Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Отунбаева Текебаевди колдогон митингде сөз сүйлөдү


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

УКМК имаратынын алдында өтүп жаткан митингде экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү бардык саясый күчтөрдү чогулуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

- Биргеликте кайсы жолго баратабыз, кандай жолду тандайбыз деген суроолорго жооп издешибиз керек, - деди Отунбаева.

Ал азыркы бийликке кайрылып Өмүрбек Текебаевдин аброюна жараша сый мамиле жасоого чакырып, жок эле дегенде үй камагына чыгаруу керектигин айтты:

- Текебаевге жалган жалаа жаап жаткан Маевский ким экенин көрдүк. Биздин бардыгыбыздын Текебаевди террористтей кылып кармап, кемсинтип жатканы күйбөгөн жерибизди күл кылып жатат. 2017-жылы шайлоого даярдангандын ордуна бийлик ушунда ыплас иштерди кылып жатканы өкүндүрөт.

Митинг учурунда экс-президент Роза Отунбаевага "Кыргыз Эл баатыры" наамын берүү демилгеси көтөрүлдү.

Учурда УКМК имаратынын алдына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди боштондукка чыгаруу жана оппозицияны куугунтуктоону токтотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ушундай эле талап менен нааразычылык акциясы Базар-Коргон районунда да өттү. Мындан башка Ош шаарында да ушул убакта митинг болуп жатат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортунда Туркиядан келгенде кармалган. Бир күн мурун Башкы прокуратура ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG