Асад режими күнөөлүү деп айтар элем. Себеби, адамдар тынч эле көтөрүлө баштаганда, режим элге каршы массалык кыянатчылыкка жана террорго барды. Мына ушул нерсе алардын ИМдин тобунун катарына тартылышына түрткү берди. ИМдин чыгышы – Асад режиминин репрессияларына карата реакция. Ушундай эле феноменди биз Ирактан да көргөнбүз. Ал жерде ИМ тобу шииттер башкарган жана Иран колдогон өкмөткө каршы сунниттердин реакциясы болгон.

“Азаттык”: АКШ администрациясында Сирия боюнча стратегия барбы?

Абрамс: АКШнын стратегиясы биринчи кезекте ИМ тобуна каршы күрөшүү болгон. Бул жетиштүү болбоду. Биз Сирияга караганда, көбүнесе Иракта күрөштүк. Бирок менимче бул жаңылыштык болду. Анткени, Сирия ИМ тобуна иммунитет берген, алар эс алып, машыгып, өзүн-өзү курал менен жабдып, башпаанектеген жер болуп калды.

Иш жүзүндө Ирак менен Сирия ортосунда корголгон чек ара жок да. Андыктан, аларга Сирияда жашынып, өзүн-өзү чыңдоого мүмкүндүк бербеш керек эле. Биринчиден, АКШнын азыркы администрациясынын ИМ тобуна каршы Сирияда эмес, Иракта көбүрөөк күрөшүүсү, экинчиден, Сирияга көбүрөөк тартылбаганы Путиндин ал жакта мүмкүнчүлүк бар деген тыянак чыгаруусуна алып барды.

Орусиянын кемелери Сирияга курал ташыган жол.

Орусиянын кемелери Сирияга курал ташыган жол.

“Азаттык”: АКШ эмне үчүн Орусиянын Асаддын өкмөтүнө аскерий жардам беришине каршы болуп жатат?

Абрамс: АКШнын каршы болгону - Асаддын режими кылмышкер, адам өлтүргүч режим экендигинде. Ал өзүнүн кеминде 250 миңдей жаранын өлтүрдү, алардын миңдеп саналгандарын химиялык курал менен өлтүрдү. Бул дүйнөдөгү репрессиячыл, мыкаачы, канкор режим. Ал сегиз миллион сириялыкты качкынга айлантты. Биз Сирия режимине курал берилишине ушул үчүн каршы болуп жатабыз.

Азаттык”: 2011-жылдын экинчи жарымы, 2012-жылдары АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сириянын Вашингтон байистүү деп эсептеген оппозициячыл топтору, лидерлери менен жолугушууларды өткөргөнү эсибизде. Ал оппозициялык топтор азыр дайынсыздай сезилет. Бул боюнча эмне айта аласыз?

Асад Сириянын болочоктогу саясий мунасасына кантип катыша алат? Бул баягы 1945-жылы бизге жаңы өткөөл жана мунаса фигура керек, ал Гитлер деп айткандай болуп жатпайбы. Бул абсурд, күлкү келтирет.

Абрамс: Эң биринчи кезекте айтып коюшум керек - 2012-жылы ошол кездеги мамлекеттик катчы Клинтон, коргоо министри, Борбордук чалгын кызматынын ошол учурдагы башчысы, генерал Петреус президент Обамага Сириянын ИМ тобуна, “ал-Каидага” такыр байланышпаган топторун колдоо боюнча чоң план болушу керек деген сунуш киргизишкен. Бирок президент алардын сунушун кабыл алган эмес. Андыктан, биз оппозициячыл топторго көргөзгөн жардам абдан эле аз болду.

Прессада АКШ 50-60 миң эмес, 50-60 адамды эле машыгуудан өткөрдү деген маалыматтар чыккан. Президент Асаддын режими азыр Сириянын 20% же андан да аз аймагын көзөмөлдөсө, бир бөлүгүн “ал-Каида” менен байланышы бар “ал-Нусра” тобу, дагы бир бөлүгүн ИМ тобу көзөмөлдөөдө. Бирок Сириянын башка бөлүктөрүндө ИМге, же “Ал-Каидага” аралашпаган башка топтор азыр деле АКШ жардам бербесе дагы режим менен күрөшүн улантууда.

Менин ишенимимде, АКШ эми биринчиден бул топторго колдоо көргөзүүгө киришип, экинчиден, Асаддан кийинки мезгил үчүн план даярдай баштоосу керек. Бул планды АКШ жалгыз өзү эмес, Түркия, Иордания, Сауд Арабия, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, айрым Европа өлкөлөрү менен бирге даярдоосу абзел.

“Азаттык”: Бирок АКШ администрациясы Асад кетмейинче, Сирияда элдешүү жараяны такыр мүмкүн эмес деп жатат да?

Абрамс: Ооба, ошондой. Бул балким 2011, 2012-жылдары мүмкүн жеңилирээк болмок. Азыр эми 2015-жыл. Андан бери канча кан төгүлдү, 250 миң кишинин өмүрү кыйылды, сегиз миллион качкын пайда болду, химиялык курал колдонулду. Андыктан, мунун баарын жасаган Асад Сириянын болочоктогу саясий мунасасына кантип катыша алат? Бул баягы 1945-жылы бизге жаңы өткөөл жана мунаса фигура керек, ал Гитлер деп айткандай болуп жатпайбы. Бул абсурд, күлкү келтирет.

“Азаттык”: АКШ менен Орусия азыр Сирия боюнча караманча каршы турумда. Сиз кандай деп ойлойсуз, Москва менен Вашингтон Сирия маселесин сүйлөшө алабы же тескерисинче тирешеби?

Амбрамс: Мен оптимисттик деп атап коё турган теория боюнча Путиндин жасап жатканы - аскер күчүн киргизүү менен сүйлөшүү үчүн өз турумун чыңдайм дегени. Орусиянын көз карашында, сүйлөшүүлөр Асаддын жеке өзүнүн бийликтен кетишине алып барат, бирок анын режими кала берет. Эгер режим калса, ал Орусиянын Сириядагы кызыкчылыктарын коргоону улантмакчы. Бирок мен буга анча ишене албайм. Менимче, Путиндин максаты - Асадды сактоо, кармап туруу. Эгер бул чын болсо анда ийгиликтүү сүйлөшүү боло албайт. АКШ менен Орусия ортосунда Сирия боюнча кызматташтык тшке ашпайт. Себеби Москванын максаты Асадды сактоо, Вашингтондуку аны бийликтен кетирүү. Орусия бул киши өлтүргүч режимди колдоп жатса, кандайдыр бир макулдашуу болот деп эсептебейм.

"Асад ИМ тобунан кийин"

Биздин кийинки маектешибиз орусиялык араб таануучу, Москва мамлекеттик университетинин профессору Владимир Исаев.

“Азаттык”: Орусиянын Сирияда аскерий кубатын чыңдап, ал жакка аскерлерди да жибере баштаганы Москванын саясатындагы өзгөрүү, бурулушпу?

Эң чоң коркунуч “Ислам мамлекети” тобу же Башар Асаддын режимиби? Биз мисалы эң чоң коркунучту “Ислам мамлекети” тобу жаратып жатат деп эсептейбиз.

Исаев: Орус мамлекетинин Сириядагы кырдаал боюнча саясаты бир олуттуу өзгөрүүгө учурады деп айта албайм. Мунун жөнөкөй эле себеби - Орусия менен Сирия ортосунда бир катар өкмөттүк документтерге кол коюлган. Биз болгону ошолорду так аткарып жатабыз. Бул Сирияга гуманитардык жүк жеткирүүнү же аскерий жарак - жабдыкты берүүнү карайбы, анчалык чоң мааниге ээ эмес.

Биз сириялыктар сураган нерселерди, бир гана чабуул жасай турган куралдан башкаларын берип жатабыз. Бул маселе биздин өкмөттөр аралык келишимде атайын каралган. Биз мунун баарын, албетте, акчасы күн мурунтан төлөнгөндөн кийин жеткирүүдөбүз. Биздин келишимдерде аскер кызматчыларыбыздын Сирияда туруусу да каралган, ал келишим мен жаңылбасам 1973-75-жылдары эле түзүлгөн, башкача айтканда совет доорунан бери эле келе жатат. Келишимге өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген, бирок аны эч ким жокко чыгарган эмес. Бул келишимди жокко чыгаруу демилгесин, биз да, Сирия да көтөргөн эмес.

“Азаттык”: Орусиянын Сирия боюнча аракеттерин, турумун Кошмо Штаттар кырдаалды жөнгөрүүгө салым кошпостон, кайра курчутат деп сынга алууда. Орусия Сирия жаңжалын токтотуу жолун эмнеден көрөт?

Исаев: Биздин өлкөнүн жетекчилери, Сирия проблемасы менен алектенген эксперттердин негизги тобу да эл аралык коомчулук бир нерсени абдан так ажыратып алыш керек деген орток турумда. Эң чоң коркунуч ИМ тобубу же Башар Асаддын режимиби? Биз, мисалы, эң чоң коркунучту ИМ жаратып жатат деп эсептейбиз. Андыктан, негизги көңүлдү аны менен күрөштү күчөтүүгө буруу керек деген көз караштабыз. Президент Асадын режиминин тагдырын болсо АКШ, Орусия, Кытай же башка өлкө эмес, Сириянын эли чечиши керек деп санайбыз.

“Азаттык”: Бирок Асаддын режиминин кан төгүүлөрү эске алынышы керекпи, же буга Орусия көз жуумп коё береби?

Исаев: Согуш ачык талаада эмес, шаарда жүрүп жаткан кезде жайкын тургундарды жоготуудан качуу мүмкүн эмес. Биз муну маселен, Сауд Аравиянын жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн авиациясы Йемендин борбору Сананы бомбалаганда да көрдүк. Массалык маалымат каражаттары жайкын тургундар өлгөнү тууралуу такай кабарлап жатты. Эгер Донбасстагы, Донецк менен Луганста болгон уруштарга көз чаптырсак, ал жактарда да жайкын тургундар өлгөнү такай айтылат. Демек Сирия деле эл көп жашаган шаарларда куралдуу кагылыш жүргөн башка аймактардан айрымаланбайт. Тилекке каршы, мындай жоготуулардан качууга болбойт. Бирок бул үчүн жалгыз эле Асадын режимин айыптоо жарабайт. Адамдардын өмүрүн ИМ тобу да кыйып жатат. Атүгүл жакында алар химиялык курал колдонгону тууралуу маалымат чыкты. Мындай шартта адам өлүмү үчүн Асаддын өкмөтү менен катар согушка аралашкан башка күчтөр да бирдей жоопкер.

“Азаттык”: АКШ Орусия ИМ тобуна каршы эл аралык коалицияга кошулуп, анда позитивдүү роль ойносо, анда колдоорун айтып жатат. Бирок ага катар Асаддын режими үчүн коалицияда орун жок экендигин да эскертүүдө. Орусия болсо Асаддын колдоочусу. Сиздин көз карашта бул маселде Москва менен Вашингтон мунаса таба алабы?

Исаев: Бери дегенде бүгүнкү эл аралык кырдаалды эске алганда, Орусия менен АКШ бул маселени макулдаша алат деп ойлобойм. Анткени, АКШ дүйнөнүн ошол бурчунда Сирияны, Иракты, Йемендеги жаңжалдардын эң башкы булагы президент Асаддын режими деп эсептейт. Москва болсо эң чоң коркунуч - ИМ тобу деп санайт. Биздин көз карашта, "21-кылымдын тумоосу" аталган бул коркунуч жоюлгандан кийин гана тынч абалда, Сирия эли өзү кандай режим керектигин, бул өлкөнүн башында ким турушу керектигин чечип алышы абзел. Бул үчүн Москванын пикиринде, оболу тынчтык орношу зарыл, Ал эми эл аралык уюмдар Сирияга нукура демократиялык шайлоо өткөрүүгө көмөктөшүп, Сириянын тагдыры ошондо чечилүүсү абзел.

Үзүлгөн аскерий байланыштын жанданышы

Орусиянын Сирияда аскерий кубатын чыңдоосу ИМ тобунун согушкерлерине каршы күрөштү координациялоо, ошол эле учурда орус күчтөрү менен АКШ баштаган коалиция ортосунда жаңжал жаратуу ыктымалдуулугун туудурду.

Ал эми Орусиянын Латакиядагы аба базасын кеңейте баштаганы Сириянын аба мейкиндигинде бир эле учурда АКШнын, Орусиянын аскерий операциялары жүрүшү мүмкүн экендигин көрсөтөт.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест 17-сентябрь күнкү басма сөз жыйында АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча алакасын комментарийлеп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Сириядагы башалмандыкты жөнгөрүүнүн ушул тапта аскерий жолу жок. Чечим - Асадды бийликтен кетирип, бийликке Сирия элинин ишенимине арзыган жана анын эркин чагылдырган өкмөттү алып келе турган саясий макулдашууну алга жылдырууда жатат. Биз Орусиянын аскерий аракеттери, эгер ал Асаддын режимин колдоону көздөсө, кырдаалды дестабилдештирерин жана тескери натыйжа берерин ачык айттык. Бийлигин жоготуп бара жаткан режимди колдоо - экстремисттердин колуна түшкөн сириялык жарандардын санын көбөйтүүчү эффект берет. Биз орусиялыктардын ИМ тобуна каршы коалицияга конструктивдүү салымын кубаттайбыз. Ушул себептен ИМ тобуна каршы коалициянын болочок максаттарына көмөктөшүү жана операциялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн орусиялыктар менен тактикалык жана практикалык сүйлөшүүлөргө ачыкпыз.

АКШ менен Орусиянын аскерий кызматташтыгы былтыр Крымдын аннексиясынан кийин токтоп калган.

Бир жылдан ашуун маалда АКШ жана Орусиянын коргоо министрлери Эштон Картер менен Сергей Шойгу ​биринчи жолу 17-сентябрда телефондон 50 мүнөт сүйлөшкөнү белгилүү болду. Мамлекеттик катчы Керри жума күнү белгилегендей, президент Обама АКШ менен Орусия ортосундагы аскерий сүйлөшүүлөрдү “маанилүү кадам” катары кароодо.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG