Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Бүгүн Кыргызстанда да бул күн белгиленди.

Бүгүн Кыргызстандын бардык шаарларында, район борборлорунда Ооганстандан советтик аскерлердин чыккан күнүнүн 25 жылдыгы белгиленди.

Ооган ардагерлерге арналып сый тамактар, спорттук оюндар, жолугушуулар концерттик программалар тартууланды. Ал эми кайтыш болгондорго багышталып, мечиттерде куран окулуп, чиркөөлөрдө шам жагылды. Бишкектеги иш - чаралардын өзөгүн “Ата Түрк” сейил багында өткөн эскерүү митинги түздү.
Бул бактагы Ооган согушунда набыт болгондорго арналган эстеликтин жанында өткөн эскерүү митингине 500дөй киши катышты.

Алардын арасында ооганчылар, Ооганстанда курман болгон аскерлердин ата-эне, туугандары, мектеп окуучулары бар. Бийликтегилерден болсо Коргоо министри, Жогорку Кеңештин, Бишкек шаар кеңешинин депутаттары барышты. Өкмөттүн атынан сөз сүйлөгөн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ооган согушунун катышуучулары жаш уландар үчүн жарандык коомдогу бирден бир аскердик тарбия булагы экенин баса белгиледи:

Ооган согушунда уулун жоготкон ата-эне.

Ооган согушунда уулун жоготкон ата-эне.

- Ооган согушунун ардагерлери дайыма мамлекеттин алдыңкы саптагы патриоттору катары тарыхта кала берет. Ооганчылар кыргыз эли соңку жылдары башынан кечирген оор күндөрдө да жанын үрөп, сап алдында мыкты үлгү көрсөтө алды. Ошол эле Баткендеги 1999-2000-жылдардагы окуяларда, 2010-жылдагы коогалаңда алар өзүн жакшы жактан көрсөтө алды. Мен ооган согушунун ардагерлери мындан ары да жаш муунга патриоттук дем берүүдө, Ата Мекенди коргоодо, тарбиялоодо демилгени өз моюнуна алат деген ишенимдемин.

Учурда ооган согушуна катышып келгендердин уюму бар. Уюм меценаттардан, демөөрчүлөрдөн жана ири ишканалардан каржы алып аны ардагерлерди дарылатууга, көзү өткөндөрдүн жакындарына үй куруп берүүгө иштетип келет. Бул тууралуу Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбеков билдирди. Ал ооганчылардын түрдүү дарттын айынан дүйнө салып, жыл өткөн сайын катары суюлуп жатканын айтып, бүгүн да Кара-Балтадан Садыр аттуу ооган ардагери кайтыш болгонун кошумчалады:

- Мына Кара-Балтада Садыр деген жигитибиз кайтыш болду. Жакындарына терең көңүл айтуу менен кайгысын тең бөлүшөбүз. Бул күндү атайын белгилеп келе жатканыбыздын негизги маңызы - бул жаш муунга түздөн түз тарбия берүү.

Депутат Нурлан Төрөбеков коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн 15-февралга атайын статус жана көзү өткөн ооганчылардын жесирлерине да жөлөк пул берүү жагы камтылган мыйзам долбоору даярдалып жатканын маалым кылды.

Соңку бир жылда эле жүздөн ашуун ооган согушунун ардагери көз жумганын 1987-1988-жылдары Ооганстанда кызмат өтөгөн Самат Батырбеков да билдирди. Баатырбеков “Ооганчылар Совет бийлигинин амбициясынын курмандыгы болгон” деген сөзгө кошулбасын жана ошол тушта аскерге барганына өкүнбөсүн айтты:

- Ооганстанда аскердик милдетимди өтөгөнүмө таптакыр өкүнбөйм. Бизде мындай түшүнүк бар эле: “Буйрук аткарылат, ал эч качан талкууланбайт!”. Биз Улуу держава болгонбуз! Андыктан биздин кылганыбыз да туура болгон. Эч өкүнүч жок. Совет бийлиги бизди ооган элин кыргыла деген эмес. Тескерисинче, аларга жардам бергиле, курулуш иштерине көмөктөшкүлө деп жөнөткөн.

Кыргызстандан Ооган согушуна советтик аскерлердин катарына жети миңден ашуун адам тартылган. Алардын 249у кайра кайткан эмес. Төртөөсү дале белгисиз. Учурда ооганчылардын бир жарым миңдейи түрдүү деңгээлде майып жана оорукчан. Алар мамлекеттен ай сайын 7000 сомдон жөлөк пул алып турушат. Ооган согушунда көрсөткөн эрдиги үчүн эки кыргызстандыкка Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.

Ооган согушунун тарыхы

1979-жылдын 27-декабрында советтик аскерлер Ооганстанга басып кирген. Ооганстандын ошол кездеги лидери Нажибулла Аминди президент сарайында жок кылуудан башталган операция 10 жылдан кийин аскерлердин Ооганстандан чыгып кетүүсү менен аяктаган.

27-декабрдагы операция учурунда Нажибулла Амин үй-бүлөсү менен кошо жок кылынат. Бул жөнүндө оогандар таң эртелеп, Аминдин ордуна Москва ылайыктуу тапкан Бабрак Кармалдан угушат. Кармал Кабул радиосунан сүйлөгөн сөзүндө Нажибулла Аминди америкалык “империалисттердин” тыңчысы деп атайт.
Советтик армия келгенге чейинки Ооганстан


Ушул эле күнү советтик аскерлер Ооганстандын Кабулдан башка дагы чоң шаарларындагы өкмөттүк кеңселерди ээлешет жана айдын аягына чейин өлкөгө 80 миңден ашык жоокер киргизилет.

АКШ президенти Жимми Картер 1980-жылы январда жасаган билдирүүсүндө Советтик аскерлердин Ооганстанды басып алуусун эл аралык мыйзамды орой бузуу деп атайт:

- Бул эларалык мыйзамды жана Улуттар Уюмунун хартиясын одоно бузуу болду. Бул кубаттуу атеистчил өкмөттүн көз карандысыз ислам элин баш ийдирүү үчүн жасаган атайын чарасы болду.

Бириккен Улуттар Уюму Советтер Союзун тезинен аскерлерин Ооганстандан чыгып кетүүгө чакырды. АКШ жана башка айрым Батыш өлкөлөрү 1980-жылкы Москвада өткөн Жайкы Олимпида оюндарына бойкот жарыялайт. Вашингтон ал кезде Тегерандагы элчиликте барымтада кармалып жаткан жүздөгөн америкалыктар менен алек болуп, ооган маселесине көбүрөөк көңүл бурууга чама-чаркы жеткен эмес. Бирок Вашингтон кийинчерээк Сауд Арабиясы менен чогуу ооган козголоңчуларына жүздөгөн миллион доллар берип жардамдашат.


1985-жылы Михаил Горбачев советтик бийликтин башына келгенден көп өтпөй аскерлер Ооганстандан чыгарылат деп жарыялайт. Бирок бул план төрт жылдан кийин гана жүзөгө ашат.

Он жылга созулган Ооганстандагы урушта СССР 14 миңге жакын аскеринен ажырайт. Согуштун көпчүлүк катышуучулары бул санга ишенишпейт жана андан да көп жоокер курман болгон дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG