Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Арменияда эл кайрадан көчөгө чыкты


Арменияда эл кайрадан көчөгө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Ереванда электр наркынын көтөрүлүшүнө каршы пикет 23-июнда кайрадан уланды. Бир канча жүздөгөн адам Еревандагы Эркиндик аянтына кайрадан чогулду. Алар электр энергиясын арзандатуу боюнча өздөрүнүн талаптарынан кайтпай турганын, эртең менен аларды милиция суу чачып таратканына "сынып калбагандыктарын" айтышты. Шейшембинин таңында полиция пикетчилерге суу бүрккөн машинеден суу чачып, кууп тараткан. Полициянын расмий маалыматына караганда, таңдагы күч менен таратуудан кийин демонстранттардын 237си камакка алынды, кагылышууда кеминде жети демонстрант жана полицейлердин 11и жаракат алып, ооруканага түшкөн. “Тоноого жол жок” деп аталган нааразылык акциясын бул ирет жарандык активисттер уюштуруп, Еревандын борборуна 5000ге чейин адам жыйнай алышты.

XS
SM
MD
LG