Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Душанбе-Ташкент рейси дагы үзгүлтүккө учурады


Душанбе аэропорту.
Душанбе аэропорту.

23-февралга пландалган Душанбе-Ташкент багытындагы учак билеттердин баары сатылганына карабастан учкан жок. Бул тууралуу Душанбе аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

"Өзбекстан аба жолдору" компаниясы аны тажик тарап эрежеге ылайык учуу планы тууралуу документтерди 30 күндөн кем эмес убакытта жиберген эмес деп жүйөлөдү.

Бул үзгүлтүккө учураган экинчи каттам. 20-февралдагысы өзбек тарапка тийиштүү документтер өз убагында жеткирилбегени үчүн токтотулган. Буга байланыштуу каттамды аткарган “Сомон Эйр” компаниясынын коммерциялык директору кызматынан алынган.

Өзбекстан-Тажикстан аба байланышы 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтотулган. Ошондон бери аба каттамы уланбай келип, өткөн жылдын аягында тараптар аны кайра жандантууну макулдашкан эле.

XS
SM
MD
LG