Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Түркия терактка айыпталган 17 адамдын ысымын жарыялады


Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда терактан каза тапкандарга аза күтүү зыйнаты. 30-июнь, 2016-жыл.
Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда терактан каза тапкандарга аза күтүү зыйнаты. 30-июнь, 2016-жыл.

Стамбулдагы жардырууларды уюштурган деген айып менен камакка алынган 17 адамдын 11и Орусиянын жарандары экендигин түркиялык ММКлар жазып чыкты. Сот аларды террорчул топторго мүчө болгондугу үчүн айыптады.

Түркиялык DHA маалымат агенттиги 28-июнда Стамбул аэропортунда болгон терактка тиешеси бар деп айыпталган 17 адамдын ысымын 6-июнда жарыялады. 5-июлда Стамбулдагы Бакыркөй районунун соту аларды террорчул уюмдарга мүчө болгондугу үчүн айыптаганы кабарланат.

DHA агенттиги маалымдагандай, айыпталгандардын 11и Орусиянын жарандары -​ Мурад М., Смаил М., Билол М., Рамазан И., Адам Р., Смаил А., Гулмахмад С., Комил Д., Смаил А., Гаджимад А. и Эделхон И. Аталган агенттик ошондой эле жарандыгы айтылбаган дагы алты башка айыпталуучулардын аттарын жарыялады алар: ​Сейхун Али А., Ахмет К., Чингизхан Ч., Халил Д., Ахмет Д. и Аюб Д.

Түркиянын президенти ​Режеп Тайип Эрдоган 5-июлда ​Стамбулда журналисттерге сүйлөп жатып, терактка тиешеси бар делген 30 адам кармалгандыгын, алардын арасында Тажикстандын, Кыргызстандын жана Дагестандын тургундары бар экендигин айтып чыккан.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган

28-июнда Стамбулдун аэропортунда үч жанкечти автоматтан ок чыгарган. Андан соң экөө терминалдын ичинен, үчүнчүсү чыга бериштен өздөрүн жардырып жиберген. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлгөндөрдүн саны 45ке жетип, 200дөн ашууну ар кандай жараат алышкан.

Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы жардырууларга Кыргызстандын жарандарынын тиешеси бардыгы тууралуу маалыматты тактап жатышат.

Түркиянын ИИМ министри Эфкан Ала парламентте Стамбулдагы теракт тууралуу маалымат берип атып, жардырууларды чет элдик жарандар уюштурганын кабарлаган.

Түркиянын бийлиги үч жанкечтинин экөөнүн тек-жайын аныктаганы кабарланууда. Алар - Рахим Булгаров жана Вадим Османов. Маалыматка караганда, экөөнүн жанында Орусиянын паспорту болгон.

XS
SM
MD
LG