Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

ICG: 2014-жылдан кийин ооган кризиси тереңдеши мүмкүн


Коопсуздукту камсыздоону өз колуна алууга камынып жаткан Ооганстан саясий кризиске батышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү Эл аралык кризис тобу жаңы баяндамасында билдирет. НАТО баштаган эл аралык контингент Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин чыгып кетмекчи.

Брюсселде жайгашкан Эл аралык Кризис тобунун Ооганстан боюнча аналитиги Кэндис Рондонун айтымында, НАТО чегингенден кийин АКШ колдогон Кабул өкмөтү кулайт деген тобокелдик жок эмес. "Ооган армиясы жана коопсуздук күчтөрүнө өтө эле көп иш жүктөлгөн жана өлкөдөгү коопсуздукту өз колуна алууга алар азырынча даяр эмес", - деген бүтүмгө келет изилдөөчү.

Баяндамада өлкөдөгү бейстабилдүүлүккө өкмөттүн калыс жана эркин шайлоону камсыздай албай жатышы чоң салым кошкону дагы белгиленет. Авторлор президент Хамид Карзайды катуу сындашкан. “Карзай узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү орнотуу, саясий системага ишеним жаратуунун ордуна бийлигин сактап калуу менен көбүрөөк алектенип жаткандай көрүнөт”, - деген Рондонун курч сыны келтирилет.

Кризис тобу эмки шайлоо кайрадан бурмаланса, "өкмөттөн ичи чыкпаган карапайым оогандар башка күчтөргө ыктай башташы мүмкүн", деп эскертип, добуш берүүнүн датасын эртерээк белгилөөгө чакырат.

Карзай болсо бир нече күн мурун 2014-жылга пландалган президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт деп ишендирди. Кабулда өткөн пресс-конференцияда ооган президенти шайлоо сөзсүз болот, анын бийликтеги мөөнөтү бир эле күнгө узарып кетсе, ал мыйзамга каршы келээрин белгилеген.

- Шайлоо сөзсүз болот. Ал 100 процент өз убагында өткөрүлөт. Өлкөнүн жаңы президенти шайланат. Өз талапкерлериңерди тандагыла, эл өз тандоосун аткарсын. 2014-жылы менин мыйзамдуу президенттик ыйгарым укуктарым соңуна чыккандан кийин Карзай Ооганстандын президенти болбой калат. Бийликтеги мөөнөтүм бир эле күнгө узартылса, бул - мыйзамдарга каршы келет.

Карзай президенттик такта калуу максатында конституцияга өзгөртүү киргизүүгө аракеттениши мүмкүн деген айың кептерди четке какты.

Хамид Карзай АКШ аскерлери Ооганстанга кирип, талиптердин режими кулатылган 2001-жылы бийликке келип, 2009-жылы кайра шайланган. Соңку шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолуп, жыйынтыгы бурмаланган деген катуу сынга кабылган.

Жекшембиде талиптер болсо "чет өлкөлүк аскерлер өлкөдөн жеңилип кетүүдө" деп НАТО жана АКШ жетектеген эл аралык контингентти мазактаган билдирүү таратты.

АКШ баштаган коалиция өкүлдөрү талип согушкерлери улам бир жерде чабуулдарды жасаганы менен Батыш күчтөрү машыктырган ооган армиясына каршы күрөшүүгө кудурети жетпейт деп ырасташат.

Эл аралык донорлор ооган куралдуу күчтөрүн финансылоону жана колдоону улантып аткан кезде Кабул өкмөтү жаңжалды жөнгө салуу үчүн талиптерди сүйлөшүүлөргө тартышы мүмкүн деген көз караш да кеңири жайылган.

Ушул эле күнү Эл аралык Кызыл чырым уюмунун Ооганстандагы миссиясынын жетекчиси карапайым оогандыктардын турмушу күн сайын оорлоп баратканына көңүл бурду. Рето Стокердин айтымында, ал өлкөдө иштеген 7 жылдын ичинде жергиликтүү куралдуу топтор көбөйдү, жайкын адамдарга жадакалса эң керектүү медициналык жардам алуу кыйындады.

Кызыл Чырым уюму Ооганстанда 1979-жылдан бери иш алып барат.

XS
SM
MD
LG