Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Дүйнөнүн дигиталдык маданий кенчи Сиз үчүн эшик ачты


ЮНЕСКОнун Дигиталдык китепканасы

ЮНЕСКОнун Дигиталдык китепканасы

21-апрелде ЮНЕСКО Дүйнөлүк электрондук китепкананы (World Digital Library) ачты (www.WDL.org). Маданий түшүнүү аркылуу тынчтыкты бекемдөөгө кызмат кылчу долбоор окурмандарды дүйнөдөгү 32 чоң китепканада, анын ичинде АКШ Конгрессинин китепканасында сакталган көөнөргүс керемет маданий мурастар менен сегиз тилде тааныштырат.

Жаңы долбоорго ылайык, дүйнө өлкөлөрүнүн китепканалары өз казыналарында сакталган баалуу колжазмалардын, сейрек китептердин, фильмдердин, үндөрдүн, көркөм сүрөттөр менен фотографиялардын дигиталдык маалымат банкын түзүшөт. Маалымат кенчине каалаган адам азыр эле интернет аркылуу кире алат(Интернеттеги дареги: www.WDL.org). Дигиталдык китепкана, Улуттар уюмунун билим, илим жана маданият боюнча агенттиги-ЮНЕСКОнун Башкатчысынын орун басары Абдул Вахид Хандын сөзүнчө, дүйнө элдеринин бирин бири жакшы түшүнүүсүнө жана социалдык өнүгүүгө салым кошот:

Абдул Вахид Хан-ЮНЕСКОнун башкатчысынын коммуникация жана маалымат боюнча орун басары.

-Билимдүү коомду куруу боюнча ар кыл көзкараштар айрым фундаменталдык принциптерге негизделет. Мисалы, жалпы журттун маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө жана билимине, маданий жана лингивистикалык көп түрдүүлүгүнө, сөз эркиндигине жана жалпы билим деңгээлине. Китепканаларды дигиталдаштыруу билимдүү коом круунун бул төрт фундаменталдык принцибине салым кошот. Бул ЮНЕСКОнун вазийпасы. Бул өз ара түшүнүүчүлүк аркылуу тынчтыкты жайылтат.

Жаңы кенчте биздин заманга чейинки VIII кылымда Түштүк Африкада аскага тартылган сүрөт, XIII-кылымда Богемияда жазылган “Шайтан Тоорут”, француз тарыхчысы Франсуа Петинин 1722-жылы англис тилинде чыккан “Байыркы монголдор менен татарлардын биринчи императору-Улуу Чынгыз хандын тарыхы” деген китеби, араб, түрк, перс каллигарфтарынын эмгектери, Махабхараты доорундагы Индиянын картасы жана башка толгон кермет маданий дөөлөттөр бар. XX-кылымда Индияда чыккан карта мындан 2 000- 2200 жыл мурда санскрит тилинде чыккан “Махабхарат” эпосундагы географиялык аталыштарга таянып чийилген. Бул кенчке XIX-кылымдагы кыргыз жигити, тагыраак айтканда күйөө баланын жана кыргыз аялдын сүрөттөрү да киргизилген. Эки сүрөт тең 1872-жылы падышалык Россияда чыккан фотоальбомдон алынган.

Дүйнөлүк дигиталдык китепкана- АКШ Конгрессинин китепканачысы Жеймс Биллингтондун идеясы. 4-5 миллиард долларга эсептелген долбоорду ишке ашырууга Google компаниясы менен Катар фонду 3 миллион доллардан, Microsoft -1 миллион доллар кошкон. Азыр китепкана өз булактарын сегиз тилде: англис, араб, кытай, француз, орус, португал жана испанча сунуш кылууда.

Абул Вахид Хандын айтышынча, Дүйнөнүн дигиталдык китепканасы- Адам укугу боюнча универсалдык декларациянын духуна да жооп берет. Декларациянын 19-беренесинде ар бир адам маалымат алууга жана маалымат каражаттары аркылуу өз идеяларды жайылтууга укуктуу деп кашкайта жазылган.

XS
SM
MD
LG