Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

"Атанын керээзи" Борбор Азиядагы мыкты тасма деп табылды


Казакстандын Алматы шаарында 30-сентябрда экинчи эл аралык "Шакен жылдызы" аттуу кинофестиваль аяктады. Жыйынтыгында кыргызстандык "Атанын керээзи" тасмасы Борбор Азиядагы мыкты фильм деп табылса, Казакстандын "Жаңгак дарагы" мыкты оюн тасма деген баа алды. Жеңүүчүлөргө Казакстандын улуттук кинематография академиясынын "Тулпар" сыйлыгы тапшырылды.

"Атанын керээзи" тасмасында жакшы жашоо издеп, айылдан шаарга, Кыргызстандан чет өлкөгө кетип жаткандардын көйгөйү чагылдырылган. Аны режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан. (NT)

Тасманын трейлери

Мигранттарды жашыткан тасма
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

XS
SM
MD
LG