Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Ооганстан: тактыга талапкерлердин эрөөлү


Ооганстандагы теледебат.
Ооганстандагы теледебат.

Ооганстанда президенттикке талапкерлер теледебаттарды башташты.

Шейшемби күнү эрөөлгө чыккан Абдулла Абдулла, Ашраф Гани, Залми Расул, Каюм Карзай жана Рахим Вардак Талибан кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрү, АКШ менен стратегиялык келишим өңдүү маселелер боюнча көз караштарын ортого салышты.

Азыркы президент Хамид Карзайдын агасы, мамлекет башчылыкка талапкер Каюм Карзай дебаттан кийин талиптер менен диалогду колдоорун айтты:

- Өкмөт менен оппозиция ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюу үчүн ортомчу керек. Уруу аксакалдарын, жаштарды, билимдүү адамдарды, бизнесмендерди тынчтык планын иштеп чыгууга тартуу зарыл. Муну Лойя Жырга жана Шура аркылуу уюштурса болот. Бул эки орган Ооган коомчулугунун жардамы менен тынчтык орнотуу үчүн платформаны сунуш кыла алышат.

Дагы бир талапкер, мурдагы тышкы иштер министри Залми Расул Вашингтон менен пактты жактап сүйлөдү:

- Келишимге кол коюлбай калат деп камтама болгондор көп. Бирок менин пикиримде, ага жетпейт. Макулдашууга шайлоого чейин кол коюлат деп үмүттөнөм. Лойя Жырга аны жактырган. Мен аны чекит-үтүрүнө чейин калтырбай, жакшылап окуп чыктым. Ал Ооганстанга пайда гана алып келет деп ишенем. Документ өлкөдө стабилдүүлүк, тынчтык орнотууга салым кошот деген үмүт чоң.

Кабул менен Вашингтон ортосундагы коопсуздук келишими америкалык аскерлерге 2014-жылдан кийин ооган жергесинде калууга жол ачат. Үстүбүздөгү жылдын этегине чейин АКШ баштаган эл аралык контингент Ооганстандан чыгып кетүүгө тийиш.

Азырынча президент Хамид Карзай бир катар шарттарды коюп, анын биротоло бүткөрүлүшүн создуктуруп келет. Шейшемби күнкү дебаттар Кабулдагы “Толо ТВ” менчик телеканалынан көргөзүлдү. Борбор шаардын тургуну Ахтар Мохаммад эрөөл жөнүндө ойлору менен мындайча бөлүштү:
.
- Болочок президентибиз ким болсо да, бейпилдик менен стабилдүүлүк алып келүүгө, жаш муундун билим алуусуна шарт түзүүгө кудуреттүү адам болуусун каалайбыз.

Шайлоо кампаниясы расмий түрдө өткөн жекшембиде башталды. 11 талапкердин ичинен азырынча фаворит жок.

Талибан 5-апрелге белгиленген шайлоону четке кагып, аны үзгүлтүккө учуратуу максатында кол салууларын күч алдырды.

АКШ баштаган күчтөр 2001-жылы Талибанды бийликтен кулатып, өлкөгө киргенден бери Хамид Карзай 2 мөөнөт президенттик кызматты аркалап келди. Конституция анын дагы бир мөөнөт үчүн ат салышуусуна жол бербейт.

Аналитиктердин баамында, бул өнөктүк Ооганстандын келечеги үчүн өтө маанилүү болмокчу.

Алгачкы эркин жана көз карандысыз шайлоо өткөрүү үчүн ооган өкмөтүнө чет өлкөлөрдөн миллиарддаган доллар жардам берилүүдө.

XS
SM
MD
LG