Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

Ооганстан: Балдарым бул кыштан аман чыкпайт...


Ооганстандын Герат шаарындагы ички качкындар.

Ооганстандын Герат шаарындагы ички качкындар.

Ооганстанда согуш зомбулугуна чыдабай, өз турагын таштап, өлкөсүнүн тынчыраак бурчуна көчө качкандар 1,2 млн адамга жетти. Бирок алар эң зарыл муктаждыктарын, тынчтыкты көчүп барган жеринен да таба алышкан жок.

31-майда Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму “Балдарым бул кыштан чыкпайт: Ооганстан аргасыз көчкөндөргө берген убадасын аткарбады” деген баяндама жасады.

Aнда Ооганстандан чет өлкөгө чыга албай, тынч жер издеп бозуп жүргөндөр акыркы жылдары эки эседен ашык көбөйгөнү, саны 1,2 млн адамга жеткени айтылат.

Буга өлкөдөн сыртта бозгон 2,6 млн кишини кошкондо оогандар дүйнөдөгү эң ири качкындар тобун түзөт. Акыркы жоболоңдуу 40 жыл дээрлик ар бир үй-бүлөнү турагын таштай качууга аргасыз кылды.

Баяндама кооптуу жерден качып, Герат, Кабул жана Мазари-Шарифте коргологон жүздөн ашуун бозгундун маегине негизделген.

Тынч жашоо издеп, мекенинин башка бурчуна көчө качкандарда тамак-аш, суу каат. Турак жайы орунсуз. Жумуш табуу тургай, саламаттыкка кам көрүп, билим алууга кол жетпейт. Балам кыштан өлбөй аман чыгар бекен деген арсар үмүт ушундан улам айтылууда.

Иликтөө жүргүзгөн Amnesty International уюмунун Түштүк Азия программасынын изилдөөчүсү Олаф Блумквист алардын "аңгектен качып, дөңгөккө кабылган" абалына токтолду:

- Бул адамдар өз жериндеги үрөй учурган абалдан качып, андан да кем эмес катаал шартка туш болушту. Анткени алардын укуктарын коргогон, алар муктаж болгон жардамды берген жан жок.

Акыркы жылдары, өзгөчө 2014-жылдын аягынан тарта эл аралык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткен соң абал көбүрөөк туруксуздаша баштаган:

- Дүйнө Ооганстанга баштагыдай назар бурбай калды. Согуштан аман калгандарды унутчудай болуп турабыз - дейт, Amnesty International уюмунун Түштүк Азия программасынын директору Чампа Пател.

Ал эми ооган бийлигинин ички качкындардын абалын жакшыртабыз деген убадасы ишке ашкан жок. Алтургай бозгундар башпааналаган аймакка бийлик да, ал жерден пайда тапкысы келген, "жер мафиясы" деп аталып, талаа командирлери менен чоң муштумдардан турган топ да тез-тез келип, ыдык көрсөтүп турары белгиленет.

Маселен, өткөн жылдын июнунда, ыйык орозо айынын биринчи күнүндө аскер формачан, куралдуу адамдар Кабулдун Чаман-е-Бабрак деген жериндеги бозгундар башпаанасын сүрдүрмөк болушат. Мажбурлап көчүрүүгө ал жердеги бир карыя каршылык кылганда куралчандардан тепки жейт. Буга бозгундар кыжырданып, каршылык акциясын өткөрүшөт. Ал эми полиция жана куралданган адамдар аларга ок чыгарып, эки адам өлөт. Ондогон адамдар, анын ичинде 12 жаштагы өспүрүм жаракат алат. Соңунда эч иликтөө жүрбөй, эч ким жазага тартылган эмес.

​Европада оогандар сириялыктар же ирактыктардан айырмаланып, батыш аскерлери жана анын жардамы менен тынчтык келген өлкөнүн жарандары катары саналышат.

Бирок Amnesty International уюмунун өкүлү Олаф Блумквист бул өтө жаңылыш ой экенин эскертет:

- Батышта жана НАТОдогу бардык өлкөлөрдө Оогандагы согуш ийгиликтүү болду, НАТО жана эл аралык аскерлер - өз турмушун өзү тартып кете ала турган өлкөнү, тынчтыкты калтырышты деген өтө кооптуу жүйө бар. Бул ой чындыктан алыс. Ооганстанда адамдар өлүмү рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө. Өкмөт менен тирешкен куралдуу топтор дале бар жана качандыр бир кездегиден алда канча күчтүү. Бул тенденция жакын арада өзгөрүлөт деш кыйын. Сыягы, чатак дагы тереңдешине күбө болушубуз мүмкүн.

Блумквист миңдеген сырттагы ооган качкындарына караганда, ички качкындар өлкөдөн чыгып кетер алы жоктугун белгилейт.

- Бул адамдар өлкөдөн чыгып кете алышпайт. Чет өлкөгө чыгара алчу адам аткезчилерине берер акчасы жок. Ошентип калктын бирден-бир жакыр, бирден-бир аялуу катмары Ооганстанда кала берүүгө аргасыз. Алардын көпчүлүгү келечегинен үмүт үзүшкөн. Балдарын мектепке жөнөтүүгө чамасы чак болгондуктан, жада калса кийинки мууну жашоосун оңдоп кетет деген ишеними жок.

Amnesty International уюмунун баяны эл аралык негизги күчтөр Ооганстандагы ички бозгундардын укуктары корголушуна, аларга карата атайын саясатты ишке ашырууга тажрыйба жана ресурс бөлүү ишине көбүрөөк көңүл бурууга чакырат.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG