Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Ооган президентинин "күтүүсүз" чакырыгы


5-январда Кабулда Евробиримдиктин полиция миссиясынын унаасына жасалган чабуулдан бир адам мерт кетти.
5-январда Кабулда Евробиримдиктин полиция миссиясынын унаасына жасалган чабуулдан бир адам мерт кетти.

АКШнын Ооганстанда калган аскерлерин мындан ары чыгарып кетүү графигине эч кандай өзгөртүү киргизилген жок.

Пентагондун өкүлү бул тууралуу ооган президенти Ашраф Гани аталган маселе кайра каралышы мүмкүндүгүн айткандан соң билдирди.

Аяктаган 2014-жыл менен бирге Ооганстанда АКШ баштаган НАТО күчтөрүнүн согуштук миссиясы да расмий бүткөндөн кийин америкалыктар бул өлкөдө 10 800 гана жоокерин калтырган.

НАТОнун башка өлкөлөрүнөн калган аскерлердин санын кошкондо Ооганстанда азыр 13 000 миң гана чет элдик жоокер бар.

1-январдан тарта башталып жаткан “Чечкиндүү колдоо” деп аталган миссияда алардын негизги көңүлү ооган күчтөрүн машыктырууга бурулуш керек. Ага ылайык, коопсуздук жана аскерий операциялар үчүн негизги жоопкерчилик 350 миң колдуу ооган армиясына өттү.

НАТОнун согуштук миссиясын аяктоо жөрөлгөсү. Кабул, 28-декабрь, 2014-жыл.
НАТОнун согуштук миссиясын аяктоо жөрөлгөсү. Кабул, 28-декабрь, 2014-жыл.

Пентагондун басма сөз өкүлү, полковник Стив Уаррен (Steve Warren) 5-январь күнү Вашингтондон билдиргендей, АКШнын калган аскерлерди чыгарып кетүүсүнүн графигин караган план күчүндө эле турат жана ага эч кандай өзгөртүү киргизилген жок.

Пентагондун өкүлү бул сөздөрдү ооган президенти Ашраф Ганинин соңку чакырыгынан кийин айтты.

Ооган президенти жекшемби күнү америкалык Си-Би-Эс телеканалындагы маегинде АКШ бийлигин калган аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн кайра кароого үндөгөн эле:

- Мөөнөт ойду концентрация кылат. Бирок мөөнөт догмага айланбаш керек. Эгер эки тарап, биздин учурдагы бир нече өнөктөш максатка жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасаса жана прогресс абдан эле реалдуу болуп турса, мөөнөттү кайра кароого дилгирлик жасалышы керек.

Айрым баяндамачылар ооган президентинин бул сөздөрүн чет элдик күчтөрдүн согуштук миссиясы расмий аяктаган менен, Ооганстан али согушта экенин жана ал согуш качан аяктары белгисиздигин моюнга алган тактикалык кадам катары баалашты.

Мурдараак америкалык басма сөздө маалымдалгандай, 2015-жылдын ичинде АКШ жана НАТО ооган күчтөрүн төрт командачылыкка бөлүнүп, өлкө боюнча машыктырат. Чыгыш жана түштүк аймактардагы ишти АКШ өзү, Германия менен Италия түндүк жана батыш бөлүктү алат.

2015-жылдын аягына барып, АКШ Ооганстанда 5 500 гана аскерин калтырмакчы, бул миссия 2017-жылы президент Обаманын бийлик мөөнөтү аякташына барып бүтүшү керек. Башкача айтканда 2016-жылдын соңуна барып, азыр күчүндөгү план боюнча Ооганстанда АКШнын элчилиги гана калат.

Ооган президенти Гани америкалык Си-Би-Эс телеканалы менен маегинде кошумчалагандай, ал Ирак менен Сириянын бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” тобунун Ооганстанга туудурган коркунучунан тынчсызданууда.

Кабулда 5-январда жардыруу болгон жер.
Кабулда 5-январда жардыруу болгон жер.

Бирок ушул эле телеканал менен маегинде Ооганстанда калган коалициялык күчтөрдүн колбашчысы, америкалык генерал Жон Кэмпбелл (John F. Campbell) “Ислам мамлекети” тобу Ооганстанга Иракка келгендей кире албайт, буга ооган күчтөрү жол бербейт деген ишенимин билдирди.

Ооган президенти калган чет элдик аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн кайра кароо маселесин Талибандын кол салуулары утур-утур кайталанып жаткан учурда көтөрдү.

Дүйшөмбү күнү эле Кабулда жанкечти айдаган унаа Евробиримдиктин полиция миссиясынын кеңсесине жакын жерде жарылып, андан көчөдөгү бир жөн-жай тургундун өмүрү кыйылды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" өзүнө алды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG