Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Таластан Бишкекке Текебаевдин 100дөй тарапкери келе жатат


"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты.
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты.

Талас облусунан "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин таламын талашуу үчүн 100дөй адам Бишкекке жөнөдү. Бул тууралуу партиянын облустагы координатору Азиз Курамаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, алар азыр "Сосновка"бекетине жетип калышты. Бишкекте УКМК алдында Текебаевди бошотуу, оппозицияны куугунтуктоону талап кылган митингге катышат.

Азыр атайын кызмат имаратынын алдында митинг уланууда.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев муну УКМК атайын уюштурган иш деп сыпаттаган. Ал акыркы айларда президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп, ага импичмент жарыялоо демилгесин да көтөрүп чыккан. (AlS)

XS
SM
MD
LG