Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Алеппонун эски шаар бөлүгү бошотулганы кабарланды


Алеппо.
Алеппо.

Сириянын мамлекеттик басылмалары Алеппонун эски шаар бөлүгү жоочулардан бошотулуп, өкмөт күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн маалымдашууда.

Козголоңчулар беш күндүк ок атышпоо келишимин жарыялоону суранды. Жайкын тургундарга гуманитардык жардам жеткирүү максатында ок атышпоо келишимин Батыш мамлекеттери да сунуштаган. Адистер Алепподогу жагдайды гуманитардык кризис катары сыпаттап жатышат.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары обсерваториясы билдиргендей, өкмөт Алеппонун 75 пайызын көзөмөлдөп жатат, төрт конуш козголоңчулардын колунда.

Бийликтин Алеппону бошотуу боюнча аскердик аракеттери үч аптадан бери уланууда. Бул ишке ашса президент Башар Асаддын 2011-жылдан бери эң чоң ийгилиги болот.

XS
SM
MD
LG