Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Электрге тарифтин көтөрүлүшү армяндарды көчөгө чыгарды


Демонстрацияны таратуу учуру. Ереван, 23-июнь, 2015 -жыл.
Демонстрацияны таратуу учуру. Ереван, 23-июнь, 2015 -жыл.

Арменияда электр кубатына баа көтөрүлүшүнө нааразы катмардын төрт күндөн берки демонстрациясы бүгүн таңда күч менен таратылды.

Байкоочулар демонстранттардын артында саясий күчтөр турбаганына, бирок электр кубатын керектөөчүлөр нааразы болгудай реалдуу себептер бардыгына көңүл бурушууда. Арменияда электр кубатын бөлүштүрүү түйүнүнө азыр орусиялык компания ээлик кылат.

Еревандын борборун бүгүн таңда демонстранттардан тазалоого полициянын жакшы жабдылган атайын күчтөрү тартылып, элге каршы суу бүркүгүчтөрдү колдонушту.

Күч менен таратылганга чейин демонстранттар тогуз саат бою көчөдө, президенттик сарайдан көп алыс эмес жерде олтурушкан.

Алар акыркы сааттарда электр кубатына баа көтөрүлүшүн жактырган өкмөттүк мекеменин чечимин жокко чыгарууну президент Серж Саркисяндын өзүнөн талап кылууга өтүшкөн. Бийликтер болсо демонстрациялар мыйзамсыз экендигин айтып келишкен. Атүгүл дүйшөмбү күнү Ереван убактысы боюнча кечки саат 7де демонстранттардын өз эрки менен тарап кетүүсү үчүн бийликтер койгон ультиматумдун мөөнөтү да аяктаган болчу.

Полициянын расмий маалыматына караганда, таңдагы күч колдонуудан кийин демонстранттардын 227си камакка алынды, кагылышууда кеминде жети демонстрант жана полицейлердин 11и жаракат алып, ооруканага түшкөн.

“Тоноого жол жок” деп аталган нааразылык акциясын бул ирет жарандык активисттер уюштуруп, Еревандын борборуна 5000гө чейин адам жыйнай алышты.

Армян полициясы акцияга чыккандарга күч колдонду
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00

Еревандык саясий талдоочу Александр Искандарян бүгүн “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, артында конкреттүү бир саясий күч турбаганы менен азыркы нааразылык акциялар күтүлгөн нерсе болчу:

- Мындай мүнөздөгү нааразылык акциялар болору күтүлгөн. Анткени, социалдык чөйрөдө чыккан көйгөйлөрдүн баары акыркы кездери адатта саясий мүнөздөгү акцияларга алып келүүдө. Бирок, мен демонстранттардын артында конкреттүү бир саясий күч турат деп айтпас элем. Ал негизинен интернеттеги социалдык сайттарда пикир -алышкан активисттердин түйүнү аркылуу уюштурулду. Бирок бул жерде саясий кызыкчылыктар да бар. Себеби, адамдар бийликке, өкмөткө нааразы болуу принцибинин негизинде биригип жатышат. Ал эми электр кубатына тарифтин көтөрүлүшү албетте нааразылык акциясы үчүн жүйө болду.

Бийликтер күч менен таратууга барган демонстрациянын себептери бүгүн армян парламентинин кезексиз сессиясында да сөз болду.

Оппозициядагы “Армян улуттук конгресси” партиясынын фракциясы демонстранттарга тилектештик билдирип, жыйындан чыгып кетти.

Армениянын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Баграт Асатриян да “Азаттык” менен маегинде азыр демонстрациялар үчүн саясий күчтөр жоопкер болбогонуна көңүл бурду, бирок элде энергетика жаатындагы саясатка нааразы болгудай реалдуу себептер бардыгын белгиледи:

- Анткени, бизде жылдан –жылга эле электр кубатына баа өсүп жатканы менен бул чөйрөдө кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырган жок. Былтыр эле баа 10% жогорулаган болчу. Бизде электр кубатын бөлүштүрүү түйүнү орусиялык компаниянын энчисине берилген. Элдин көпчүлүгү баа ишти эффективдүү эмес уюштуруунун аркасында өсүүдө деген бекем ишенимде турушат. Бийлик болсо тариф көтөрүлүшүнө нааразыларга күч колдонуу менен армян электр түйүнүнүн иши ийгиликсиз менчик ээсин коргоп жатат. Себеби, дагы бир жолу кайталайм, адамдардын баары бул тармактагы иш абдан натыйжасыз уюштурулган деген ойдо.

Арменияда электр кубатын бөлүштүрүү түйүнүнө Орусиянын Интер РАО компаниясы ээлик кылат. Тариф 1-августан тарта дагы 16%га жогорулай турганы 17-июнда жарыяланган.

Бир канча жүздөгөн адам Еревандагы Эркиндик аянтына бүгүн, 23-июнда да чогулуп, электр энергиясын арзандатуу боюнча өздөрүнүн талаптарынан кайтпай турганын, милиция суу чачып таратканына "сынып калбагандыктарын" айтышты.

Арменияда эл кайрадан көчөгө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG