Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Акыр заман: жомок уланат


Кытайлык дыйкан аман калуунун амалын издеп, желим-темирден 7 шар жасатты.
Кытайлык дыйкан аман калуунун амалын издеп, желим-темирден 7 шар жасатты.

Бүт дүйнөдө акыр заманга даярдык кызыды. Байыркы мая жыл наамасына негизделген уу-дуу кеп бир топтордун жүрөк үшүн алса, башкалар пайдага туйтунууда.

Акыр заман жер каймактагандан эле жумур баш пендени да, даанышмандарды да ойго салып келген. Кыргыз акындарынын атасы Калыгул аны ырга да салган.

Акыр заман айлы жакын,
Азаарсың да тозоорсуң,
Бириңден бириң озоорсуң.
Жигитиң жилик албай,
Карыяң каада көрбөй,
Кайран элим кантээр экенсиң,
Кайыр сурап кетээр бекенсиң?
Артына көз жетпей калды,
Жер туманы коюу, капырай, капырай, - деген Калыгул Бай уулу бүгүнкү жашоонун күңгөй-тескейин XIX кылымда эле ушундайча боолгологон экен.

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:10 0:00
Түз линк

Мына эми адамзат кайрадан акыр заман келатат деп дүрбөлөң түшүп жаткан кез. Окумуштуулар, өкмөт, динаятчылар бир ооздон «акыр заман болбойт» деп кан какшаса да, уккандар аздай. Баткендин Кызыл-Дөң аймагында Мурзабек деген замандашыбыз жер төлө камдап, оокат-кечегин даярдап койду.

Ал арада акыр замандан да пайда издегендер чыгууда. "Шевроле" баш болгон фирмалар өз сайттарында 21-декабрга арналган акцияларды өткөрүп, капчыгын дагы калыңдатуунун амалын көрүүдө. Бишкектик бир белгилүү журналисттин айтымында, бул жолку кыямат кайымда бир гана Тянь-Шан тоолору аман калат экен. Буга караганда, Сербияда өздөрүнүн Тянь-Шаны бар экен, өлкөнүн чыгышындагы Ртанж тоолоруна акыр-заман келбейт экен деп, андагы мейманканаларга киши батпай кетиптир. Бул мейманканалардын биринде менежер болуп иштеген Обрад Блечич мындай дейт:

Акыркы он күндө эл толуп кетти. Бизге улам телефон чалып, бөлмө сурашат, бирок бизде баары толуп калды. Адатта мейманканабыздын бештен бир бөлүгү эле толчу. Австриядан чалышты. Сербиядагы баш калаа Белграддан тартып чоң шаарлардан чалып жатышат. Биз орун жок десек, машине токтоткон жерде же ресторанда деле төшөк салып жата беребиз дешет.

Акыр замандан аман калчу тоолор Франция менен Түркияда да бар экен, ал жактагы мейманканалардын баасы асмандап кетиптир деп угуп жатабыз.

Кытайда бир дыйкан, жер астын-үстүн болсо, ичиндегилер аман калат деген ой менен желим-темирден жети томолок шар жасатты. АКШда Лэрри Хол деген курулушчу Канзас штатында мурда жүгөрү сакталган темир мунараларды санжыргалуу мейманканаларга айландырып, үчөөнү эки миллион доллардан сатты.

Орусияда эл чырак, ширеңке, термос калтырбай, дүкөндүн текчелерин шыпырып кетишүүдө. Новокузнецк шаарында жада калса дүкөндө туз да калбай калды. Ал эми Сибирдеги Томск шаарында акыр-заман коркунучунан туйтунгандар чыгууда. "Марина Мелделсон" үйлөнүү агенттиги кыяматка керек оокат-кечени интернеттен сатып жаткан кез.

"Кийинки кезде акыр-заманды оозангандар көп болуп жаткандыктан, биз да элдин черин жазалы дедик", - деп билдирди аталган агенттиктин кызматкери Алефтина Попова. "Сиз да www.podarok2012.ru. деген сайттан узун аркан, бинт, блокнот, бир шише арак, консервадагы балык, самын, өңдөнгөн майда-баратты 30 долларга сатып ала аласыз".

Мамдуманын депутаттары болсо федералдык теле-каналга кат жазып "илимге жамынган сөөдүрөк сөздү таратпагыла» деп суранышты. Өкмөт башчы Дмитрий Медведев баш болгон эл азаматтары да жер үстүндө жашоо токтойт экен дегенге каршы салмактуу сөздөрүн айтышты.

Католиктердин баш кеңсеси жайгашкан Италияда Ватикандын башкы астроному маялардын акыр-заман теорияларын «сөз кылууга да арзыбайт» деп кол шилтеди.

«2012-жылы акыр заман болбойт»

АКШнын НАСА космос агенттиги «Эмне үчүн 2012-жылы акыр заман болбойт?» деген аталыштагы илимий фактылардын тизмесин жарыялады. Илим демекчи, бул "супер олуттуу" темага кайрылганда, илимпоздордон бир ооз кеп-кеңеш албасак болбойт го. Астрофизик Давид Моррисон Калифорниядагы Карл Саган борборунда ааламдагы жашоону изилдеген бөлүмдү жетектейт. Ал 21-декабрда акыр заман болоорун ырастаган ар бир аргументке кайчы аргумент келтирди.

Мориссон "планеталар бир катарга тизилип, Күндүн артында Нибиру деген планета жашырынып турат экен, ал Жерге келип бир тийет экен, метеор, астероид, кометалар жаайт» дегендин баарын жокко чыгарып, «ааламда Нибиру деген планета жок, планеталар бир катарга тизилип калган учурлар жыл сайын болуучу көрүнүш» деди. Анын айтымында, "Жер өз огунан чыгат экен" деген да бекер сөз. Анткени, Жердин магнит огу миллион жылда барып өзгөрөт, ал азыр өзгөрүп атса, GPS (навигатор) деген жер үстүндө кайда турганыңызды көрсөтүүчү система эбак эле керектен чыкмак.

Замандын канчалык өзгөрөөрүн жон териси менен сезген ойчул Калыгул Бай уулу:
Тууганың кас болор,
Корооң бош болор,
Мингениң жыгач ат болор,
Ыйманың жат болор.
Тоо токол болор,
Токол байбиче болор,
Өңү сары, көзү көк,
Орус деген эл келер.
Арканга өлчөп жер бөлөр.
Калк кысылар,
Заманың бузулар.
Күндө кеңеш жыйын чыгар,
Андай заман кийин чыгар, - деп жашоо улана берээри, бирок кыргыз баласы башына түк чыкканы угуп-көрбөгөн турмуш болоорун боолгогон.

Ал эми азыркылар акыр заманды илимге, тагыраак айтканда мындан 2-4 миң жыл мурда жашап өткөн мая элинин жыл наамасына таянып айтышууда. Бирок мая жыл наамасында "2012-жылы акыр заман болот" деп айтылбаптыр. Белгилүү мая таануучу, Калифорния университетинин профессору Жефри Брэсуелл мындай дейт:

Азыркы Мексикадагы Паленк деген жердеги ташта Пакал деген 683-жылы кайтыш болгон падышанын сөздөрү чегилген. Анда 4772-жылдын 11-октябры тууралуу айтылат. Ал текстте Пакал падыша "кезектеги жылдар айлампасы бүткөндөн сегиз күндөн кийин кайра бийликке кайтып келем" деп айтыптыр. Демек ал жердеги жашоо астын-үстүн болуп кетет деп ойлогон эмес. Тескерисинче, анын азыркыдан 2700 жылдан кийинкиге пландары болгон. Башкача айтканда, бул иероглифтерден кыямат-кайым болот дегенди окуй албайбыз. Бул жыл наамадан жашоо улана берет деген жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Эмне себептен анда айрымдар окумуштууларга да, динаятчыларга да ишенбейт? Брэсуелл адам баласы канчалык билимдүү болсо дагы баары бир уламыштан баш тарта албай, эки ортодо тең салмактуулукка умтулаарын белгилейт:

- Адам руханий идеялар менен илимди жуурулуштурууга далалаттанат турбайбы. Өткөн кылымдын этегинде да теософияга кайрылышкан. Бул биздин заманга мүнөздүү көрүнүш. Британиялык бир жазуучу айткандай, биз эки дүйнөнү тең түшүнүүгө умтулабыз.

Ал эми мая эли өздөрүнүн байыркы календарларынын биринин быйыл 21-декабрда бүткөнү, жаңы жыл нааманын башталышы экендигин айтышууда. Алар өздөрүнүн маданий мурасын коммерциялык кызыкчылыкта пайдаланып жатышкандарга нааразы. 21-декабрда маялар байыркы бабалары жашаган жерлерге барып, Жер Энеге сыйынып, адамдар арасында жана жаратылыш менен гармонияда бакыбат жашасак деп тилек кылышмакчы.

Ал арада Мексикада жана башка Борбор Америкалык өлкөлөрдө, Прагада, Нью-Йоркто, Берлинде акыр заманга каршы концерттер өтүүдө. Бишкекте болсо бул күнү атайылап үйлөнүп жаткан жаштар бар.

Кыргыздын ойчулу Калыгул Бай уулу деле акыр заманды ырга салган менен, ага канчалык ишенгенин айта албайбыз. Себеби ал өз чыгармасында бир чети жаркын келечекке үмүт артып, ошол эле мезгилде:

Ал заманың кетээр,
Арты оңолоор.
Жесир катын миң кой айдаар,
Кой үстүндө торгой жумурткалаар.
Жетим жетилээр,
Жесир кетилээр,
Андан аркысын билбей калдым, балдар...
- деп, тамашага чалып, акыр заман болоорун анык билбей тургандыгын моюнга алган экен.

Акыр заман аңыздары
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00
XS
SM
MD
LG