Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

ЖК: кезексиз жыйынга чогулуу маселеси чечиле элек


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Парламент кезексиз сессияга чогулар-чогулбасы эртең гана анык болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Эртең спикер Чыныбай Турсунбеков фракция лидерлери менен жолугат. Анда кезексиз жыйынга чогулуу маселеси талкууланат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы бүгүн УКМК имаратынын алдындагы митингде депутат Каныбек Иманалиевдин парламент кесексиз сессияга чогулат деген билдирүүсү чындыкка дал келбесин кошумчалап, фракциялардан бул тууралуу чечим келе электигин маалымдады.

Учурда УКМК алдында өтүп жаткан митингде “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуу болгонун, эртең Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Өмүрбек Текебаевдин камалышынын мыйзамдуулугун талкуулай турганын билдирген.

Баш мыйзамдын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңеш депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу менен Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.

Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортунда Туркиядан учак менен келгенде кармалган. Бир күн мурун Башкы прокуратура ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG