Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Түштүк Корея: президентке импичмент жарыяланышы мүмкүн


Пак Кын Хе
Пак Кын Хе

Түштүк Кореяда парламенттеги оппозициялык партиялар кийинки жумада президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялаганы жатышат. Бул тууралуу оппозициядагы Демократиялык партиянын өкүлдөрү кабарлашты.

Бул маселе парламентте 9-декабрда каралганы турат. Эгер импичмент демилгеси парламенттин үчтөн экисинин колдоосуна ээ болсо, жарым жыл ичинде бул маселени Конституциялык сот карап чыгышы керек болот.

Пак Кын Хеге карата нааразылыкка анын эч бир расмий кызматта отурбаган жакын курбусунун аракеттери түрткү болду. Президенттин курбусу Чхве Сун Силге ири корпорациялардан 65 млн доллардан ашуун акчаны опузалап өндүрүп алган деген айып тагылууда.

Соңку бир канча жумада Сеулда миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өттү. Түштүк Корея президенти парламент жол-жобосун иштеп чыкса, кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG