Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:56

Эртең парламент кезексиз сессияга чогулат


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Бул тууралуу УКМК имаратынын алдында өтүп жаткан митингде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. Ал парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен сүйлөшүү жүргөнүн, өз кезегинде спикер макул болгонун кошумчалады. Иманалиев Текебаевди коргоо штабы түзүлгөнүн айтып, Текебаев бошотулганга чейин мөөнөтсүз митинг жарыяланганын билдирди.

- Бүгүн бийликтин кылыгы оппозицияга карата репрессиянын башталышынан кабар берди. Биз Бакиевден кутулдук деп жүрсөк, анын фамилиясы эле кетиптир. Себеби анын үй жайы, байлыгы толугу менен Атамбаевдин колунда жүрөт. Текебаевди колдоону уланта беребиз, азыр штабдан дагы 200 адам келе жатат, - деди Каныбек Иманалиев.

Митингге Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да келээри айтылды. Нааразычылык акциясына Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү катышып жатат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортунда Туркиядан учак менен келгенде кармалган. Бир күн мурун Башкы прокуратура ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG